Кант диабети барлар COVID-19га каршы кандай учурда эмделиши керек

© Sputnik / Михай Карауш / Медиабанкка өтүү"Марафон" вакцинации препаратом Sputnik V в Молдавии
Марафон вакцинации препаратом Sputnik V в Молдавии - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.07.2021
Жазылуу
Адис эмдөө тууралуу чечим дарыгер бейтапты тыкыр текшерип чыккандан кийин гана кабыл алынышы керектигин айтат. Анткени каршы көрсөтмөлөр болушу ыктымал.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Эндокринология борборунун директору Наталья Добрынина Республикалык штабдын брифинги учурунда кант диабети менен жабыркаган кыргызстандыктарга коронавируска каршы кандай шартта эмделсе туура болорун айтып берди.

"Кант диабетинин биринчи жана экинчи тиби менен ооруган бейтаптарда башкаларга караганда коронавирус инфекциясынын күчөп кетүү тобокелдиги абдан жогору. Бул гипергликемия, иммуносупрессия, деструктивдүү альвеолиттин өрчүп кетүү тобокелдиги, коагулопатия, уйку апноэсинин көбөйүшү менен байланыштуу. Андыктан кант диабети бар адамдардын коронавируска каршы эмделгени туура", — деди Добрынина.

Вакцинация от коронавируса в Испании - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.07.2021
70 пайыз! ДССУ коронавируска каршы күрөштөгү башкы максатты айтты
Анткен менен адис эмдөө тууралуу чечим дарыгер бейтапты текшерип чыккандан кийин гана кабыл алынышы керектигин айтат.

"Вакцина бул топко кирген адамдардын саламаттыгына зыян келтирбейт деп учурда эч ким 100 пайыз кепилдик бере албайт. Бирок дүйнө жүзүндөгү адистер вакцинанын кыйыр таасирлерине караганда вирустун кесепеттери орураак экенин айтууда", — деди ал.

Мындан тышкары, адис дүйнөлүк эксперттердин пикирине таянып, эмдөө жүргүзүү үчүн кант диабети менен ооругандардын артыкчылыктуу тобун атады.

Алар:

  • кан тамырларында көйгөйү бар бейтаптар;
  • жүрөк-кан тамырларында коморбид диагнозу бар бейтаптар;
  • 5-стадиядагы бөйрөк оорусу жана ага каршы терапия албаган бейтаптар;
  • диализдеги бейтаптар;
  • бөйрөгү трансплантация болгон бейтаптар.

Ал эми төмөнкү учурларда вакцина алууга болбойт:

  • вакцина компоненттерине жогорку сезимталдык;
  • оор аллергиялык реакциялар;
  • эмдөөдөн кийинки оорунун күчөп кетиши (анафилактикалык шок, аллергиялык реакциялар, тырышуу синдрому, дене табынын 40 градуска чейин көтөрүлүшү);
  • оорулардын күчөшү;
  • кош бойлуулук жана эмчек эмизүү мезгили;
  • 18 жашка чейинкилер.
Жаңылыктар түрмөгү
0