12:56 22 Тогуздун айы 2018
Түз эфир
  • USD69.3251
  • EUR79.3703
  • RUB1.0533
Топоздор. Архив

Топоз баккан атбашылык миллионер кыз: 28 жашымда атамдын мал-жаны мага өткөн

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Бегимай Бакашева
12933182

Атбашылык Замира Оморатанын 400 топозго ээлик кылып, жылына бир миллиондук кирешеси бар ферманы башкарарын укканда эле аны менен маектешким келди

Анткени Sputnik агенттиги быйылкы "Аймактарды өнүктүрүү жылында" айыл-кыштактарда ак эмгеги менен ишкерлик кылып, бутуна турган мекендештерди үлгү катары көрсөтүүнү максат кылган.

Каарманыбыз 2011-жылы 28 жашында атасынан калган мал-жанды колго алып, көбөйтүп, тууган-туушкандарын иш менен камсыз кылганын айтып берди.

Эң кызыгы, Замира кесиби боюнча программист. Бирок азыр компьютердикине караганда, топоздун тилин жакшыраак түшүнөрүн белгиледи.

Бишкекте мал багуу жана фермерчилик боюнча өткөрүлгөн окуу, семинарлардан калбайт. Дал ошондой иш-чаралардын биринен кийин редакцияга баш бакты.

Фермер из Ат-Баши Замира Омората, которая разводит яков
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Бишкекте иштеп жүргөн программист кыз атасынын чакыруусу менен Ат-Башыга мал бакканы кеткен

— Замира, программист кыз кантип Аксай жайлоосунда топоз багып калды?

— 2008-жылы Бишкекте иштеп жүргөн кезде атам айылга келип мал караш деп чакырды. Экөөбүз ортодо келишим түзүп, ал мага кадимкидей жумуш берүүчү катары айлык төлөп, мен ага иштеп берем деп сүйлөштүк. Азыркыча айтканда, мен анын менеджери болдум. Негизи атамдын жылкы, уй, кой, жер тилкелери деле бар болчу. Бирок негизги басымды топоз көбөйтүүгө жасаганбыз. Атам колхоз тарап жатканда айлыктын эсебинен 20-25 баш топоз алып калыптыр. Кийин көзү өтүп, мал менин колума өткөндө 120дан көбүрөөк топоз бар болчу. Ошентип атамдан калган мал-жанды таратып ийбейин деп жүрүп малчы, фермер болуп калдым.

— Айрым эркек балдардын колунан келе бербеген ишти кылып жүргөн экенсиз да?

— Мен негизи мал багуу үчүн жаралганымды түшүнгөнүмө бир жумадай эле убакыт болду (жылмайып). Айылда жүрүп деле эмне деген иштерди кылбадым. Айланып эле малга барам. Атам ошону илгери эле түшүнгөн окшойт.

— Алгач топоз багуу машакаты жөнүндө айтып берсеңиз. Бир топозго жылына канча чыгым кетет?

— Топозду баш эмес, отор деп эсептейт. Бир отарда 50дөн 100гө чейин топоз болот. Ага малчы жалдайбыз. Бир малчыга айына 10 миң сомдон айлык төлөйбүз. Кадимкидей дары-дармек сайдырабыз. Кышкысын тоют даярдайбыз, сарайларда карайбыз. Биздин сарай Аксай жайлоосунда болгондуктан, топоздор Кытай чек арасына өтүп кетпесин деп койдой эле артынан калбай кайтарууга туура келет. Чек арадан өтүп кеткен кээ бири табылбай эле калат.

Фермер из Ат-Баши Замира Омората, которая разводит яков
© Фото / из личного архива Замиры Омората
Замира Омората: мал издеп тоо-ташта жүргөндө социалдык тармактарды чукулайм

— Жайытта жүргөн малды карышкырдан коргоо дагы татаал болсо керек?

— Буларга карышкыр баласы эле кол салса жакшы го. Топоздун мамалагын бүркүттөр да илип кетет. Негизи мамалагын башка жырткыч же адам алып кетсе, топоз ошол жерге 3-4 күн бара берет. Ал эми бүркүт илип кеткенде асманды карап бир аз убакыт коркулдап турат да ошону менен үмүтүн үзүп коет.

— Топоздун кулк-мүнөзүн жакшы өздөштүрүп алган окшойсуз?

— Ооба, 10 жылдан бери жакшы эле билип калдым. Топоз негизи момун жаныбар. Эч кимге зыяны жок. Бирок орой мамиле көрсө, аябай таарынат. Ошол адамга кек сактап, бир нече жылдан кийин болсо дагы өч алат. Бир жолу мындай окуя болгон, жазга маал кар эрип-тоңуп, үстүнө кайра кыламык кар жаап коет эмеспи. Ошол маалда топоздор тумшугу менен музду талкалап анан чөп жешет. Бир күн кечке ошентип оттоп, мурдун оорутуп, канталатып алган топоздорду эртеси күнү малчы от жок жерге алып барып, ары-бери көп айдап коюптур. Ага ызаланган топоздор малчыны аты менен кошо жарга такап, сүзгүлөп өлтүрүп коюшкан.

— Абайлаш керек экен да анда. Негизи эң чоң топоздордун салмагы канча килограмм болот?

— Менде андай топоздор жок, бирок Ат-Башыдан атайын издеп жүрүп 700 жана 900 килограммдык букаларды көргөм. Негизи бир жаштан ашкан тайлары 100 килограммга чейин эт берет. Инектер (ургаачысы) 130-300, букалары 300 килограммдан жогору болот.

— Этти канчадан өткөрөсүңөр?

— Килограммдап эт саптайм. Көбүнчө топозду согумга союп, бир нече адам бөлүп алат. Мен малды бир адамга берип, ошонун колунан 45-50 миң сомдун тегерегинде акча алам. Канчага бөлүп, канчадан аларын өздөрү чечип алышат.

Фермер из Ат-Баши Замира Омората, которая разводит яков
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Жети жылдын ичинде 120 топозду 400гө жеткирген фермер кыз

— Негизги кардарларыңыз ким ошондо?

— Ушул жерден бир аз кененирээк айтып берейин. Атам бир жолу 80 топоз сат деп калды. Күз айлары болчу. Базарга алып келейин десем, дүңүнөн арзан кетип калчудай. Ары-ойлонуп, бери ойлонуп, бир амал таптым. Атамдан 81 топоз бериңиз десем, бирөөнү эмне кыласың деп таң калат. Аны өзүм билем, бере бериңиз дедим да бир топозду союп, этин Бишкекке алып келдим. Бул жактагы дос, достун досу, кошунасы, таанышы кылып, айтор, көп кишини согум жегиле деп чакырдым. Эт жеп бүткөндөн кийин баары эле "Замира бизге да топоз сатпайсыңбы" деп калышты. Мен "5-6 топозум бар, жетишкениңер алып калгыла" деп койдум. Ошентип 80 эмес, 100 топоз саткам. Азыр деле ошондой, көбүнчө Бишкектеги тааныштар алат.

— Сүтү сатылабы?

— Топоз этке колдоно турган мал, сүттү абдан аз берет. Мисалы, эң сүттүү топоз күнүнө бир литр сүт бериши мүмкүн. Аны сааган дагы оңой эмес. Ошондуктан аны саап убакыт кетирбейбиз.

— Фермерлик чарбаңыздан кандай киреше көрөсүз?

— "Чойбек" деп аталган дыйкан чарбабыз бар. 16 гектар жерге буудай, арпа, картошка эгебиз. Андан түшкөн бир жылдык киреше миллион сомдон ашат. Мындан тышкары, 50-60 баш кой, онго чукул жылкыбыз бар.

— Эми өзүңүз тууралуу сүйлөшөлүчү. Мал менен жүрүп, үй оокаттарына убактыңыз жок болсо керек?

— Элдин баары ушинтип ойлойт. Бирок мен кадимкидей тамак жасайм, шырдак шырыйм, айтор, кыздардын бардык жумуштарын кылам. Болгондо дагы майын чыгарам.

— Турмушка чыга элек экенсиз, сиздей болгон себи дапдаяр кызга сөз айткан жигиттер көп болсо керек?

— Жетишээрлик (жылмайып). Бирок өзүмдөн күчтүүсүн кезиктире элекмин.

Фермер из Ат-Баши Замира Омората, которая разводит яков
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Замира Омората: эмне гана жумуш кылбадым, бирок айланып эле малга барам

— Бир туугандарыңыздын арасында малга кызыккандар барбы?

— Башына түшсө алар деле бакса керек эле, бирок азыр жети бир тууганым тең Бишкекте жашап, өз кесиби менен иштеп жүрүшөт.

Баса, менин эгизим бар, экөөбүз асман менен жердейбиз. Ал модалуу кийинип койкоңдоп жүргөн кыз. Мен тескерисинче, ыңгайлуу, жупуну кийимге ыктап турам. Унаа, телефон жагынан дагы жөнөкөйлүктү жактырам. Мисалы, элдин баары эчактан бери көтөрүп жүргөн сенсордук телефонго жеткениме эки эле жыл болду, аны дагы сиңдим берген.

— Сиз жөнүндө уккандан кийин социалдык тармактардан издеп Facebook баракчаңызды таап алдым. Виртуалдык жашоого канча убакыт коротосуз?

— Тааныш, достордун баары эле Facebook тармагынан чыкпайсың дей беришет. Мен мал издеп тоо-таштын арасында көп жүрөм. Атка минип же чанага түшүп узак жол басасың. Ошондрй убакта эмне кылмак элек. Телефонду чукулайм, достор менен чаттан сүйлөшөм.

Ал эми уй багуунун пайдасы жана ага кеткен чыгымдар тууралуу бир аз мурда жазганбыз. Анда кайсы региондо уй кармоо канча киреше алып келерин жер-жерлердеги мал-жандуу кыргызстандыктар айтып берген.

Тема боюнча

Кыргызстандын кайсы аймагында уй багуу пайдалуу? Адистердин кеңеши
Быйыл дыйкандар эмнелерди отургузса утулбайт? Айыл чарба министрлигинин сунушу
Белгилер:
топоз, фермер, Замира Омората, Ат-Башы
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ