Атам кыздарды жерий берип эркектер менен сүйлөшө албай калдым. Кыздын каты

© Фото / Pixabay/ n-kukovaАял башын кармап турат. Иллюстративдик сүрөт
Аял башын кармап турат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.03.2021
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына үйдө жалаң кыздар болгондуктан апасы менен атасынын жемесин угуп чоңойгон кыздын каты келип түшкөн.
Саламатсыздарбы, мага жардамыңыздар керек. Психологдон кеңеш алып берсеңиздер. Негизи адам баласы бетке чабар, ачык болушу керек окшойт. Мен жашоодо абдан тартынчаак, жоошмун. Ошондуктан көп кыйынчылыктарды тарта берем. Бир үйдө удаа-удаа төрт кыз чоңойдук. Атам "уулум жок" деп бизди жерип жүрдү. Ага чекебиз жылып эркелей деле алган жокпуз. Атамдын жанында өзүбүздү дайыма күнөөлүү сезчү элек. Кичинебизде "аталап" жанына барсак кагып салчу. Ошол себептен бой жеткенде деле жанына батынып бара алган жокмун. Үйдө уруш болсо апамды "кыз тууйсуң" деп сөгүп-сагып жатып калчу. Андайда биз мойнубузду шылкыйтып туруп бергенибизди эстеп зээним кейийт. Ошентип жүрүп апам да оорукчан болуп калды. Акыры атам бизди таштап, башкага үйлөнүп алган. Ал кезде мен мектепте чоң класста окуп, сиңдилерим деле эс тартып калган. Атам энеме каралашканга да жараган жок. Ошентип түйшүк менен чоңойгонбуз. Эстеп көрсөм, атам мени бир да жолу мээрим менен карап, чекемден сылабаптыр. Азыр жашым 27ге келди. Кафеде, тигүү цехтеринде иштеп апама, сиңдилериме жардам берем. Жогорку окуу жайында окуган жокмун. Түйшүкчүл болдум. Ушуга чейин эркек аттуу менен кадимки кыз-жигиттей сүйлөшө албайм. Жадагалса эркек адам жумуш тууралуу кайрылса деле башымды салып сүйлөшөт экенмин. Башкалардай шатыра-шатман тамашалашып, ачык, тарсылдап мамиле жасай албайм. Күнөөлүү кишидей үрпөйүп жүрөм. Ушул мүнөзүмдөн өзүм дагы тажап, кыйналып кеттим.

Психолог Гүлнара Жасоолова:

— Ата-эненин ортосундагы бири-бирине жасаган зомбулуктун кесепети балдарына сөз жок тиет. Бул жерде да кат жазган кыз ошондой мамиленин курмандыгы болгон. Ата-энесинен кордук, зомбулук көрүп чоңойгон кыз эркектерге ишенбей коркок болуп калат. Башка бирөөнүн жеке үстөмдүгүндө жашап чоңойгон адам — абдан жоош, бирөөгө баш көтөрүп оюн айта албаган жалтак мүнөз болуп калат.
Ситуация в Мельбурне из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2021
Капканда калгандаймын. Күйөөдөн бак айтпаган, турмуштан чарчаган келиндин каты
Атаңыздын башкага үйлөнүп алганы сизге психологиялык жаракат алып келген. Ошондон улам эркектин баарын атаңыздай ойлойсуз. Бирок бул жаңылыштык. Анткени эркектер ар кандай болот. Алар бири-бирине окшош эмес. Себеби ар кандай үй-бүлөдө тарбияланат. Ошондуктан бойго жеткен кыз болгондон кийин жигиттер менен сүйлөшкөнгө аракет кылып көрүңүз. Эркектин бардыгы эле зомбулук көрсөтөт, үстөмдүк кылат деп ойлобоңуз. Балким психологго кайрылып көрөрсүз.
Атаңыз апаңызга "кыз тууйсуң" дей берип силердин жеке адамдык интеллектиңерди да түшүрүп салган окшойт.  Өзүңүзгө ишенимдүү болуп, жакшы сапаттарыңызды баалай жүрүңүз. Эч качан коркпоңуз.
Жаңылыктар түрмөгү
0