00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
MedExpo Kyrgyzstan 2026: Россия менен медицина тармагындагы кызматташтык
11:34
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Магия кадра: почему одни снимки становятся легендами, а другие исчезают в ленте
12:05
29 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бишкекте эл аралык медициналык форум өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как развивался капитализм — беседа о социуме
14:05
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
15:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
10 апреля - День Сопротивления: как кыргызстанцы воевали в лесах Европы
16:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Ак көңүл, бирок катаал жетекчи: полковник Жумалы Кубатов
17:05
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Цифровой сом — удобно или тревожно?
18:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Бишкекте алыш бел боо боюнча Азия чемпионаты өтөт — алыш олимпиадага качан кошулат?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
«Это поменяло мое мировоззрение» — легендарный Салижан Шарипов о космосе
20:06
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
6 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
21:07
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кооптонуу бар! Соль-Илецкиден Таласка баргандар дагы бир жума обсервацияда болот

© Фото / предоставлено Айжамал ШамбетовойОбсервация прибывших из Соль-Илецка в Таласской области
Обсервация прибывших из Соль-Илецка в Таласской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соль-Илецк шаарынан алып келинип, "Семетей" обсервациясында чыр-чатактан кийин чыгарылгандар Таласка барганда кайра карантинге алынган. Эми алардын мөөнөтү узарды.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Россиянын Соль-Илецк шаарынан Таласка барган 58 киши (экөө айдоочу) кечээ күндөн тарта дагы бир жума обсервация жайында кармалмай болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Таластагы координатору Айжамал Шамбетова билдирди.

Анын айтымында, мындай чечимди облустук штаб башка аймактарда Соль-Илецкиден келгендердин арасынан коронавирус чыгып жаткандыгына байланыштуу кооптонуп, кабыл алган.

© Фото / предоставлено Айжамал ШамбетовойРоссиянын Соль-Илецк шаарынан Таласка барган 58 киши (экөө айдоочу) кечээ күндөн тарта дагы бир жума обсервация жайында кармалмай болду.
Россиянын Соль-Илецк шаарынан Таласка барган 58 киши (экөө айдоочу) кечээ күндөн тарта дагы бир жума обсервация жайында кармалмай болду. - Sputnik Кыргызстан
1/3
Россиянын Соль-Илецк шаарынан Таласка барган 58 киши (экөө айдоочу) кечээ күндөн тарта дагы бир жума обсервация жайында кармалмай болду.
© Фото / предоставлено Айжамал ШамбетовойМындай чечимди облустук штаб башка аймактарда Соль-Илецкиден келгендердин арасынан коронавирус чыгып жаткандыгына байланыштуу кооптонуп, кабыл алган.
Мындай чечимди облустук штаб башка аймактарда Соль-Илецкиден келгендердин арасынан коронавирус чыгып жаткандыгына байланыштуу кооптонуп, кабыл алган. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Мындай чечимди облустук штаб башка аймактарда Соль-Илецкиден келгендердин арасынан коронавирус чыгып жаткандыгына байланыштуу кооптонуп, кабыл алган.
© Фото / предоставлено Айжамал ШамбетовойОбсервациядагы бөлмөнүн шарты
Обсервациядагы бөлмөнүн шарты - Sputnik Кыргызстан
3/3
Обсервациядагы бөлмөнүн шарты
1/3
Россиянын Соль-Илецк шаарынан Таласка барган 58 киши (экөө айдоочу) кечээ күндөн тарта дагы бир жума обсервация жайында кармалмай болду.
2/3
Мындай чечимди облустук штаб башка аймактарда Соль-Илецкиден келгендердин арасынан коронавирус чыгып жаткандыгына байланыштуу кооптонуп, кабыл алган.
3/3
Обсервациядагы бөлмөнүн шарты
"Жарандар буга чейин Таластан беш күндүк карантинге алынганда ПЦР-тест тапшырышып, бардыгыныкы таза чыкты. Күн сайын Соль-Илецкиден келгендерден вирус аныкталып жатат. Ошондуктан алардан дагы бир жолу ПЦР-тест алынып, бир жумадан кийин үйүнө жиберилет. Анын үстүнө тесттер менен бир-эки жолу текшергенде таза чыгып, кийинки анализде вирус аныкталган учурлар болуп жатат. Бул штабдын курамындагы эпидемиологдор менен биргеликте чечилди. Жаткандарды деле түшүнүп турабыз, бирок элдин саламаттыгы үчүн кооптонуу болуп жатат. Кечээ, ишемби күнү, кечке чейин жарандар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, макул кылдырттык", — деди Шамбетова.

Ал ошондой эле айрымдар обсервациянын шарты начар деп ЖМКларга даттанганын айтып, бул чындыкка дал келбей турганын билдирди.

"Ачка жатабыз дегендери чын эмес. Үч маал ысык тамак берилет, шейшептери таптаза. Ар кимдин табити ар кандай, ага жараша биз тамак бере албайт экенбиз. Негизи сырттан тамак киргизбейбиз. Кечээ, айт күнү, туугандары сурангандан медиктер аркылуу киргизип бердик. Кир жууган машина да коюп бергенбиз. Ооба, балдардын чыдамы кетти, алар менен иштешкен бизге деле кыйын болууда. Айрымдары ички тартиптип сактабай, эшикке чыкканга аракет кылышат. Бирок түшүнүшүүгө болгон аракетибизди жумшап жатабыз", — деди министрликтин Таластагы өкүлү.

Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев  - Sputnik Кыргызстан
Талас башчысы Мураталиев: карантинге алынгандарды эч ким уруп-сабаган эмес
Эске сала кетсек, 18-майда Соль-Илецкиден алып келинип, "Манас" аэропортунун жанындагы Американын мурдагы "Ганси" авиабазасынын аймагында жайгашкан "Семетей" обсервациясында жаткандар жаңжал чыгарган. Республикалык штабдын алгоритмине ылайык, ал жактагы 432 адамдын 19у гана обсервацияда калып, калганы үй карантинине жиберилген.

Анын арасындагы 56 жаран жана аларды ташып барган эки айдоочу Таласка кирери менен беш күндүк карантинге алынган. Алардын айрымдары талаптарга баш ийбегендиктен күч менен обсервацияга алууга туура келген.

Белгилей кетсек, Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Талас облусунда коронавируска чалдыккандар жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0