18:29 26 Бирдин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7500
  • EUR102.9628
  • RUB1.1385
Коом
Кыскача шилтеме алуу
554 0 0

Ипотека алып жаткан жаран алгачкы төлөм катары жок дегенде үйдүн баасынын 10 пайызын төгүп бериши керек.

Турак жай алуу — кыргызстандыктардын жашоодогу негизги максаттарынын бири. Дароо эле үй сатып алуу көпчүлүк үчүн мүмкүн болбогондуктан, ипотека алууга туура келет. Бирок алгачкы төлөмдү табуу да бир тобуна оңой-олтоң иш эмес. Sputnik Кыргызстан дал ушул төлөмдү табуу жолдорун издеп көрдү.

Контракттык турак жай аманаттары

Бул долбоорду Мамлекеттик ипотекалык компаниянын "Ак-Босого" туунду мекемеси ишке ашырат.

Талаптары төмөнкүдөй:

  • Жаранга алгачкы төлөмдү чогултуу үчүн үч жылдан тарта 10 жылга чейин убакыт берилет (үй баасынын 50 пайызы);
  • Кредит мөөнөтү — 20 жылга чейин, жылдарды эсептөө сатып алчу үйдүн жарым баасы чогулган учурдан тарта эсептелет. Кутулуу мөөнөтү акча чогулткан жылдардан эки эсе көп болушу мүмкүн. Башкача айтканда, алгачкы төлөмдү беш жыл чогултсаңыз, ипотеканын өзүн 10 жылда кутулуп бүтсөңүз болот;
  • Жеткиликтүү, тагыраак айтканда, ипотеканын бул түрүн башка турак жайы бар адам деле ала алат (мамлекеттик ипотекада бул нерсеге тыюу салынган).

Компания жакында эле иштей баштагандыктан кредит берүү үч жылдан кийин башталат. Азырынча жарандардан жылдык чени үч пайыз менен депозиттер алынып жатат. Аманаттар Депозиттерди коргоо боюнча агенттик тарабынан корголот. Ал эми ипотеканы 6-9 пайыз менен берүү пландалууда.

Башка күрөө

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын алгачкы төлөм катары алына турган үйдүн баасынан 10 пайыздан кем эмес төлөнүшү керек деген талабы бар.

Бирок бул компаниянын бир катар долбоорлорунда "алгачкы төлөм жок болсо, кошумча күрөө койсо болот" деп айтылган. Мекеменин маалымат кызматынан түшүндүрүшкөндөй, бул алгачкы төлөмгө баасы барабар болгон кыймылсыз мүлк болушу мүмкүн.

Банктардагы атайын депозиттер

Жогоркудай эле таризде иштейт. Бирок бул жерде мамлекеттик долбоорлор жок, банктар гана иш алып барат. Мисалы, айрым банктарда атайын ипотекалык депозиттер бар.

Алгачкы төлөм катары жылдык чени 3-4 пайыз менен 2-3 жыл бою акча чогултасыз. Андан соң сизге төмөндөтүлгөн ставка менен (12-14 пайыз) ипотека берилет. Эсиңизде болсун, ставка кадимки коммерциялык ипотекага карата төмөндөтүлөт.

Пенсиялык топтомдор

Социалдык фонд пенсиянын топтомо бөлүгүн ипотекага алгачкы төлөм катары бере алат. Бул үчүн өзүнүн турак жайы жок адамдын пенсиясынын топтомо бөлүгү 50 миң сомдон төмөн болбошу зарыл. Айта кетчү нерсе, бул эреже мамлекеттик ипотека үчүн гана иштейт.

Каражатты алуу үчүн төмөнкү документтер керек:

  • ипотекалык кредит боюнча алгачкы төлөмдү каржылоочу компаниянын арызы;
  • жарандын ким экенин тастыктаган документтери.

Белгилей кетсек, каражатты жаран колуна албайт. Ипотека берилери тууралуу документтер даяр болгондон кийин каражат банк көрсөткөн эсепке которулат. Топтолгон акчанын суммасын билүү үчүн Социалдык фондго кайрылуу керек.

Тема боюнча

Депозитти кайсы валютада ачса кирешелүү болот? КР банктарынын маалыматы
Ипотеканы мөөнөтүнөн эрте кайтаруу: артыкчылыгы, кыйынчылыгы жана кеңештер
Белгилер:
төлөм, Кыргызстан, ипотекалык насыя

ЭҢ МААНИЛҮҮ