Катардан дарыгерлер келип, кулагы начар уккан 29 балага операция жасайт

© Фото / PixabayОперация жасап жаткан дарыгерлер. Архив
Операция жасап жаткан дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2021
Жазылуу
Катардык медиктер кыргызстандык кесиптештери менен бирге операция жасайт. Кеткен чыгымды толугу менен Катар мамлекети көтөрөт.
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. 23-июнь күнү Бишкекке Катар мамлекетинен жогорку квалификациялуу дарыгерлер келип, угуусу начар 29 балага акысыз операция жасап, өздөрү ала келген атайын импланттарды коюп беришет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка караганда, бүгүн, 14-майда, ведомство жетекчиси Алымкадыр Бейшеналиев Катардын Кыргызстандагы элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайти менен жолугушту.
"Катардык медиктер кыргызстандык кесиптештери менен бирге операция жасайт. Элчинин айтымында, кеткен чыгымды толугу менен Катар мамлекети көтөрөт. Чет элдик дарыгерлер өздөрү менен чогуу угууну жакшырта турган 150 кохлеардык импланттарды ала келишет. Жыл аягына чейин 50 операция жасалып, калган аппараттар 2022-2023-жылдары пайдаланылат", — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.
Зарыл болгон учурда Катар тарап дагы 50 имплант берүү маселесин карайт. Министр Бейшеналиев бул жардамы үчүн Катар өкмөтүнө ыраазычылык билдирди. 
Жаңылыктар түрмөгү
0