Кырдаал кыйындап баратабы? Нарынга Бишкектен дарыгерлердин 9-тобу жөнөп кетти

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүДарыгерлер. Архив
Дарыгерлер. Архив
 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ыктыярчы дарыгерлер тобуна үч акушер-гинеколог жана реаниматологдор кирген. Алар 10 күн бою аймактагы кесиптештерине тажрыйбалык жардам көрсөтөт.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Коронавирус менен күрөшүү үчүн Нарынга медиктердин тогузунчу тобу жөнөп кетти. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ыктыярчы дарыгерлер тобуна үч акушер-гинеколог жана реаниматологдор кирген. Алар 10 күн бою аймактагы кесиптештерине тажрыйбалык жардам көрсөтөт.

"Эки акушер-гинеколог Нарын облустук бириккен ооруканасына, ал эми реаниматолог менен хирург, акушер-гинеколог Ат-Башы районуна жөнөтүлгөн. Ар бир медкызматкер керектүү коргонуу каражаттары менен камсыз болду", — деп айтылат билдирүүдө.

Дарыгерлердин жумушчу сапарына кеткен бардык чыгымдар жана кошумча төлөмдөр эпидемиологиялык фонддон каржыланары айтылды.

Нарын облусунда коронавирус кулач жайып баратат. Акыркы суткада эле бул аймакта 15 кишиден вирус аныкталып, жалпы саны 152ге жетти. Илдет илештиргендердин арасында медиктер, милиция кызматкерлери дагы бар.

Коронавирустун кесепети

Шаардык клиникалык оорукананын реанимация бөлүмүнүн дарыгерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
COVID-19 менен алышкан медиктер. Мартка каралган 38,8 млн. сом дарегине жеттиби?
Ал эми жалпы Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 1082ге жетти. Анын ичинен 735и айыкса, 12 адам көз жумган.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0