№1 абактагылар жаңы жетекчиге нааразы болуп оозун тиккенби? ЖАМКнын жообу

© Sputnik / Андрей Луковский / Медиабанкка өтүүАбактагылар. Архив
Абактагылар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2021
Жазылуу
Эртең менен ЖМКлар №1 тергөө абагында отурган үч киши Марс Жусупбековдун түрмөнүн башчылыгына кайра келишине нааразы болуп ооздорун тигип алганын жазышты.
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Бишкектеги №1 тергөө абагында отургандар жаңы жетекчинин келишине нааразы болуп ооздорун тигип алышты деген маалымат чындыкка туура келбейт. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан айтышты. 
Белгилей кетсек, эртең менен ЖМКлар №1 тергөө абагында отурган үч киши Марс Жусупбековдун түрмөнүн башчылыгына кайра келишине нааразы болуп ооздорун тигип алганын жазышкан.
Бирок ЖАМК соттук чечимге макул болбогон бир гана киши ачкачылык жарыялаганын билдирди.
"Үч киши оозун тикпей эле, бир киши ачкачылык жарыялаган. Соттолуучу Б.И.В Чүй облусунун Ысык-Ата райондук соту тарабынан Жазык кодексинин 273 жана 268-беренелери ("Баңгизат каражаттарын камтыган өсүмдүктөрдү себүү жана өстүрүү", "Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо") боюнча 300 миң сом айып пул төлөө менен беш жылга эркинен ажыратылган. 11-мартта соттун чечимине макул эместигин айтып, ачкачылык жарыялаган жана Чүй облустук сотуна апелляциялык арыз жазган", — деп билдиришти ЖАМКдан.
ЖАМК кызматкери иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2021
ЖАМК ИИМдин курамына кирбей турганы айтылды
Факт боюнча тергөө абагынын кызматкерлери тарабынан тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.
Эске сала кетсек, Марс Жусупбеков Бишкектин №1 тергөө абагынын жетекчиси кызматында 4-марттан тартып кайра иштей баштаган. Ал 2013-жылы абакты жетектеп турганда мыйзамсыз иштерге жол берген деп кармалып, Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянат пайдалануу"), 305-беренеси ("Кызмат абалынан аша чабуу") менен айыпталган.
Бишкектин Октябрь райондук соту аны 2014-жылы төрт жылга жатак абакка кескен. Анын жактоочулары 2019-жылы июлда ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра кароону өтүнүп, Жогорку сотко кайрылган. Материалдар кайра кароого жиберилген.  Октябрь райондук соту кылмыштын курамы жок деген негизде Жусупбековду актап, ал кызматына кайтып келген.
Жаңылыктар түрмөгү
0