Жеткирүү кызматынын жумушчусу - Sputnik Кыргызстан

Кыргызстанды каптаган COVID-19 боюнча акыркы кабарлар: текст, сүрөт

Жазылуу
Мындан туптуура 48 күн мурда COVID-19 Кыргызстандын жарандарынан табылган. Учурда республикада аталган инфекцияга каршы ар тараптуу күрөш уланууда. Бул күндөрү коронавирус жуктуруп алгандар Бишкек шаарынан көп табылууда.

Өлкөнүн бир катар шаарлары менен бир районунда өзгөчө абал режими иштеп жатат.

Sputnik Кыргызстан абал боюнча бүгүн да окурмандарга текст, фото жана видео түрүндө маалымат берүүсүн улантат.

Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
19:18 04.05.2020
18:00 04.05.2020
17:54 04.05.2020

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мекендештерди жоопкерчиликтүү болууга жана карантин аяктаганча обочолонуу тартибин сактоого чакырды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

 

Премьер-министр КР Мухаммедкалый Абылгазиев  - Sputnik Кыргызстан
Ушунча убарабыз текке кетпесин. Премьер-министр Абылгазиев элге кайрылды
16:55 04.05.2020

Ошто 1-майдан тарта ишин жанданткан 53 ишкана санитардык-карантиндик талаптарды толук аткарбаганы үчүн кайрадан жабылды. Бул туурасында Ош шаарынын комендатурасынын маалымат борборунан билдиришти.

 

Соблюдение санитарно-карантинных требований в Оше - Sputnik Кыргызстан
Ошто санитардык талаптарды аткарбаган 53 ишкана кайрадан жабылды
16:36 04.05.2020
16:22 04.05.2020

ЕАЭБ мамлекеттери Россиянын Керектөөчүлөрдүн укугун жана адам жашоосунун жайлуулугун көзөмөлдөгөн федералдык кызматынын (Роспотребнадзор) демилгеси менен коронавируска каршы күрөшүүнүн бирдиктүү план-долбоорун иштеп чыкты. Бул тууралуу Роспотребнадзор мекемесинин сайтында жарыяланды.

 

Ситуация в Беларуси в связи с коронавиросом - Sputnik Кыргызстан
COVID-19: ЕАЭБ өлкөлөрү вирус менен бирге күрөшүү боюнча долбоор дайындады
16:02 04.05.2020

"Учурда Нарын облусу боюнча 3 чоң тосмо иштеп жатат. Кочкор районунда “Сары-Чат”, Жумгал районунда “Арал”, Ак-Талаа районунда “Актал-Чат” тосмолору. Аймактарга кирүүгө катуу көзөмөл жүргүзүлүп жаткандыктан, эгерде жарандарда негиздүү себеп болбосо аларды киргизишпейт”, - деп билдирди Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов.

14:43 04.05.2020

Бүгүндөн баштап кайра ачылган каттоо иштери жана жалпы эле тестирлөөнүн өзүндөгү жаңычылдыктар жөнүндө Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун коомчулук менен байланышуу боюнча адиси Чынара Батракеева айтып берди.

 

Итоговое сочинение по литературе в российских школах - Sputnik Кыргызстан
ЖРТга каттоо башталды. Абитуриенттин эң көйгөйлүү 11 суроосуна жооп
14:13 04.05.2020

"Бүгүнкү күндөн тартып Чаткал районуна жарандарды киргизүүгө тыюу салдык. Чаткалда коронавирус илдетине кабылган 7 учур катталган. Андан улам жергиликтүү элге медицина кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик түшүндүрүү иштери жүргүздү”, - деп билдирди Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов.

14:10 04.05.2020
14:08 04.05.2020

Кыргызстан жана Казакстандын президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Касым-Жомарт Токаев бүгүн телефон аркылуу коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө боюнча сүйлөштү.

 "Жээнбеков жана Токаев мындан ары коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө боюнча биргелешкен чараларды өткөрүү маселеси боюнча пикир алмашты", - деп айтылат маалыматта.

 

14:07 04.05.2020

Өзгөчө абал режими 11-майда токтотулгандан кийин дагы Бишкекке тийиштүү чектөөлөрдү киргизүү маселеси каралууда. Бул туурасында борбор калаанын вице-мэри Татьяна Кузнецова брифинг учурунда билдирди.

 

Временные ограничения на въезд в Бишкек из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Вице-мэр: 11-майдан кийин Бишкекке жаңы чектөө киргизүү пландалууда
13:07 04.05.2020

"Өзгөчө кырдаал жана Өзгөчө абал мезгилинде саламаттыкты сактоо системасында аралыктан иштеген мамлекеттик кызматкерлерге төлөнчө каражат боюнча төмөнкчү түшүндүрөт.

Алардын эмгек акылары маянасына кошумча класстык чин жана иштеген жылдары үчүн, илимий даражасы, бийик тоолуу шарттарда жана алыскы аймактарда иштеген учурлары эске алынып төлөнүп берилет", - деп билдирди Республикалык штаб министрликке таянып.

 

12:21 04.05.2020

«Бишкекте коронавируска чалдыккан 231 бейтаптын ичинен 190 адам шаардык каттоодогу даректер боюнча жашайт, 41 адамдын каттоосу башка шаарларда. Алардын арасынан 69 адам 16 калктуу конушта турат», - деп билдирди Бишкектин вице-мэри Татьяна Кузнецова.


Анын айтымында, COVID-19 вирусун жуктургандардын көбү Ленин районунда.
Ленин районунда – 82 адам
Октябрь районунда – 45 адам
Биринчи май районунда – 41 адам
Свердлов районунда – 21 адам.

12:15 04.05.2020

Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн 17 аскеринен коронавирус катталып, учурда ооруканада дарыланууда. Бул туурасында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

"Буга чейин күч түзүмдөрүнүн аскерлеринин ичинен коронавирус менен 20 учур катталган. Алардын жарымы Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканага жатып, жакшы болуп чыккан, дагы 10 адам калган. Бирок кечээ дагы жети кызматкерди алып келишти", - деп билдирди Акматова.


 

10:57 04.05.2020

Бир катар такси айдагандар санитардык-эпидемиологиялык эрежени сактабай, сулуулук салондору, чач тарачтар бет капсыз иштеп жатышат. Андыктан юридикалык, жеке тараптар жоопко тартылат. Бул туурасында Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев маалымат жыйында билдирди.

Ал ишкердик жайлардын кожоюндарына кайрылып, санитардык-эпидемиологиялык талаптарды катуу сактоону өтүндү.

"Такси кызматтарынын бир эмес, экиден киши ташып бара жатканын көрүп жатабыз. Мындай болбойт, башкаларга оору жугузасыңар. Абал бизден ушуну талап кылып жатат. Жоопкерчиликсиз мамиле менен инфекциянын экинчи толкунун жаратып алабыз", - деди Орозалиев.


 

10:56 04.05.2020

Кыргызстан боюнча акыркы суткада 15 жашка чейинки алты бала коронавирус жуктуруп, алардын жалпы саны 113кө жетти. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

 "15 жашка чейинки балдар арасында вирус жуктургандардын саны — 113. Алардын ичинен бир жашка чейинки бөбөктөр алтоо. 16-19 жаштын ортосундагы улан-кыздар — 24", — деди Акматова.

 

10:22 04.05.2020

 Бишкек ш. – 26
Чуй облусу - 2
Нарын облусу – 1
Жалал-Абад облусу - 5
Баткен облусу - 1

10:20 04.05.2020

 Жалал-Абад облусунда – 2

Бишкек шаарында – 6

Нарын облусунда – 1

 

10:20 04.05.2020
10:06 04.05.2020
10:02 04.05.2020
10:02 04.05.2020
10:02 04.05.2020
09:56 04.05.2020

Россиялык дарыгер, жогорку категориядагы отоларинголог Владимир Зайцев коронавирустун эң алгачкы белгилери тууралуу айтып бергенин РИА Новости жазды.

 

Работа медиков с больными COVID-19 в клинике МГУ - Sputnik Кыргызстан
Арак ичкенсип алың кетет. Коронавирустун эң алгачкы белгилери аталды
Жаңылыктар түрмөгү
0