02:33 07 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD74.2343
  • EUR84.1186
  • RUB1.0816
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1510)
1367 0 0

COVID-19 кыргызстандыктардын жашоосуна кыйла эле таасир этти. Биз "адамдардын кулк-мүнөзү, адаты өзгөрөбү же мурдагы калыбында эле калабы?" деген суроо менен психологдорго кайрылдык.

Бул тууралуу психолог Айгүл Ысыкеева, "Психоанализ.кг" психотерапия борборунун жетекчиси Муратбек Султанбеков жана Транзакттык анализдөө европалык ассоциациясынын мүчөсү Ильдар Акбутин ой бөлүштү.

— Карантин маалында катуу сакталып калган эрежелер, мисалы, колду бат-баттан жууп туруу, санитайзер колдонуу, аралыкты сактоо адатка айланып калабы?

Айгүл Ысыкеева: — Сөзсүз көпкө чейин адат болуп жүрөт. Анткени пандемиядан калган коркунуч бир топ убакытка чейин жашайт. Адамдарда өзүнүн ден соолугуна шек саноо болот. Эпидемия өмүргө, саламаттыкка кооптуулук жараткандыктан, айтылган эрежелерди сактабай коюудан эл коркот. Ошол себептен гигиена эрежелери башкы эреже катары кабыл алынып калат.

Психолог Айгуль Ысыкеева
© Фото / из личного архива Айгуль Ысыкеевой
Психолог Айгүл Ысыкеева

Муратбек Султанбеков: — Негизи эле азыркы колду бат-бат жууп, санитайзер колдонуп, аралыкты сактаганыбыз туура. Ал өзүбүзгө керек. Карантин бүткөндөн кийин да аны таштап салууга болбойт. Эпидемия дароо токтоп калбайт. Бир канча убакытка чейин сактанып жүрөбүз. Ал эми адатка айланар же айланбасы адамдын психологиясына жараша. Пандемиядан катуу чочулап калгандар көпкө чейин карантиндин эрежеси менен жашай берет.

Директор Центра психотерапии и психоанализа Муратбек Султанбеков во время интервью на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Психолог Муратбек Султанбеков

— Коронавирустан улам кол берип, өбүшүп же кучакташып учурашуу дээрлик токтоду. Муну кадимки учурашуу этикетине айлантуу мүмкүнбү?

А.Ы.: — Бул деле биздин сезимдерибизге байланыштуу. Ал психологияда айкын нерсе. Мисалы, 21 күн катары менен бир ишти белгилүү бир убакта жасай берсе, ал иш көнүмүш адат болуп калат. Убакыттын өтүшү менен бул адаттар да эстен чыгышы мүмкүн. Ар бирибиздин кабыл алуубузга да жараша болот. Кээ бирлер өтө тынчсызданып, эпидемия маалында депрессияга кабылат. Мындай адамдар учурашуунун жаңы этикетине өтүшү мүмкүн.

— Пандемиядан кийин адамдардын жашоого болгон көз карашы өзгөрөбү?

А.Ы.: — Сөзсүз өзгөрөт. Өзгөчө баалуулуктары алмашат деп ойлойм. Мурда адамдар материалдык нерселерге басым жасап калса, карантинде үй-бүлөлүк баалуулуктар, ден соолук биринчи орунга чыкты. Мага кайрылган жаш эле аталардан "мурда жумуш менен жүрүп, балдарымдын чоңоюп жатканына деле маани бербептирмин. Карантинде үй-бүлөм менен жакындап, кадимкидей балдарымдын кылыктарына балкып жатам" дегендер болду.

Ильдар Акбутин: — Учурда көптөр өзүнө "жашоодо эмнеге жетише алдым?" деген суроо узатууда. Биринин бизнеси талкаланса, кээ бири жумушсуз отурат. Адамдар жашоодо ишенимдүү жолдорду, таянычтарды издей баштады. Мындай шартта бирөө руханий жагынан изденүү менен дин тууралуу ойлонсо, экинчиси материалдык багытта план түзөт. Анткени дагы ушундай өзгөчө абал кайталана турган болсо, азыркыдай шартта калбоого аракеттенишет. Жашоодо тырышып, ишенимдүү бир нерсеге жетүү адамды бекемдейт жана жеткенден кийин жеңилдетет.

Психолог и инструктор по личной безопасности Ильдар Акбутин во время интервью на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Психолог Ильдар Акбутин

— Карантинден кийин бири-бирибизден кооптонуп жашап калсак керек?

М.С: — Эми туугандар же жакшы санаалаш жакындар пандемиядан кийин мурдагыдай мамиледе болбой калат деп айтууга болбойт. Мамиле өзгөрбөйт. Тескерисинче, бекемделиши мүмкүн. Ал эми коомдук жайларда аралыкты сактап жүрө турганыбыз оң.

И.А.: — Жеке сурамжылоомдун натыйжасында бир кызык жагдайга туш болдум. Бизде көпчүлүгү вирустан эмес, жокчулуктан коркушат экен. Азыр көбүнчө адамдар айып пулдан коркуп үйдө отурушууда. Кыргызстандыктар коронавирустан өзүн коргоо үчүн үйдө болууда деп ишенимдүү айта албайбыз. Себеби алар эрки менен отурган жок.

— Пандемия кыргызстандыктардын социалдык жоопкерчилигин жогорулатабы?

М.С: — Өзгөчө кырдаал экономикалык, саясий жактан гана сынабастан, социалдык жактан да сынап жатат. Жаштардын арасында багытын билбегендер бар. Буларга кесибин тандоого чоң көмөкчү болот. Себеби алар дал ушул шартта дүйнөдөгү абалды карап, жеке анализ жүргүзө баштайт. Экинчиден, адамды үй-бүлөлүк баалуулуктарды сезе билүүгө түртөт. Аларды бири-бирине жакындатат. Мурда дайым жумушта жүргөн атасы эми эртели-кеч үйдө, анын көңүлүн алуу үчүн балдары сүрөт тартып, бир нерсе жасап аракеттенишет. Бул баланын жеке калыптануусуна пайда. Жубайлар да чечилбей келген маселени сөз менен чечип алуусу мүмкүн. Ошондой эле дал ушундай кырдаалда адам ынтымактын, биримдиктин барк-баасын билет. Ушундан улам жакындарынын алдында жоопкерчилик бекемдейт.

Кайталанма окшош күндөр адамга өз оюн анализдеп, электен өткөрүүгө ортоктош болот. Жеке мүмкүнчүлүктөрүн эсептеп, өзү үчүн жаңы нерселерге умтулуп, билим алуу кызыкчылыгы ачылат. Анткени ушинтип жүрө берсе кыйын кырдаалда эч ким жардам бербесин түшүнөт. "Мен киммин?" деп өзүн издей баштайт.

Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1510)

Тема боюнча

Кожогелдиева: дасторкон үстүндө баарлашуу конфликттин алдын алат
Бишкекте балдар психологдору телефон аркылуу акысыз кызмат көрсөтөт
Белгилер:
Кыргызстан, психолог, гигиена, карантин, пандемия

ЭҢ МААНИЛҮҮ