https://sputnik.kg/20210602/bishkek-bshk-zhol-kireni-kotoruu-1052698244.html
Бишкек мэриясы бүгүн шаардык кеңешке жол кирени көтөрүү маселесин киргизет
Бишкек мэриясы бүгүн шаардык кеңешке жол кирени көтөрүү маселесин киргизет
Sputnik Кыргызстан
Муниципалитет тарифти көтөрүү маселесин шаардык кеңештин азыркы чакырылышындагы депутаттары менен чечип алууга аракет кылып жатканы маалым болду. 02.06.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-06-02T13:53+0600
2021-06-02T13:53+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
бишкек
бишкек мэриясы
вице-мэр
шаардык кеңеш
жол кире
бишкекте маршрутка айдоочуларынын иш ташташы
https://sputnik.kg/img/104366/57/1043665762_0:111:3068:1845_1920x0_80_0_0_e17e6ead8b2d6af13249e94fca9b5b37.jpg
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Бишкек мэриясы бүгүн шаардык кеңешке жол кирени көтөрүү маселесин киргизет. Бул тууралуу Бишкектин транспорттук блок боюнча вице-мэри Руслан Акылбеков маалымат жыйын учурунда билдирди.Вице-мэрдин айтымында, муниципалитет азыркы тапта ташып жеткирүүчү фирмалар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, тарифти жогорулатуу маселесин кароо үчүн шаардык кеңештин депутаттарын кезексиз жыйынга чогултууга аракет кылып жатат.Белгилей кетсек, Бишкек шаардык кеңешине шайлоо 11-июлга белгиленген. Буга чейинки шайлоо 11-апрелде өтүп, бир нече мыйзам бузуулар катталгандыктан анын жыйынтыгы жокко чыгарылган.
https://sputnik.kg/20210602/bishkekke-zhakynda-avtobus-alyp-kelinet-1052697685.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104366/57/1043665762_0:14:3068:1942_1920x0_80_0_0_2cc6e953e51bb0641bbfac27322289bd.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, бишкек, бишкек мэриясы, вице-мэр, шаардык кеңеш, жол кире, бишкекте маршрутка айдоочуларынын иш ташташы
жаңылыктар, коом, кыргызстан, бишкек, бишкек мэриясы, вице-мэр, шаардык кеңеш, жол кире, бишкекте маршрутка айдоочуларынын иш ташташы
Бишкек мэриясы бүгүн шаардык кеңешке жол кирени көтөрүү маселесин киргизет
13:53 02.06.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Муниципалитет тарифти көтөрүү маселесин шаардык кеңештин азыркы чакырылышындагы депутаттары менен чечип алууга аракет кылып жатканы маалым болду.
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Бишкек мэриясы бүгүн шаардык кеңешке жол кирени көтөрүү маселесин киргизет. Бул тууралуу Бишкектин транспорттук блок боюнча вице-мэри Руслан Акылбеков маалымат жыйын учурунда билдирди.
Вице-мэрдин айтымында, муниципалитет азыркы тапта ташып жеткирүүчү фирмалар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, тарифти жогорулатуу маселесин кароо үчүн шаардык кеңештин депутаттарын кезексиз жыйынга чогултууга аракет кылып жатат.
"Шаардык кеңешке шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгып калат деп эч ким ойлогон эмес. Учурда шаардык кеңештин депутаттарынын азыркы курамын чогултууга аракет кылып жатабыз. Бирок кепилдик бере албайбыз, анткени биз жөн гана аткаруучу органбыз. Эгер азыркы түзүмдү чогулта албасак, анда шайлоо бүтөрү менен жаңы шайланган депутаттар биринчи кезекте дал ушул маселени карайт", — деди мэриянын өкүлү.
Белгилей кетсек, Бишкек шаардык кеңешине шайлоо 11-июлга белгиленген. Буга чейинки шайлоо 11-апрелде өтүп, бир нече мыйзам бузуулар катталгандыктан анын жыйынтыгы жокко чыгарылган.