COVID-19 менен алышкан медиктер. Мартка каралган 38,8 млн. сом дарегине жеттиби?

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүШаардык клиникалык оорукананын реанимация бөлүмүнүн дарыгерлери. Архив
Шаардык клиникалык оорукананын реанимация бөлүмүнүн дарыгерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги коронавирус менен күрөшүп жаткан медиктердин кошумча акысы үчүн каралган каражат кандай бөлүштүрүлүп жатканын билип көрдү. Материалда март айына каралган 38,8 миллион сом тууралуу сөз болот.

Коронавирус менен алышып жаткан медиктердин арасында кошумча акыга нааразы болгондор бир топ эле. Алардын көбү жумуштан кол жууп калбайын деп арыз-муңун анонимдүү түрдө айтышууда. "Миллиондогон акча кайда кетип жатат" деп сурагандар да аз эмес.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги Саламаттык сактоо министрлигинен медиктерге кошумча акы катары каралган акчанын отчетун сурап билүүгө аракет кылды. Бул материалга март айына каралган сумма кандай бөлүштүрүлгөнү толугу менен камтылган. Ал эми апрель айынын акысы дагы деле эсептелип, таратылып жаткандыктан анын отчетун кийинчерээк жарыялайбыз.

Март айына бөлүнгөн 38,8 миллион сомдун чоо-жайы

Оорукананын реанимация бөлүмүндө медайым. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронавирустан каза болгон дарыгердин үй-бүлөсүнө 1 млн. сом берилди
Коронавирус өлкө босогосун аттап кирери менен Саламаттык сактоо министрлигинин алдында COVID-19 менен күрөшүү үчүн атайын эсеп ачылган. Жардам иретинде которулуп жаткан каражатты бөлүштүрүү комиссиясы дарыгерлердин кошумча маянасы үчүн март айына 38,8 миллион сом берүү чечимин кабыл алган эле.

Бирок Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы берген билдирүүгө таянсак, мартта 6283 медикке 36 миллион 704 миң 640 сому гана берилген. Калган 2 миллиону кайда деген суроого министрликтин каржы саясат башкармалыгынын башчысы Мирлан Атакулов жооп берип, калган каражат кийинки айдагы төлөмдөргө жумшалып жатканын кошумчалады.

"Мартка 38,8 миллион сом каралганы менен бүгүнкү күндө факты менен алганда 36,7 миллион сому берилди. Эки миллиондон ашык сумма апрель, май айларындагы кошумча төлөмдөргө жумшалууда", — деди Атакулов.

Мартка каралган 36,7 миллион сомдун 8 миллион 744 861 сому Бишкектеги 1 112 медикке берилген. Ош облусунда 1 047 медик 7 миллион 64 миң 552 сом алса, Жалал-Абадда 1 182 медицина кызматкерине 5 миллион 460 миң 616 сом таратылган. Чүйдө кошумча акы 835 медикке каралып, аларга 3 миллион 733 миң 705 сом каралган.

Нарын облусунда 499 медицина кызматкерине 2 миллион 655 миң 464 сом жумшалса, Ысык-Көлдө 479 медикке 2 миллион 629 миң 737 сом берилген. Баткенде 500 медик 3 миллион 336 миң 514 алган. Таласта коронавирус аныкталбаганы менен ал жактын медиктери да чек араларда, блокпосттордо иштеп, элдин саламаттыгы үчүн жан үрөшкөн. Мындай режим менен иштеген аталган облустагы 267 медикке 1 миллион 353 миң 401 сом бөлүнгөн. Ош шаарында 362 ак халатчанга 1 миллион 725 миң 788 сом төлөнгөнү айтылды.

Апрелге бөлүнгөн каражат

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев - Sputnik Кыргызстан
Абылгазиев: башкача буруп жиберишкен. Милиция менен күч түзүмдөрү компенсация алат
Акыркы маалыматтар боюнча, өкмөт жана Саламаттык сактоо министригине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун депозиттик эсебинен 244 саламаттык сактоо уюмдарынын депозиттик эсебине 105,4 миллион сом каражат которулган. Бул акча апрелде эпидемия очокторунда иш алып барган медиктердин айлыгынан сырткары кошумча акы болуп төлөнөт.

Буга чейин социалдык блокту тескеген вице-премьер Аида Исмаилова апрель айында коронавирус менен күрөшкөн медицина кызматкерлерине кошумча маяна төлөө үчүн 104,5 миллион сом бөлүнгөнүн айткан. Бирок Саламаттык сактоо министрлигинин каржы саясат башкармалыгынын начальниги Мирлан Атакулов буга чейин мекемелерден арыз толук келбей кармалганын айтып, бул сумма эми 105,4 болуп өзгөргөнүн баса белгиледи.

Каражат медиктердин колуна тийип жатабы?

Өкмөттүн токтомуна ылайык, коронавирус менен күрөшүп жаткан медиктерге кошумча акы ар кандай түрдө бөлүнөт. Мисалы, стационарда иштеген медиктерге акча күнүнө эсептелет. Анын ичинен дарыгерлерге 2 300 сом, орто медперсоналга 2000 сом, кенже медперсонал менен техникалык кызматкерлерге 1800 сом берилет. Булар стационардан чыкпай иштешет. Андан кийин 14 күнгө изоляцияга алынышат. Бул учурда да күнүнө аларга 900 сомдон берилери айтылган.

Буга чейин билдирүүдө көрсөтүлгөн эсеп боюнча бир дарыгердин кошумча акысын эсептеп көргөнбүз. 2300 сомду 15 күнгө эсептегенде 34 500 сом, ал эми изоляцияда жаткан 14 күндүн акчасы 12 600 сом болот экен.

Бирок 14 күндүк изоляцияга жатпай, 50 күндөн бери стационарда иштеп жаткан дарыгерлер бар экенин Бишкек шаарындагы Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасынын жетекчиси Гүлжигит Аалиев айтты.

"Медик жетишсиз болгондуктан, айрымдары 50 күндөн бери бейтаптар менен алышып жатышат. Мындай учурда дарыгердин стационарда иштеген 50 күнү эсептелет. Бизде оорунун очогунда иштеп 50-60 миңге чейин кошумча акы алган ак халатчандар бар", — деди Аалиев.

Депутат Жогорку Кенеша Бактыбек Турусбеков - Sputnik Кыргызстан
Радио
Турусбеков: алдыда медиктерге кошумча каражат бөлгөнгө эсепте акча жок
Ал эми график боюнча иштеген медиктердин айлыгы саатына эсептелет. Мисалы, дарыгерлерге 100 сом, орто медперсоналга 90 сом, кенже медперсонал менен техникалык кызматкерлерге 80 сом каралган. Баса, блокпосттордо турган медиктер график менен иштегендерге кирет. Демек, аларга кошумча акы саатына эсептелет.

Тез жардам кызматкерлерине илдет жуктуруп алган бейтаптарды ооруканага алып барганына жараша төлөнөт. Мисалы, дарыгерлерге 600 сом, орто медперсоналга 500 сом, кенже медперсоналга 400 сом каралган.

Иш убактысына жараша ар бир медкызматкердин төлөмүнүн өлчөмү ар кандай болуп калышы ыктымал экендиги кошумчаланды.

"Жетекчилик табелди туура эмес толтуруп, айрым күндөрүбүз эсептелбей калып акча албай калдык" деп нааразы болгон медиктер да жок эмес. Ал тургай бир эле мобилдик топто дарыгер, айдоочуга 20-30 миңден кошумча акы чыгып, лаборанттар албай калган учурлар катталыптыр. Бирок ал медиктер "жумуштан кол жууп калбайын" деп аты-жөнүн, иштеген жерин жарыялабай эле коюуну суранышты.

Буга чейин Бишкектеги үй-бүлөлүк дарыгерлер апрелдин айлыгына нааразы болуп чыгышкан эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0