Улуу таланттын жубайы Нурзат Абдырашитованын айтымында, акын күндөлүк жазчу. Туулган күнүнө карата Sputnik Кыргызстан агенттиги таланттын келинчеги менен акылдашып, анын күндөлүктө калтырган айрым ойлорун алып чыкты.
Күндөлүктө жазылган акындын жеке өзүнө таандык нерселер алынган жок. Тек гана залкардын терең ойлору, улууларды эскерген күндөрү тууралуу жазылган үзүндүлөр берилди.
Бир нерсени унутпашыбыз керек. Биз бактылуу болууга дайыма татыктуубуз! Биздин Кыргызстанда бактылуу адамдар жашашы керек. Биз ошол бактылуу коомдун мүчөсү экенибизди эстегим келди.
08.26.2018

***
Көп окуялар болуп өттү. Өз турмушумда да, коомдо да... Айтматов атабыздан айрылдык. Жоктодум...
...Ошол күнү чарчап келип уктадым. Түн бою ыйлап буркурап, манас айтып чыктым. Баягыдай уйку-соонун ортосунда.
Эч нерсе жаза албай жатам. Айрыкча күндөлүк жаза албай жатам. Эмнеге экенин билбейм.
Убакыт: 20:39. 17.06.08

***
Бүгүн 24-январь, саат 15:17
Эрулан жаңы комуз алды. Бата бердим. Азыр чертип отурат алынча. Кызыкчылыгы күндө артып бараткандай. Буга чейин менин комуздарымды кыңкылдатчу ))).
Мындан ары өзүнүн жеке комузу бар. Ата-бабанын, арбактардын улуу касиетин ушул комузу аркылуу сиңирсе экен уулума! Менден 3 (үч) жылга кеч комуздуу болду.

***
Мен мындан ары өз чечимдеримден баары бир кайтпайм. Тагдыр баарынан күчтүү. Кудай айткандай болот. Бирок аракет кылам. Мен канчалык дени сак болсом, биздин үй-бүлөнүн турмушу ошончо жакшы болот. Башкача айтканда, уйуңду арыктатпай, жүдөтпөй баксаң, ал ошончолук жакшы сүт берет дегендей...
Чыгармачылык менин экинчи негизги өмүрүм, ал урпактарыма чейин пайдасын эле тийгизет. Жана да бул жашоодогу менин миссиям.
Бир келген өмүрдү майнаптуу, таттуу, көңүлдүү жашагым келет. Себеби жакшыбы, жаманбы, ушул деңгээлге келишим үчүн да далай көп мээнет жумшагам. Жашым кырктан ашты.
Келечегим жакшы болушуна терең ишенгим келет. Бир эскертчү нерсе — мен үчүн үй-бүлө эң маанилүү институт.
17.01.2019

***
Эртең менен "Айтыш" мектебинин 10 күндүгүнө бардым. Ашыке, Туке устаттарыбыз баш болгон акындарга туугандарынын саламын айттым.
Мамбетасан Токталынын аманатын Тууганбай байкесине айттым. Жусуп Мамайдын "Манас" китеби Садык Шер-Нияздын колуна кут болуп тийди.
"Садык Шер-Нияз уулуна арналды. Элиңден келгендерден уктум. Эл арасына эмгек сиңирип атыпсың, эсен бол. Эл үчүн эмгек кылган киши жалтайбас керек!"
2005-жыл, 10-ай, 26-күн, Жусуп Мамай
(Бул үзүндү Элмирбек Иманалиевдин кытайлык кыргыздарга барып келгенден кийин жазганы)
Эске салсак, улуу акын Элмирбек Иманалиев оорудан улам 2020-жылдын 20-апрелинде көз жумган.