Беттин терисин бат буза турчу азыктар аталды

© AFP / NOEL CELISКүзгүнү каранып жаткан кыз. Архив
Күзгүнү каранып жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Диетолог туздалган, маринаддалган, консерва тамактардан баш тарткан оң деген ойдо. Булар организмде сууну кармап турат дагы, көздүн алдында шишиктин пайда болуусуна алып келет.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Россиялык диетолог Ольга Деккер беттин терисин буза турган азыктарды атап берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Скульптуралык массаждын чебери Мира Кулабаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Беттеги бырышты кетире албай убарасызбы? Скульптуралык массаж тууралуу маек
Адис беттин терисин бузуп албоо үчүн биринчи кезекте гликемикалык индекси жогору болгон тамактардан баш тартууну сунуштаган. Булар — таттуу токочтор, кумшекер жана шекери бар, газдалган суусундуктар. Аталган азыктар бетке бырыш түшүрүп, теринин тез картаюусуна шарт түзөт.

Диетолог туздалган, маринаддалган, консерва тамактардан баш тарткан оң деген ойдо. Булар организмде сууну кармап турат дагы, көздүн алдында шишиктин пайда болуусуна алып келет. Тез татым, жарым фабрикат жана иштетилген эт дагы ушундай эле көйгөйдү жаратат. Майлуу жана куурулган тамак боордун иштөөсүн бузат. Боор жакшы иштебесе, ал беттин терисине сөзсүз таасир этери маалым болду.

"Тез татымдын ден соолукка зыяны тийип калбаш үчүн жок дегенде адам пияз, имбирь, куркума жеп, цинк, "Е", "С" витаминдерин ичиш керек. Колдон келсе, зыян делген тамактарды жебей эле койгон оң", — деген диетолог.

Ольга Деккер спирт ичимдигин таптакыр эле тизмеден чийип салуу керектигин айткан. Аз-аздан кофе ичип турса болот, себеби ал антиоксидант болуп эсептелет. Бирок күнүнө төрт-беш жолу кофе ичсе, ал уйкусуздукка алып келет. Уйку канбай калса сырткы келбетке сөзсүз таасир этет.

Жаңылыктар түрмөгү
0