Көзөмөл пунктта турган милиция кызматкери - Sputnik Кыргызстан

COVID-19 боюнча Кыргызстандагы абал: тексттик баяндама, сүрөт жана видео

Жазылуу
Дүйнөнүн көп өлкөлөрү сыяктуу эле Кыргызстан да коронавируска каршы күрөшүп жатат. Республикада COVID-19 жуктурган адамдардын табылганына бир айдан ашты.

Инфекцияны жуктуруп алгандардын саны күн сайын көбөйүп, жекшемби күнү жарым миңден ашты. Анын ичинен 134ү медицина кызматкерлери. Илдеттен 133 адам айыгып чыкса, бешөө көз жумду.

25-марттан баштап өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдан улам Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондоруна өзгөчө абал киргизилген. Мындай режимге 15-апрелден тарта Нарын шаары менен Ат-Башы району да кабылды. Ал эми калган аймактарда өзгөчө кырдаал режими иштеп жатат.

Sputnik Кыргызстан абал боюнча бүгүн да окурмандарга текст, фото жана видео түрүндө маалымат берүүсүн улантат.

Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
20:29 20.04.2020

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги аймактардагы жашы өткөн мугалимдер менен сүйлөшүп, ал-абалын билди. Агартуучулардын коопсуздугу үчүн алардын жаш курагы жана иштеген мектеби так көрсөтүлгөн жок. Бир гана мугалим өзүн жашырбастан пикирин айтты.

 

Курсы компьютерной грамотности для пенсионеров в Калининграде - Sputnik Кыргызстан
Интернеттин тилин билбей... Жашы өткөн мугалимдер онлайн-сабак өтүүдө кантти
20:27 20.04.2020

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев отставкага кетүү тууралуу арыз жазган эмес. Бул тууралуу өкмөт башчынын маалымат катчысы Адилет Султаналиев соцтармактагы баракчасына жазды.

 

 Премьер-министр КР Мухаммедкалый Абылгазиев - Sputnik Кыргызстан
Абылгазиев отставкага кетти деген маалымат төгүндөлдү
19:36 20.04.2020
19:25 20.04.2020

Ишеним телефондору:
  

Нарын шаардык ИИБи
03522 5-70-22
03522 5-09-20
Вотсап 0701 93-21-02

Нарын шаардык мэриясы
0704 19-23-10
0705 50-14-45
0555 50-14-45
03522 5-14-45

Ат-Башы району
0702 30-47-15
03522 42-37-39

19:08 20.04.2020
19:06 20.04.2020

Коронавирусту жуктурган адамды көзүнүн кызарышынан дагы билүүгө болот. Бул тууралуу “Известия” басылмасы жазат.

Ситуация в Румынии в связи с коронавирусом - Sputnik Кыргызстан
Көз кызарат. Коронавирустун дагы бир өзгөчө симптому айтылды
16:05 20.04.2020

"Дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясынын пандемиясына байланыштуу айрым дары-дармектерге жана медициналык каражаттарга баасы 15 пайызга чейин кымбаттады. Ошондой эле валюталар курсунун жогорулашы дагы өз таасирин тийгизип, дары-дармектерди алып келүү баасы эки эсе өстү. Биз мындай кырдаалдан чыгуунун жолун издөөгө аргасызбыз. Бүгүнкү күнү биз тартыштыктан өттүк, ошондуктан өлкөдө дарылардын жетишсиздиги жок. Кытай жана Россиядан дары-дармек каражаттарын жеткирүү жөнгө салынган, бирок азырынча Индиядан жеткирүү жабык", - деп билдирди Фармацевтикалык кеӊештин төрагасы Эрнис Асанов.

Сотрудник одной из аптек города Симферополя - Sputnik Кыргызстан
15:19 20.04.2020
15:15 20.04.2020

Эртең Ат-Башы районунун айылдарын дельталёт менен учуп дезинфекциялашат. Бул туурасында өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Эмилбек Алымкулов маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, учурда облустун бардык айылдарында дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп жатат.

“Биз дельталёт, дрондорду алуу боюнча Айыл чарба министрлиги менен сүйлөштүк. Буюрса эртең алып келинет. Аны менен Ат-Башынын бардык айылдарынын үстүнөн учуп дезинфекциялайбыз”, — деди облус жетекчиси.


 

13:50 20.04.2020

Коронавирус пандемиясына байланыштуу чектөөлөр миңдеген кыргызстандыктарды убактылуу жумушсуз калтырды. Айрыкча кызмат көрсөтүү тармагында иштеп, күнүмдүк акча тапкандар кыйналууда. Ал эми орто жана чакан бизнестин айрым түрлөрү таптакыр ишин токтотуп, карантин бүткөн соң кантип кайра бутуна турарын билбей турган учур.

Sputnik Кыргызстан редакциясы кызмат көрсөтүү менен алектенген кыргызстандыктар азыр кантип күн көрүп жатканына кызыкты. Айрымдары атын атабай турганыбызды уккан соң айласыздан жашыруун иштеп жаткандарын айтып берди.

 

Ситуация в Венесуэле из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Вирустан эмес, ачкадан өлчүдөйбүз. Карантинди бузган ишкерлердин ыймандай сыры
13:49 20.04.2020

Ансыз да үйдөн чыкпай кысылып жаткан баланы ур-токмок менен сабак окутуу туура эмес. Бул туурасында Ош шаарынын жана Ноокат, Кара-Суу райондорунун коменданты Малик Нурдинов маалымат жыйын учурунда билдирди.

Комендант балдарына бир тапшырманы аткартуу үчүн артынан түшүп урушуп, кээде ата-энелик укугунан аша чаап кеткен учурлар интернет булактарына чыгып жатканын эскертти.

“Бул зээнди кейитет, ата-эне мындай болбошу керек. Ал сиздин урпагыңыз, балким ошол сиз урушуп жаткан баладан эртең Ибн Сина, Гиппократ же дүйнөнү дүңгүрөткөн, Кыргызстандын желеген желбиреткен бир инсан чыгышы мүмкүн. Окуй албай жатса башынан сылап коюңуздар. Ал бала деле үйдө отура берип сыгылышы мүмкүн. Ур-токмок менен баланы тарбиялабайт. Бала — өзүбүздүн келечек. Башка бирөө баласын бербейт бизге. Кийинки мурасыбызга сабак окутууда өтө аяр мамиле кылсак демекчимин”, — деди комендант.



13:06 20.04.2020

Стратегиялык демилгелер агенттиги мигранттардын укугун убактылуу Россиянын жарандарыныкы менен теңеп турууну сунуштады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

 

Рейд УФМС по выявлению нелегальных мигрантов - Sputnik Кыргызстан
Мигранттардын укугун РФ жарандарыныкы менен теңеш керек. Жаңы сунуш
12:43 20.04.2020

Бүгүн, 20-апрелде, Кыргызстанга Кытайдан атайын дарыгерлер тобу келди.

 Маалыматка караганда, Кытай медиктери ата мекендик адистерге коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө көмөк көрсөтүп, топтолгон тажрыйбасы менен бөлүшөт.

 

Прибытие медицинских специалистов из Китая - Sputnik Кыргызстан
12:31 20.04.2020

 Транзиттик жүк ташуу борборунун аймагында жайгашкан 2 кабаттуу 6 корпустуу имараттын конструкциялык жана жалпы пландык структурасы өзгөртүүсүз калтырылып, кайрадан ылайыктап куруу каралган. Жыйынтыгында ар бир бөлмөдө санитардык түйүндөр унитаз, жуунгуч, душ кабиналары каралган, 700 адамга (медициналык персонал менен) ылайыкташтырылат. Обсервацияга алынган жарандарыбызга жана ал жерде кызмат кыла тургандарга толук шарттар түзүлмөкчү.

Учурда курулуш иштерине 250 жумушчу тартылып, күнү-түнү иш жүрүп жатат.

Маалыматты ӨКМден билдиришти.

 

11:42 20.04.2020

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев жеке лабораторияларда ПЦР-тест тапшыруунун баасы 2 миң сомдон жогору болорун айтты.

"Мындай анализ тапшыруу бүгүн-эртең башталат. Жеке менчик ири лабораториялардын бири мамлекеттик лабораториянын базасында иштөөгө киришти. Бир анализ алууга кетчү чыгым 2 миң сомдон бир аз жогору болот”, — деди Үсөнбаев онлайн-маалымат жыйында. 


 

11:20 20.04.2020

“Бишкекте элдин аз санда чыгып калганы байкалды. Ошентсе да, парктарда, скверлерде жаш балдар менен ата-энелердин жүргөнү байкалат. Кимде-ким көчөдө велосипед менен жүрүп, карантиндин талаптарын аткарбай жана сантитардык норманы сактабаса, велосипеди убактылуу алып коюлат”, - деди Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев онайлн-брифинг учурунда.

 

11:11 20.04.2020

Кош бойлуу аялдар өзүн COVID-19 вирусунан сактоо үчүн изоляциянын шартын эки эселеп кармануусу керек. Бул тууралуу Sputnik радиосуна акушер-гинеколог Любовь Ерофеева айтып берди. “Мисалы, үй-бүлөнүн башка мүчөлөрү дүкөнгө, дарыканага, банкка баруу сыяктуу зарыл иштер менен сыртка чыгып келип жатса, кош бойлуу аял бул жагынан дагы өзүн чектеши керек. Анткени кош бойлуулук ансыз деле өнөкөт ооруларды козгоп, организмге өзгөчө кылдат мамиле кылууга мажбур кылат. Ал эми буга кошул-ташыл болуп вирус жабышса, аял бир топ кыйналып калат”, — деди Ерофеева. Анын айтымында, бул учурда аял ого бетер ашыкча салмак кошуп албашы үчүн үйдүн ичинде ары-бери көп басып, үй оокаттарын жасай бериши керек.

Ситуация в Гонконге в связи с коронавирусом - Sputnik Кыргызстан
10:26 20.04.2020
10:24 20.04.2020

Үсөнбаев: Чуй облусунан бир аял -  70 жашта, Ош шаарынан бир эркек киши - 79 жашта. Алар дарыгерлерге кеч кайрылган.  Жалпысынан республикада коронавирустан 7 адам каза болду.

10:21 20.04.2020
10:19 20.04.2020

 
Жалал-Абад облусу – 105

Ош облусу – 147

Ош ш. – 87

Чүй облусунда – 32

Бишкек ш. – 115

 Баткен облусунда – 6

Нарын облусу – 68

Ысык-Көл облусунда – 8

10:14 20.04.2020

Аларды 39у -  дарыгер

38и -  орто медкызматкер 

23ү  - кенже мед кызматкер

Андан сырткары IT адиси, ашканада жана админстративдик чарбада иштеген кызматкерлер бар. 

10:11 20.04.2020

Үсөнбаев: Кытайдан келе турган медиктер лабораториялык иштерге, анализдерди аныктоого катышып, андан сырткары дарыгерлерди аралыктан окутат. 

10:11 20.04.2020

Үсөнбаев: бүгүн саат 9дан тарта Республикалык клиникалык жугуштуу ооруканасында жаткандарды дарылоого жардам берип, биздин медиктерге көмөктөшөт. Аэми 24-апрелден тарта Ош менен Жалал-Абадга учуп, ал жерден ишин улантат.

10:10 20.04.2020

 Бишкек ш. – 4
Чүй облусу – 2
Ош ш. – 4
Жалал-Абад облусу - 3
Нарын облусу – 1

10:10 20.04.2020
10:08 20.04.2020
10:07 20.04.2020
10:07 20.04.2020
10:06 20.04.2020
10:05 20.04.2020
10:02 20.04.2020
10:00 20.04.2020
10:00 20.04.2020
10:00 20.04.2020
09:43 20.04.2020

Коменданттык сааттын талаптарын бузгандар төмөнкү жерлерде катталды:

Бишкек шаарында — 66;
Жалал-Абад шаарында — 4;
Ош шаарында — 3;
Сузак районунда — 2;
Ноокат району — 1;
Нарын шаары — 4;
Ат-Башы районуну — 1.
Ал эми Кара-Суу районунда тартип бузуулар катталган жок.

Жалпысынан Кыргызстанга өзгөчө абал киргизилгенден, тагыраагы, 25-марттан тарта коменданттык саат эрежесин бузган 2970 адам кармалды.

 

09:38 20.04.2020
09:33 20.04.2020
09:14 20.04.2020

Россияда калып калган Кыргызстандын жарандарын элчилик учак жана автобустар менен мекенге кайтарып келүү үчүн тизме түзүп жатат деген маалымат чындыкка туура келбейт. Бул туурасында КРдин РФтеги өкүлчүлүгү билдирди.

 

Прилет россиян из Нью-Йорка в Москву - Sputnik Кыргызстан
Россиядан КР жарандарын учак, автобус менен алып келишеби? Элчиликтин жообу
09:10 20.04.2020

Медицина кызматкерлеринин иш-аракетин колдоо үчүн ресурс киргизилгенин Республикалык штаб билдирди.

Ага ылайык, медиктер аталган штабда жеке каралуучу билдирмелерди med.tunduk.kg ресурсу аркылуу керектүү формада толтурушат.

"Ресурс менен медицина кызматкерлери саламаттык сактоо уюмдарын камсыз кылуучу керектүү каражаттарга, жеке коргонуу каражаттарына, медициналык жабдууларга жана дары-дармектерге байланышкан билдирүүнү жөнөтө алат. Ошондой эле Республикалык штабга жумушундагы көйгөйлөрү жана кыйынчылыктар (өткөрмө кагаздары, тамак-аш менен камсыз кылуу, эмгек акысын төлөө жана башка) боюнча айта алышат", — деп айтылат маалыматта.

 

 

Жаңылыктар түрмөгү
0