09:20 02 Баш оона 2021
Түз эфир
  • USD84.7585
  • EUR100.8923
  • RUB1.1589
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2871)
1054 0 0

Буга чейин шаар мэриясы Бишкектеги түнкү клуб, кафе, ресторан, караоке, бар сыяктуу көңүл ачуучу жайларын саат 23.00гө чейин гана иштетүү чечимин кабыл алган.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Бишкекке коменданттык саат жарыялоо маселеси көтөрүлгөн жок. Бул тууралуу маалымат жыйын учурунда борбор калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева билдирди.

Азырынча шаарда бир катар чектөөлөр киргизилди. Мисалы, 17-июндан тарта Бишкектеги түнкү клуб, кафе, ресторан, караоке, бар сыяктуу көңүл ачуучу жайлар саат 23.00гө чейин гана иштеши керек. Мэриянын маалыматына караганда, буга шаарда коронавирус инфекциясына карата абалдын оор болуп турганы себеп болууда.

Мозгачева буга чейин түшүндүргөндөй, шаар жетекчилиги мындай чечим кабыл аларда көпчүлүк адамдар көңүл ачуу жайларына түндө барарын эске алган.

Белгилей кетсек, Бишкекте коронавирус инфекциясынын жайылганына байланыштуу коменданттык саат 2020-жылдын жаз мезгилинде киргизилген.

Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2871)

Тема боюнча

Штаб: Бишкек, Ош шаарлары менен Чүй жана Ош облустарына каттабай тургула
Окумуштуулар COVID Кытайдан биринчи АКШда пайда болгонун божомолдошууда
Белгилер:
Бишкек мэриясы, коменданттык саат, Виктория Мозгачева

ЭҢ МААНИЛҮҮ