Бишкекте Россия жарандары үчүн Россия Федерациясынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча добуш берүү башталды
Элчиликтин маалымат кызматынан Sputnik агенттигине билдиргендей, дипломатиялык өкүлчүлүктүн имаратында жүздөй жаран добуш берип чыккан. Бардык санитардык коопсуздук эрежелери сакталууда.
Россиянын Кыргызстандагы элчилиги шайлоого укугу бар бардык россиялык жарандарды төмөнкү даректер боюнча келип добуш берүүгө чакырат:
Бишкек шаары, Манас проспекти, 55;
Ош шаары, Камбаралы Бобулов көчөсү, 77;
Кант шаары, № 20022 аскер бөлүгү;
Каракол шаары, № 87366 аскер бөлүгү.
Шайлоо процесси саат 08:00дөн 20:00гө чейин жүргүзүлөт. Добуш берүүгө келгендердин жанында Россия Федерациясынын жарандыгын тастыктаган документи болушу зарыл.
"Жалал-Абад электр" ишканасынын эки энергетигинин тоонун башында, ат бара албай калган жердеги белден келген карды жиреп, электр чубалгыларын тартып жүргөн видеосу интернетте талкуу жараткан.