"Коопсуз шаар" II долбоорун үзгүлтүккө учураткан кытайлык компания айып төлөдү

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезентация цифровизированного командного центра в Бишкеке
Презентация цифровизированного командного центра в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тендерди жеңип алган кытайлык компания келишимде көрсөтүлгөн милдеттерди так аткарбай, долбоордун экинчи этабын ишке ашырууну үзгүлтүккɵ учураткан.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу боюнча тендерди жеңип алган Кытайлык Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd компаниясы долбоорду үзгүлтүккө учуратканы үчүн 59 миллион сомдон ашуун айып пул төлөдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, башкы көзөмөл органы Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинде (МТБМК) өткөрүлгөн тендер боюнча текшерүү жүргүзүп, кытайлык компания мыйзамсыз түрдө сынактын жеңүүчүсү болгонун аныктаган.

"Тендер ɵткɵрүүнүн тартиби бузулган жана мыйзамга ылайык келбеген аракеттердин жыйынтыгында мамлекетке 2 миллиард 249 миллион 469 миң 796 сом суммасында зыян келтирген Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd компаниясы жеңүүчү деп табылган. Ушул күнгɵ чейин келишимде көрсөтүлгөн милдеттер так аткарылбагандыгы үчүн компанияга карата МТБМК тарабынан ɵз убагында тийиштүү чаралар кɵрүлгɵн эмес. Натыйжада өлкөнүн аймагындагы 306 жерге көзөмөл камералары орнотула турган долбоордун экинчи этабын ишке ашыруу үзгүлтүккɵ учураган", – деп жазылат маалыматта.

Келишимдин шарты боюнча, долбоорду аткаруучулар өзүнө алган милдеттемелерди мөөнөтүнөн кечиктирген учурда ар бир күнгө айып-пул жазыла тургандыгы белгиленген.

Коопсуз шаардын камералары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коопсуз шаар: өкмөт "Веганын" 20 млн. сом айып пулун кечип салганы аныкталды
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Башкы прокуратура МТБМКга кайрылып, келишимди өз убагында аткарбагандыгы үчүн Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd компаниясынан айып пул өндүрүүнү талап кылган. Жыйынтыгында республикалык бюджетке 59 миллион 331 миң 660 сом акча каражаты которулган.

Чогулган материалдар Жазык кодексинин 234-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1,2-пункттары, ("Ачык тооруктарды, аукциондорду же тендерлерди өткөрүүнүн тартибин бузуу") жана 320-беренесинин 2-бөлүгү ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен тергөө башталып, иш УКМКга өткөрүлгөн.

"Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу боюнча тендер 2019-жылдын сентябрь айында жыйынтыкталган. Тендер жеңүүчүсүн аныктаган комиссия кытай компаниясы арзан баа сунуштаганын жана документтери сынактын талабына ылайык келгенин айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0