Кытай адистери: коронавирусту эркектер оор кабыл алып, көп каза табышат

© REUTERS / CHINA DAILYБейтаптыр рентген сүрөтүн карап жаткан Кытайлык дарыгерлер
Бейтаптыр рентген сүрөтүн карап жаткан Кытайлык дарыгерлер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пекиндин окумуштуулары коронавирусту жуктургандардын жана өлгөндөрдүн гендердик айырмачылыктарына биринчи жолу анализ жүргүзүшкөн.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Кытайлык илимпоздордун жаңы изилдөөсү боюнча, коронавирус эркектерде оор формада өтөт жана аялдарга салыштырмалуу 2,4 эсе көп каза табышат. Макала Frontiers in Public Health журналына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, COVID-19 инфекциясы илимпоздорго көп жагынан сыр бойдон калууда. Адистер азыр деле эмнеге айрымдарда бул илдеттин өлүм коркунучу жогору экендигин, ал эми башкаларда ал симптомсуз болорун толук билишпейт.

Пандемия башталгандан бери вирус улгайгандар менен кант диабети, жүрөк-кан тамыр оорулары жана дем алуу органдарынан жабыркагандар үчүн кооптуу экендиги белгилүү болчу. Ошондой эле COVID-19 балдарда жеңил формада өтөрү айтылган.

Түштүк Кореянын аскери коопсуз костюм, бет кап, кол гап кийип дезинфекциялоо учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кадимки көз айнек вирустан коргобойт. Офтальмологдордон 5 кеңеш
Пекиндин Тонгрен ооруканасынын окумуштуулары коронавирусту жугузгандардын жана өлгөндөрдүн гендердик айырмачылыктарына биринчи жолу анализ жүргүзүшкөн. Анда миңден ашуун бейтаптын маалыматы каралган. Изилдөөнүн жыйынтыгында эркектер менен аялдар вируска бирдей эле кабылары, бирок эркектер оорунун кесепеттеринен көбүрөөк жабыр тартып, каза табышары белгилүү болгон.

Авторлордун эмгеги COVID-19 вирусу өнөкөт оорусу бар карыган адамдар үчүн коркунучтуу экендигин тастыктап турат. Ошол эле убакта эркектер аялдарга караганда ооруну оор кабыл алары маалымдалат.

Анализ үчүн чогултулган бейтаптардын маалыматында каза тапкандардын 70 пайыздан көбү эркектер болгон. Бул эркектердин өлүмгө учурашынын көрсөткүчү (жашына карабастан) аялдарга салыштырмалуу 2,5 эсе көп дегенди билдирет. Ушундай статистиканы изилдөөчүлөр 2003-жылдагы SARS вирусунда байкаганы кабарланат.

Окумуштуулар COVID-19 эмнеге эркектерде оор формада болуп, каза табуу коркунучу жогору экендигин билүү үчүн кеңири изилдөөлөрдү жүргүзүү керектигин белгилешкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0