Польша менен Кытайдан келген дарыгерлер кандай шартта иштээри айтылды

© Фото / Пресс-служба Минздрава КРПольшадан сегиз медицина кызматкери келген
Польшадан сегиз медицина кызматкери келген - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ Польшадан сегиз медицина кызматкери келген, бүгүн Кытайдан дагы дарыгерлер тобу келери күтүлүүдө.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Польшадан келген дарыгерлер бүгүндөн тарта Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына жумушка чыгышты. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

© Фото / Пресс-служба Минздрава КРСегодня в Кыргызскую Республику по линии Всемирной организации здравоохранения прибыла группа медицинских специалистов из Республики Польша в составе 8 человек.
Польшадан келген дарыгерлер бүгүндөн тарта Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына жумушка чыгышты
 - Sputnik Кыргызстан
1/3

Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди - Sputnik Кыргызстан
2/3
Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди
© Фото / Пресс-служба Минздрава КРСегодня в Кыргызскую Республику по линии Всемирной организации здравоохранения прибыла группа медицинских специалистов из Республики Польша в составе 8 человек.
Белгилей кетсек, кечээ, 19-апрелде, коронавирус менен күрөшүүгө жардам берүү үчүн Польшадан 8 медицина кызматкери келген - Sputnik Кыргызстан
3/3
Белгилей кетсек, кечээ, 19-апрелде, коронавирус менен күрөшүүгө жардам берүү үчүн Польшадан 8 медицина кызматкери келген
1/3
Польшадан келген дарыгерлер бүгүндөн тарта Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына жумушка чыгышты
2/3
Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди
3/3
Белгилей кетсек, кечээ, 19-апрелде, коронавирус менен күрөшүүгө жардам берүү үчүн Польшадан 8 медицина кызматкери келген

Белгилей кетсек, кечээ, 19-апрелде, коронавирус менен күрөшүүгө жардам берүү үчүн Польшадан 8 медицина кызматкери келген.

“Дарыгерлер тобу бүгүн саат 9.00дөн тарта жумушка киришти. Алар биздин медицина кызматкерлери менен иштешип, бейтаптарды дарылоо процессине жардам берет. Бул жакта 24-апрелге чейин болуп, андан кийин Ош жана Жалал-Абад облустарына барышат”, — деди Үсөнбаев.

Ооруканадагы ИВЛ апараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда бир суткада 68 бейтап ооруканадан айыгып чыкты
Ошондой эле бүгүн дагы Кытайдан дарыгерлер тобу келе турганы кошумчаланды. Алар лабораториялык тестирлөөнүн ишине баа берип, медицина кызматкерлерин дистанттык түрдө окутат.

Учурда республика боюнча коронавируска кабылган адамдардын саны 568ге жетти. Анын ичинен 201 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Тилекке каршы, жетөө каза болуп калды.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0