09:38 23 Үчтүн айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7671
  • EUR103.2421
  • RUB1.1399
Коом
Кыскача шилтеме алуу
153 0 0

Өткөн жылдын 15-декабрынан баштап негизги жарандык документке "улуту" деген графа кайрадан киргизилген.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Бир айдын ичинде Кыргызстанда 20 миңге жакын жаран ID-паспорт алып, алардын жарымы улутун көрсөтүштү. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын чечимине жана өкмөттүн токтомуна ылайык, 15-декабрдан баштап негизги жарандык документке "улуту" деген графа кайрадан киргизилген.

Маалыматка ылайык, бир айдын аралыгында өлкөдө 19 451 улуттук паспорт даярдалган. Анын ичинен 10 153ү улутун көрсөттүрсө, калганы коштурууну каалаган эмес.

"Улуту" деген графа жарандын өз каалоосу менен ID-паспортто көрсөтүлөт. Аны кошуудан баш тартып, 2017-жылдагы үлгүдөгү документти да алса болот.

Тема боюнча

Аты-жөнүн шашылыш өзгөрткүсү келгендер үчүн төлөнчү акы аныкталды
Белгилер:
Кыргызстан, улут, паспорт

ЭҢ МААНИЛҮҮ