23:03 05 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.1102
  • EUR86.6140
  • RUB1.0938
Коом
Кыскача шилтеме алуу
97 0 0

Доллар өсүп кеткенине байланыштуу апрелдин башында тарифтер дээрлик эки сомго жогорулаган. Бирок коронавирус кырдаалын эске алуу менен баалар кайра төмөндөдү.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. "Газпром Кыргызстан" ишканасы апрелдеги газдын тарифин март айындагы баа менен эсептеп, арзандатмай болду. Бул боюнча премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен компаниянын башкы директору Болот Абилдаев сүйлөшкөнүн өкмөттөн билдиришти.

Эске салсак, буга чейин газдын бир куб метри калк үчүн 15,3 сомдон 17,6 сомго кымбаттаганы айтылган. Ал эми өндүрүш ишканалары, коммерциялык тараптар жана бюджеттик уюмдарга 18,7 сомдон 21,3 сомго жогорулаганы белгиленген. Баанын өсүшү доллардын кымбаттаганы менен түшүндүрүлгөн болчу. Абилдаев коронавирус эпидемиясына байланыштуу компания чечим кайра караларын билдирген.

"Март айындагы тариф кайра кайтарылат. Ошондо апрелде кыргызстандыктар бардык салыктарды эске алганда газдын бир куб метри үчүн 15,5 сомдон, ишканалар менен коммерциялык уюмдар 19 сомдон төлөшөт", — дешти компаниядан.

Доллар баасынын ортосундагы айырмачылыктарды "Газпром" өзү жапмай болду.

Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин буйругунун негизинде "Газпром Кыргызстан" ай сайын Улуттук банк белгилеген доллардын сомго карата баасы боюнча тарифтерди эсептеп турушу керек.

Компаниядан билдиришкендей, 1-апрелде бир доллар 82,2 сом, мартта болсо 69,85 сом болуп турган.

Тема боюнча

Кыргызстанда жаратылыш газы кымбаттады. Себеби
Белгилер:
тариф, Газпром, газ, Мухаммедкалый Абылгазиев, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ