Бишкектеги стационарлар акыркы суткада 4 533 кишини кабыл алды

© REUTERS / VLADIMIR PIROGOVБишкектеги стационарда медициналык кызматкер
Бишкектеги стационарда медициналык кызматкер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күндүзгү жана түнкү стационарлар сыркоолорду кабыл алып жатат. Шаар бийлиги элди ден соолукка кам көрүп, ооруп калгандарды өз алдынча дарылануудан оолак болууга чакырууда.

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Бишкектеги күндүзгү стационарлар өткөн суткада 3 миң 833 кишини кабыл алды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Кайрылган 2 989 кишиге тамчылатма укол сайылса, 827 адамга кеңеш берилген. 17 бейтап ооруканага жаткырылган.

Түнкү стационарга 650 киши кайрылган. Эки адам ооруканага жаткырылып, 296 киши инфузиялык терапия алган. Дагы 352 киши кеп-кеңеш алып кеткен.

Бишкектеги стационарларга кечээ 5 миңден ашык бейтап кайрылды

Стационарларда адам өлүмү катталган учур болгон эмес.

Жалпысынан алганда 19-июлга карата күндүзгү стационарлар 49 миң 236 кишини, түнкү стационарлар 2 миң 409 адамды кабыл алган.

Шаардагы ишкерлердин колдоосу менен стационарларда кычкылтек концентраторлор, пульсоксиметрлер жетиштүү. Күндүзгүдө 115 концентратор иштесе, түнкү стационарларда 59 аппарат иштеп жатат.

Өкмөт: ооруканаларга борборлоштурулган кычкылтек киргизүүнү тездетүү керек

Мэрия шаардыктарга стационарларда медициналык жардам көрсөтүлүп жатканын эскертип, шаар элин ден соолукка кам көрүүгө, өз алдынча дарылануудан оолак болууга чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0