14:10 04 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7946
  • EUR95.7543
  • RUB1.1499
Коом
Кыскача шилтеме алуу
96810

Ири ишкерлер уул-кыздарын бизнеске аралаштырып, кошо ала жүргөн учурлар аз эмес. Ата-энеден калган байлыкка мураскер болгондордун арасында өзгөчө бир топ бар.

Кыргызстанда жаштайынан иштин көзүн таап өз күчү менен бизнес кураган кыз-жигиттер көп. Ошондой эле ата-энеси менен катарлаш жүрүп, азыр аты чыгып калган бизнесмендер дагы арбын.

Мындан тышкары, кандайдыр бир себептер менен 20 жаштан жаңы өтүп, ал тургай 17-18 жашында үй-бүлөлүк бизнести колго алууга мажбур болгондор бар. Бүгүн Sputnik Кыргызстан дал ушундай беш адам тууралуу сөз кылат.

Айсулуу Мамашова 17 жашында жетекчи болгон

Ата-энеси түптөгөн бизнеске өтө эрте аралашкандардын бири — Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова. Апасынан эрте ажыраган өспүрүм 17 жашында "Автоучкомбинат" ЖЧКсынын башкы директору болгон.

Депутат Жогорку Кенеша от 6 созыва Айсулуу Мамашова от фракции Кыргызстан во время беседы на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Эркин Садыков
Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова

"Үй-бүлөлүк бизнес болгондо өз күчүңө гана ишенишиң керек. Негизи 13 жашыман тарта ата-энеме жардам бере баштагам. 15 жашымда апамды жоготуп алдык. Мен үйдүн тун кызы болгондуктан, көп нерсеге жоопкерчилик алууга туура келди. Атама бардык жагынан жардам берип, окуу менен жумушту бирге алып кеттим", — деген Мамашова маектеринин биринде.

Ал 21 жашынан тарта "Дасмия" ишканасынын президенти болгон. Учурда Жогорку Кеңештин депутаты. Үй-бүлөлүү, эки баланын энеси. Парламентте социалдык, медициналык жана аялдардын тең укуктуулугу тууралуу маселелерди көп көтөрөт.

Атасынан калган бизнес үчүн күрөшкөн Эльвира Сурабалдиева

Мурдагы депутат, экс-вице-премьер Эльвира Сурабалдиева дагы саясатка бизнес чөйрөсүнөн келгенин билебиз. Ал көпчүлүк бардар адамдардын уул-кыздарындай эле жогорку билимин чет өлкөдөн тереңдеткен. 2004-2006-жылдары Социалдык фонддун тышкы байланыштар жана маалыматтар бөлүмүндө катардагы адистен бөлүм башчылыкка чейин көтөрүлгөн. 2005-жылы атасы, парламент депутаты Жыргалбек Сурабалдиев киши колдуу болгон.

Вице-премьер-министр Кыргызской Республики Эльвира Сурабалдиева провела очередное заседание Республиканского оперативного штаба.  02 декабря 2020 года
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Мурдагы депутат, экс-вице-премьер Эльвира Сурабалдиева

Сурабалдиеванын буга чейинки маектеринде атасынан калган ири бизнеси, тагыраагы, "Кудайберген" автотетиктер базарын бир эмес, бир нече киши тартып алууга аракет кылганын айтып берген. 27 жаштагы Сурабалдиевадан бизнес талашкандардын бири ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев болгон. Ал базарды 1 миллион сомго сатууну талап кылган. Бирок ой-тилеги ишке ашкан эмес. Ишкерликке кол салгысы келгендер "унаа бизнесине сендей жаш кыздын тиши өтпөйт" деп жүйө келтиришкен.

Биринчи жолу атасынын өлүмүнөн кийин дароо базарында текшерүү иштери башталып, анда иштегендерге кысым көрсөтүлгөндө Сурабалдиева президент Курманбек Бакиевге кирген.

"Ойлоп көрсөм ошол кездеги кайгы-муңум бардык коркунучту айдап кетиптир. Бакиевге атамдын кыркы боло электе басып алып текшерүүлөр болуп жатканын айткам. Ал менин көзүмчө тиешелүү органдарга чалып, мыйзамсыз текшерүү жүргүзүп жаткан адамды тапкан. Ошол замат базарда бир дагы текшерүүчү калбай чыгып кетиптир", — деген Сурабалдиева маектеринин биринде.

Ошентип бизнесин сактап калган Сурабалдиева аны 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп келгенге чейин башкарып турган.

19 жашында атасынын койлоруна ээ болгон Баатырбек Акматов

Кийинки каарманыбыздын тагдыры анчалык татаал эмес. Атасынын дагы көзү тирүү, үй-бүлөнүн мүлкүн дагы эч ким талашкан эмес. Социалисттик эмгектин баатыры, айтылуу Таштанбек Акматовдун уулу Баатырбек Акматов ата жолун жолдоп Тоң районунда жүздөгөн уяң жүндүү меринос койлорун багат.

Животновод из Тонского района Иссык-Кульской области Баатырбек Акматов с овцами породы Меринос
© Фото / предоставлено Баатырбеком Акматовым
Ишкер Баатырбек Акматов

Өзүнүн айтымында, атасы уулу 19 жашка чыкканда эле койлорун толугу менен өткөрүп берген. Өзү ак топоз багам деп Жети-Өгүздүн Сырт өрөөнүнө кеткен.

"Кичинекей кезимден бери малга аралашып жүргөндүктөн андай оорчулук деле сезген жокмун, бирок жоопкерчилик чоң. Себеби атам республикалык гана эмес, союздук деңгээлдеги таанымал адам. Анын ишин улантуу керек болду. Союз учуруна салыштырмалуу азыр кой багууда кичине кыйынчылыктар бар. Ал кезде мамлекет тоют даярдап, жүндү, этти сатып, мал сарайларды оңдоп, чабандардын көчүп-конгонуна чейин уюштуруп берчү. Кийин мунун баарын өзүбүз жасагандыктан меринос кой баккандар азайып кетти", — дейт Акматов.

Ал азыр Койчулардын дүйнөлүк ассоциациясынын мүчөсү.

Ак-Сайда топоз баккан Замира Омората

Замира Омората Бишкекте окуп, програмисттин дипломуна ээ болгон. 28 жашында атасынан өтүнүчү менен андан калган мал-жанды колго алып, көбөйтүү үчүн кайра Нарынга кеткен.

Фермер из Ат-Баши Замира Омората, которая разводит яков
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Ишкер Замира Омората

"2008-жылы Бишкекте иштеп жүргөн кезде атам айылга келип мал караш деп чакырды. Экөөбүз ортодо келишим түзүп, ал мага кадимкидей жумуш берүүчү катары айлык төлөп, мен ага иштеп берем деп сүйлөштүк. Азыркыча айтканда, мен анын менеджери болдум. Кийин атамдын көзү өтүп, мал менин колума өткөндө 120дан көбүрөөк топоз бар болчу. Ошентип атамдан калган мал-жанды таратып жибербейин деп жүрүп малчы болдум, топоздордун санын бир нече эсе көбөйттүм", — деген Омората Sputnik агенттигине берген маегинде.

Топоздон тышкары Замира Оморотанын колунда жер тилкелери, кой, жылкы сыяктуу башка мал-жандыктар дагы бар экенин айтып берген.

Учурда ал башка иштер менен дагы алек болуп, малын бир туугандары каралашып жатканы белгилүү болду.

22 жашында базарды башкарган Чыңгыз Алканов

Ийгиликке жетүү жагынан жогорудагы адамдардан калышпаган дагы бир каарманыбыз — Чыңгыз Алканов. Атасы Райкан Алканов түптөгөн "Алкан" базарын 22 жашында толугу менен колго алган. Буга атасынын жашы өтүп, үй-бүлөлүк бизнеске жаңы жетекчи керектиги себеп болгон.

Бизнесмен, спортсмен, почетный консул и блогер Чынгыз Алканов в офисе Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Ишкер Чыңгыз Алканов

"Мен Москвада туулуп-өскөндүктөн Кыргызстанга иштөө үчүн келем деп ойлогон эмесмин. Атам 70ке чыгып, үй-бүлөлүк бизнести колго ал деген кезде мен университетти бүтүп, эл аралык компанияда аткаруучу директор болуп иштеп жаткам. Бирок атамдын өтүнүчүн четке кага алган жокмун. Анткени буга чейин атамдын акчасына жашап келгендиктен өзүмдү милдеттүү сездим. Анын үстүнө атам карып калгандыктан чындап жардам керек эле", — деген ал маегинде.

Учурда ал базардан тышкары бизнес борбору, соода борбору, бажы терминалы сыяктуу башка объектилерди түптөөгө жетишкен. Триатлондон эл аралык мелдештерде жеңүүчү болуп, өлкөдө бул спорттун түрү боюнча федерация негиздеген.

Мындан тышкары, Кыргызстандагы Португалиянын ардактуу консулу. Акыркы кезде ишкерликтин ар кайсы түрү тууралуу берүүлөрдү тартып, блогерлик өнөрдү дагы өздөштүрдү.

Тема боюнча

80деги атам колумду сындырганда эсиме келгем. Ишкер Чыңгыз Алканов менен маек
Жашагың келсе кайдан-жайдан болсо да күч табылат экен. Эркин Асрандиев менен маек
Белгилер:
Кыргызстан, ишкер, бизнес, Чыңгыз Алканов, Замира Омората, Эльвира Сурабалдиева, Айсулуу Мамашова, Баатырбек Акматов

ЭҢ МААНИЛҮҮ