Медицина кызматкери - Sputnik Кыргызстан

Кыргызстандагы COVID-19: өлкөдө бүгүн эмне болуп жатат. Текст, сүрөт, видео

Жазылуу
Учурда дүйнөдө кырдаал күн сайын өзгөрүп, коронавирус жуктуруп, ооруп калгандардын саны көп мамлекеттерде өсүүдө. Алардын ичинде Кыргызстан да бар.

Тилекке каршы, COVID-19га чалдыккандардын саны кечээ 729 адамга жетти. Алардын ичинен медиктер 150гө чукулдап калды.

Sputnik Кыргызстан өлкөдөгү коронавирус кырдаалы жана өзгөчө абал киргизилген аймактардан алынган маалыматтарды жана дүйнөлүк абалды тексттик трансляциясында баяндап турмакчы.

Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
17:52 30.04.2020
17:51 30.04.2020
17:46 30.04.2020

 АКШ алардын душманы Кытай эмес, вирус экенин түшүнүшү керек. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Гэн Шуан билдиргенин РИА Новости жазд

Города мира. Пекин - Sputnik Кыргызстан
АКШнын душманы — Кытай эмес, вирус. Пекин коркутууларга жооп кайтарды
16:36 30.04.2020

15 кишинин 10у Хожентте, бешөө Душанбе шаарында экени айтылды.

Белгилей кетсек, ушул күнгө чейин Тажикстанда коронавируска кабылган бир дагы учур аныктала элек болчу.

 

 

14:36 30.04.2020

“Бишкек шаарында үй карантинине алынган адамдардын саламаттыгын көзөмөлдөө үчүн 40 мобилдүү бригада түзүлдү. Ошондой эле алар жарандардын чалуулары боюнча чыгашат. Бүгүнкү күнгө карата мобилдик бригадалар 7000 чыгуу аткарып, дээрлик 8000 ПЧР-анализ жана экспресс-тест жүргүзүшкөн”, - деп билдирди Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов.

14:16 30.04.2020

Оренбург облусунун Соль-Илецк районундагы чек арада кармалып турган кыргызстандыктарды өткөрүүгө Казакстан уруксат берди. Бул туурасында тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков парламенттин жыйынында билдирди.

 

Государственные флаги Кыргызстана и Казахстана. - Sputnik Кыргызстан
Казакстан Оренбургдагы мекендештерди өткөрүүгө уруксат берип, бир шарт койду
13:41 30.04.2020

Быйылкы мамлекеттик экзамендердин бардыгын окуучу жана студенттерден дистанттык түрдө алуу пландалып жатат. Бул тууралуу брифинг учурунда билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков билдирди.

 

Изготовление санитайзеров для бесконтактной обработки рук - Sputnik Кыргызстан
Министр: экзамен жана сессияларды онлайн-режимде алуу пландалууда
13:34 30.04.2020
13:32 30.04.2020

Азыркы учурда жыйынтыктоочу аттестациялык экзамендердин, ошондой эле аралыктан окутуудагы жыйынтыктардын бардык варианттары иштелип чыгууда. Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу мектеп окуучулары үчүн республикалык олимпиаданын төртүнчү этабы белгисиз мезгилге токтотулду.

13:31 30.04.2020
13:28 30.04.2020

Каттоо 4-15-майда аяктайт;
- 21-июнда негизги тестти тапшыруунун 1-этабы өтөт;
- 22-июнда предметтик тестти тапшыруунун 1-этабы өтөт;
- 24-июнда негизги тестти тапшыруунун 2-этабы өтөт;
- 25-июнда предметтик тестти тапшыруунун 2-этабы өтөт;
- ЖРТ жыйынтыктарын жарыялап, таратуу 13-19-июлда жүрөт;
- 20-июлда ЖОЖго тапшыруунун биринчи туру өтөт;
- 27-июлда ЖОЖго тапшыруунун экинчи туру өтөт;
- 3-августта ЖОЖго тапшыруунун үчүнчү туру өтөт.

Бардык иш-чараларды өткөрүү үчүн бөлмөлөр алдын ала дезинфекцияланып, абитуриенттердин ортосундагы аралык сакталат жана санитардык-эпидемиологиялык талаптар аткарылат.

Бул туурасында Республикалык штабдан билдиришти.

13:26 30.04.2020
12:59 30.04.2020

Кыргызстанда коронавирус жуктургандарды аныктоонун экинчи этабы башталып, 114 калктуу конуштун тургандары текшерилет. Бул туурасында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламентке өлкөдөгү кырдаал тууралуу маалымат берип жатып билдирди.

 

Тестирование на коронавирус в Забайкалье - Sputnik Кыргызстан
COVID-19: медиктер 114 калктуу конуштун тургундарын текшерип чыгат
12:57 30.04.2020

Эртеңден баштап өзгөчө абал кирген шаарларга коюлган блокпосттор алынат. Бул туурасында ички иштер министри Кашкар Жунушалиев парламенттин жыйынында билдирди.

 

Временные ограничения на въезд в Бишкек из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Эртеңден баштап Бишкектеги блокпосттордун баары алынат
11:53 30.04.2020

Кыргызстандын бизнес-омбудсмени Робин Орд-Смит өкмөт менен Жогорку Кеңешке кайрылып, 1-майдан тарта иштөөгө уруксат берилген ишкерлик субъектилердин кызматкерлерин өткөрүү кагазын алуудан бошотууну сунуштады.

 

Временные ограничения на въезд в Бишкек из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
КР бизнес-омбудсмени ишкерлердин уруксат кагазы боюнча жаңы сунуш айтты
11:11 30.04.2020

Жогорку Кеңештин депутаттары Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Ат-Башы районунда өзгөчө абалдын мөөнөтүн узартууну колдоду.

 

Ситуация в Чуйской области в связи с распространением коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Депутаттар өзгөчө абалдын мөөнөтүн узартууга макулдугун берди
11:01 30.04.2020
10:26 30.04.2020

30-апрелге караган түнү Кыргызстандын өзгөчө абал режими киргизилген шаарлары менен аймактарында коменданттык саатты 110 киши бузуп, милиция бөлүмдөрүнө алып келинди. Үч автоунаа айып короого киргизилди. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Түндө тартип бузгандардын 82си Бишкектен, 13ү Ош шаарынан, экөө Жалал-Абаддан, сегизи Сузактан, төртөө Нарындан жана бирөө Ат-Башы районунан катталган.

Ал эми Кара-Суу жана Ноокат райондорунда коменданттык сааттын эрежелерин бузгандар болгон жок.

 

 

10:25 30.04.2020

 15 жашка чейинки балдар - 100, анын ичинде 1 жашка чейин – 4 ымыркай бар. 
 16 жаштан 19 жашка чейин - 20
 20 жаштан 35 жашка чейин - 210
 5 жаштан 55 жашка чейин - 257
 55 жаш жана андан жогору - 159 адам. 

10:18 30.04.2020

"Чүйдөн көп чыгышынын себеби бардык аймактардан киши арбын келген жер. Ички миграциянын кыймылы көп. Казакстан менен аталган облус менен чектешкендиктен, ал жактан айдоочулар келип, чыгып жатат.  Андан сырткары чартердик каттам Бишкектеги “Манас” аймагына конуп, мындан улам элдин саны көбөйүүдө”, - дешти министрликтин өкүлдөрү.

10:17 30.04.2020

 "Бүгүнкү күндө 28 708 киши үй карантинде отурат. Учурда Кыргызстанда 253 мобилдик бригада иштеп жатат", - Калмаматов. 

10:12 30.04.2020

Бишкек ш. – 3
Ош ш. - 1
Ош облусу - 2
Жалал-Абад облусу – 1
Чүй облусу - 9
Нарын облусу - 1

10:11 30.04.2020
10:10 30.04.2020
10:09 30.04.2020
10:07 30.04.2020
10:07 30.04.2020
10:03 30.04.2020
09:58 30.04.2020
09:58 30.04.2020
09:58 30.04.2020
09:51 30.04.2020

Экинчи жарандыгы бар же чет өлкөдө жашап туруу укугуна ээ россиялыктарга өлкөдөн чыгып кетүүгө уруксат берилет. Мындай документ Россия өкмөтүнүн сайтында жарыяланган.

 

Прибытие рейса из Анталии в Казань - Sputnik Кыргызстан
Кош жарандыгы бар россиялыктарга өлкөдөн чыгууга уруксат берилди
09:47 30.04.2020

Кайрылуу Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкуловдун Facebook тармагындагы баракчасына жарыяланган.

09:26 30.04.2020

Кытайлык илимпоздордун жаңы изилдөөсү боюнча, коронавирус эркектерде оор формада өтөт жана аялдарга салыштырмалуу 2,4 эсе көп каза табышат. Макала Frontiers in Public Health журналына жарыяланды.

Распространение коронавируса нового типа в Китае - Sputnik Кыргызстан
Кытай адистери: коронавирусту эркектер оор кабыл алып, көп каза табышат
09:21 30.04.2020

Кечээки маалыматтар боюнча коронавирус жуктургандар 729 эле. Жарым сааттан кийин алардын бүгүнкү саны белгилүү болот. 

Ооруканада - 284, анын ичинен реанимация - 4 киши жатканы айтылган. Обсервацияда 1000 адам бар эле. 

09:17 30.04.2020

Кытайдын Ханчжоу шаарындагы мектептердин биринин жетекчилиги башталгыч класстын окуучулары аралыкты сакташ үчүн өзгөчө ыкма ойлоп табышкан.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0