Эркектей болгула! Соцтармакты чектөөнү сунуштаган Асылбаева депутаттарга кайрылды

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Гульшат Асылбаева
Депутат Гульшат Асылбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутаттын айтмында, Манастын урпактары кылыч көтөрүп барып душман менен ачык кармашкандай, маалыматты да ачык таратышы керек.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоорунун автору Гүлшат Асылбаева анын демилгесин сындаган депутаттарга кайрылды.

Ал социалдык тармакта айтылган сындар конструктивдүү болушу керектигин, каалаганын жаза бергендердин жоопкерчилигин кароо керектигин айтууда.

"Биз фейк-аккаунттарга жашынып алып каалаганын жаза бергендерди тыйып жатабыз. Бул жерде бирөө сындагандарга каршы чыгып жатабы? Сын конструктивдүү айтылышы керек. Адамдын өзүнө тийишип, шылдыңдап, жаман сөздөрдү айтып жүргөнү сөз эркиндигиби? Бул жерде сөз эркиндигине тыюу эмес, адамдын ар-намысын, абийирин коргоо болуп жатат", — деди Асылбаева.

Ошондой эле депутат сунушталган мыйзам долбоорун сындаган депутаттарга кайрылды.

"Силер, эркектер, Манастын урпактары, согушка ачык чыгып күрөшкөнсүңөр. Силер эмнени айтып жатасыңар?! Эркектер жашынып жатып алып атты беле? Кылычын колуна кармап душманы менен ачык күрөшкөн. Фейк — бул жалган. Эч ким сөз эркиндигин тыйган жок, жашынып отурбай ачык айтышсын", — деди депутат.

Депутат ЖК Эльвира Сурабалдиева - Sputnik Кыргызстан
Казакстанга көз каранды болобуз. Сурабалдиева Асылбаеванын мыйзамын сындады
Аталган мыйзам долбоору бүгүн дароо эле экинчи жана үчүнчү окууда бир каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Асылбаеванын демилгеси боюнча маалымат жалган же тастыкталган экенин Маданият, маалымат жана туризм министрлиги аныктап, провайдерге, сайттын же анын баракчасынын ээсине соттун катышуусу жок эле чектөө жөнүндө чечим чыгара алат. Провайдер интернет колдонуучуларынын үнү менен жазылган маалымат, текст, сүрөт же башка электрондук маалыматтарын алты айга чейин сактап коёт. Зарыл болгон учурда аларды сот, ыкчам-иликтөө ишмердигин жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдарга берүүгө милдеттүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0