КР бизнес-омбудсмени ишкерлердин уруксат кагазы боюнча жаңы сунуш айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековУкук коргоо кызматкери блокпостто туруп жазып жаткан убакытта. Архив
Укук коргоо кызматкери блокпостто туруп жазып жаткан убакытта. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Робин Орд-Смиттин пикиринде, бул нерсе ишкерлерди ашыкча тоскоолдуктардан арылтып, комендатуранын уруксат кагаздарын берүү боюнча ишин жеңилдетет.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Кыргызстандын бизнес-омбудсмени Робин Орд-Смит өкмөт менен Жогорку Кеңешке кайрылып, 1-майдан тарта иштөөгө уруксат берилген ишкерлик субъектилердин кызматкерлерин өткөрүү кагазын алуудан бошотууну сунуштады. Бул тууралуу Бизнес-омбудсмен институтунан билдиришти.

Анын пикиринде, бул нерсе ишкерлерди ашыкча тоскоолдуктардан арылтып, комендатуранын уруксат кагаздарын берүү боюнча ишин жеңилдетет. Ошондой эле коррупциялык иштердин болуп кетишин алдын алат.

"Анын ордуна бизнес-омбудсмен ишканага гана жалпы уруксат берүүнү сунуштады. Ал эми иштөөгө мүмкүндүк алган мекеме өз кызматкерлерине ишке барып-келүүгө уруксаты бар экенин далилдеген маалымкат жазып берсин”, — деп айтылат билдирүүдө.

Мындай жол менен алардын ишмерлүүлүгүн бир топ жеңилдетип, тезинен ишти баштоого мүмкүндүк берилери айтылды.

Эске салсак, Бизнес-омбудсмен институту Кыргызстанда былтыр түзүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0