22:02 25 Үчтүн айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7911
  • EUR103.2162
  • RUB1.1327
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (376)
77020

Бүгүн белгилүү акын, жазуучу Жусуп Турусбековдун туулган күнү. Калемгердин өмүрү кыска болуп, 33 жылдык өмүрүндө бир топ мыкты чыгармаларды жаратканга жетишкен.

Согуш талаасынан кайтпай калган драматургдун 110 жылдыгына карата Sputnik Кыргызстан агенттиги анын өмүрү жана чыгармачылыгындагы кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Үркүн, жетимчилик... Акын, драматург Жусуп Турусбеков 1910-жылы 23-декабрда Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Көк-Сай айылында жарык дүйнөгө келген. Алты жашында Үркүн чыгып ата-энеси менен Кытайдын Ак-Суу аймагындагы Үч-Турпанга чейин жетип, чүрпө башынан оор күндөрдү өткөргөн. Эки жылдан соң кайра өз мекенине кайтып келгенден кийин ооруп жүргөн атасы менен энесинен ажырап, балалыгы жокчулук, жетимчилик менен коштолуп, тууган-туушкандарында күн көргөн.

Китепкөй окуучу. Билимге умтулган кичинекей Жусупту 1921-жылы таякеси Чортонбай Караколдогу балдар интернатына тапшырган. Кийин ал окуу жай Түпкө көчүп, айыл чарба техникумуна айланганда да болочок акын ошол жакта билимин улантып, орус, казак, татар тилдериндеги адабиятка жакын болгон. Жайында Көк-Сайга келгенде дагы китептерин ала келип, бош боло калганда эле окуу менен алек болгон. Алгачкы ырлары техникумдун дубал гезитинде жарыяланган.

20 жаштан өткөндө театрдын директору болуп... 18 жашка толгондо жаш жигит Фрунзеге окуганы сапар алып, борбордо адабият-маданий чөйрөгө аралашып, "Эркин Тоо" гезитинин редакциясында иштеп калган. 1930-жылдары Россиянын Тверь шаарында билим алган. Окуусун бүтүп 22-24 жашында "Кызыл Кыргызстан", "Ленинчил жаш" гезиттеринде, Кыргызстан мамлекеттик басмасында редактор, Жазуучулар союзунун жетекчисинин кеңешчиси, Кыргыз мамлекеттик драма театрында директор болуп иштеген. Ошол эле маалда жазуучу өзүнүн кызматы менен чыгармачылыгын эриш-аркак алып кеткен. Ал жылдары "Жусуптун ырлары" (1932), "Шайыр жаштар" (1933), "Тандалмалар" (1935), кийинчерээк "Мекен" (1939) деген поэтикалык жыйнактары окурмандарга сунушталган. Замандаштары аны чыгармаларды жаңы стилде жараткан акын катары эсептешкен. Котормочулук менен да алектенип Пушкиндин "Таш коногун", Гейненин жана башкалардын ырларын кыргызчалаган.

Известные кыргызские писатели Жусуп Турусбеков, Туголбай Сыдыкбеков и Мукай Элебаев отдыхают на бульваре Эркиндик. Фрунзе 1940 год.
© Фото / из личного архива Асель Данияровой
Жазуучулар Жусуп Турусбеков, Түгөлбай Сыдыкбеков жана Мукай Элебаев

Москвада көргөзүлгөн драма. Турусбековдун эмгектеринин ичинен кыргыздын башынан өткөн 1916-жылдагы көтөрүлүш, бөтөн жердеги элдин турмушун баяндаган "Ажал ордунда" драмасы өзгөчө орунду ээлейт. Автор ал тарыхый окуянын катышуучусу болгондуктан да эмгек мыкты жазылган. Чыгарма театрларда коюлуп, кийин музыкалык драмага айланып 1939-жылы Москвада өткөн кыргыз искусствосунун декадасына коюлуп, узак жылдар бою сахнадан түшкөн эмес. Мындан сырткары, аталган ири маданий иш-чарада "Семетей" эпосунун негизинде "Айчүрөк" операсы көрүүчүлөргө сунушталган. Аны Жусуп Турусбеков, Кубанычбек Маликов жана Жоомарт Бөкөнбаев үчөө жаратып, музыкасын Абдылас Малдыбаев, Виктор Власов, Владимир Фере жазган.

Фронттон кайтпай калган талант. Жазуучу Улуу Ата Мекендик согушка аттанганда 31 жашта эле. Калемгер чыгармачылыгын согуш талаасында да токтоткон эмес. Окопто жазган ырлары гезит беттерине байма-бай жарыяланып, кандуу күндөрдү, салгылаштарды баяндаган "Каракчынын трагедиясы" поэмасы жаралган. Жазуучу 1943-жылы окко учкан. Адабиятчылар эгер Жусуп Турусбековдун өмүрү узун болгондо дагы далай мыкты чыгармаларды жаратмактыгын айтып келишет.

Эки уул, бир кыздын атасы. Жазуучунун жеке жашоосу жөнүндө сөз кылсак, ал борбор калаадагы педагогикалык техникумдун бүтүрүүчүсү Күлсүн Молдахматова менен үй-бүлө курган. Жубайлар эки уул, бир кызды тарбиялап чоңойткон, эркек балдары жаштайынан эле чарчап калган. Ал эми тун кызы Лиля кыз-келиндер арасында алгачкы кыргыз режиссерлордун бири болуп, бир топ даректүү тасмаларды тарткан.

Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (376)

Тема боюнча

Жусуп Турусбеков. Өмүр баяны
Жойпу түлкү бал тилге салат. Акын Жусуп Турусбековдун кеп казынасы
Белгилер:
факты, Жусуп Турусбеков, жазуучу, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ