БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Кыргызстанда дагы 11 кишиден COVID-19 аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, жалпы бейтаптардын саны 430га жетти.
"Бишкекте сегиз кишиден, Чүй облусунда бир, Жалал-Абад облусунда эки адамдан коронавирус чыкты. Анын алтоо аял, бешөө эркек киши", — деди министрдин орун басары.
Ал эми акыркы маалымат боюнча жалпы статистика төмөнкүдөй:
- Жалал-Абад облусунда — 93;
- Ош облусунда — 128;
- Ош шаарында — 59;
- Чүй облусунда — 28;
- Бишкек шаарында — 77;
- Баткен облусунда — 5;
- Нарын облусунда — 34;
- Ысык-Көл облусунда — 6.
Булардын ичинен 230у аял, 200ү эркек киши.
Кыргызстанда ушу тапта абал кандай болуп жатканын Sputnik агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик баяндамадан билүүгө болот.