Автобустун ичин дезинфекциялап жаткан адам - Sputnik Кыргызстан

Кыргызстандагы коронавирус боюнча тексттик баяндама. 28-күн

Жазылуу
Кыргызстанга COVID-19дан улам киргизилген өзгөчө абалдын мөөнөтү эртең аяктары айтылган.  Бирок Республикалык штаб аны узартуу боюнча президентке сунуш киргизди.

Учурда өлкөдө эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Ооруга чалдыккандардын саны күн санап өсүүдө. Алардын арасында медициналык кызматкерлер да бар. Коронавирус жуктуруп алып 5 киши каза тапты.

Кыргызстандагы эпидемиологиялык абалдан улам 25-марттан тарта Кыргызстандагы үч шаар менен үч районго өзгөчө абал киргизилген. Алар Бишкек, Ош жана Жалал-Абад калаалары менен Кара-Суу, Ноокат, Сузак райондору.

Sputnik Кыргызстан абал боюнча бүгүн да окурмандарга текст, фото жана видео түрүндө маалымат берүүсүн улантат.

Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
19:27 14.04.2020
19:18 14.04.2020

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги ушу тапта Нарын облусунда абал кандай экенин билип көрдү. Аталган аймак боюнча COVID-19 инфекциясын жуктурган 34 учур катталган. Анын бешөө Нарын шаарында, бирөө Кочкор районунда, тогузу Жумгалда. Дагы 19 бейтап Ат-Башы райондук ооруканасында дарыланууда.

Ал эми Ак-Талаа жана Нарын райондорунда коронавирус жуктурган учур катталган эмес.  

Ситуация в Бишкеке в связи с введенем ЧП из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Өзгөчө абал кирген Нарын шаары менен Ат-Башы. Облуста абал кандай
17:46 14.04.2020

Райондун аймагында Ат-Башы РИИБдин кызматкерлери11 айыл өкмөтүнүн кире беришинде орнотулган 15 санитардык-эпидемиологиялык карантиндик посттордун жанында кирип-чыккан автоунааларды текшерип жатат.

Аны менен катар эле элди дүрбөлөңгө салбоого, максатсыз үйлөрүнөн чыкпоого эскертип, жугуштуу илдеттин жайылуусунун алдын алуу иштерин жүргүзүүдө.
Коомдук коопсуздукту, жарандардын коопсуздугун жана алдын алуу иш-чараларынын жүрүшүндө Ат-Башы милициясы күчөтүлгөн тартипте кызмат кылышууда.
Ат-Башы РИИБдин кызматкерлери атайын бөлүнгөн кызматтык автоунаа менен райондун ички көчөлөрүн жана алыскы айылдарды кыдырып, үндү катуу чыгаруучу каражаты менен илдеттин алдын алуу боюнча жарандарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бул иштеп жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жана ошондой эле элдик кошуундар менен биргеликте жасалып жатат.
Бүгүнкү күндө жалпы милиция кызматкерлери коргонуучу кийимдер менен камсыз болушкан.

17:41 14.04.2020

Жеңилдетилген насыялар кайсы банктарда, канча пайыз менен берилип жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуй аласыздар.

Работа ООО Сахарный комбинат Тихорецкий в Краснодарском крае - Sputnik Кыргызстан
Фермер, дыйкандар жеңилдетилген насыяны кайдан кантип алса болот? 6 суроого жооп
16:43 14.04.2020
16:24 14.04.2020

"Саламаттык сактоо министрлиги эки кызматкер коронавирус жуктуруп алганын билдирди. Алардын бири – ыкчам штабга тартылган ведомство алдындагы саламаттык сактоо уюмунун, экинчиси – күзөт кызматынын кызматкери", - деп билдирди Республикалык штаб.

Аларда COVID-19 вирусу тастыкталгандан кийин, алар менен байланышта болгон министрликтин бардык кызматкерлеринен анализдер алынып, жыйынтыктары коронавирус жок экенин көрсөткөн. 
Республикалык штабдан ооруну жуктуруп алгандар обсервацияда дарыланып жатканын кошумчалашты.  

15:56 14.04.2020
15:48 14.04.2020

"Газпром Кыргызстан" ишканасы апрелдеги газдын тарифин март айындагы баа менен эсептеп, арзандатмай болду. Бул боюнча премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен компаниянын башкы директору Болот Абилдаев сүйлөшкөнүн өкмөттөн билдиришти.

 

Март айындагы тариф кайра кайтарылат. Ошондо апрелде кыргызстандыктар бардык салыктарды эске алганда газдын бир куб метри үчүн 15,5 сомдон, ишканалар менен коммерциялык уюмдар 19 сомдон төлөй турган болду.

 

Доллар баасынын ортосундагы айырмачылыктарды "Газпром" өзү жапмай болгону айтылды. 

 

15:30 14.04.2020

"Гуманитардык жардамдарды таратуу иштери дагы улантылат. Каттоосу бар-жогуна карабастан, облустун аймагында жашап жаткан ар бир кайрылган муктаж жаранга жардам беребиз. Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө ыкчам байланыш номерине чалыңыздар 03222 55425 ”, -  деди Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев.

15:17 14.04.2020

Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев өзгөчө абал режиминин мөөнөтүн орозо бүткөнгө чейин узартууну сунуштады.

Депутаттын пикири боюнча, рамазан айында адамдар бири-бирине каттап, көп адам чогулгандыктан коронавирус дагы күч алып кетиши ыктымал.

"Болжол менен 24-апрелде орозо башталат. Ал эми саламаттык сактоо министри Сабиржан Токтосунович коронавирустун туу чокусу 20-25-апрелге барат деп жатат. Бирок менин андан күмөнүм бар. Дүйнөлүк эксперттер майдын аягында, июнда гана чегине жетет деп жатат. Эми ал дагы биздин иштегенибизге жараша болот. Мүмкүн өзгөчө абалды орозо айы бүткөнгө чейин узартуу туура болоттур... Ачып жиберсеңер эл чогула баштайт да", — деди Казакбаев.

 

14:15 14.04.2020

"Кечээ Кытайдын элчиси менен сүйлөштүк, ал жактан уруксат берилиптир, жакын арада келишет. Учурда Тышкы иштер министрлигинин деңгээлинде сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Так датасы бүгүн-эртең билинет”, — деди Исмаилова.


Белгилей кетсек, мындан 20 күн мурун Кыргызстан коронавирус менен күрөшүү үчүн кытайлык дарыгерлерден жардам сураган.

 

 

14:14 14.04.2020
13:42 14.04.2020

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-апрелде «Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө " Жарлыкка кол койду.

Жарлыкта төмөндөгүлөр белгиленет:

«2020-жылдын 11-мартында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19 жаңы коронавирустук инфекциясынын (мындан ары — коронавирустук инфекция) жайылышын пандемия катары жарыялады.

2020-жылдын 18-мартынан 14-апрелине чейинки мезгил аралыгында Кыргыз Республикасынын аймагында жарандардын коронавирустук инфекцияны жуктуруп алган 430 фактысы, анын ичинде Нарын шаарында — 5, Нарын облусунун Ат-Башы районунда — 19 факт тастыкталды.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 
9-бөлүгүнүн 2-пунктуна, „Өзгөчө абал жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4 жана 
7-беренелерине ылайык жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоонун, алардын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыз кылуунун өзгөчө кызыкчылыгын көздөп, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка аймактарына коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо максатында токтом кылам:

Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында 2020-жылдын 15-апрелинен саат 08.00дөн баштап 2020-жылдын 30-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилсин.
Өзгөчө абал киргизилген мезгилде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын начальниги Аалиев Уланбек Карыбекович Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты болуп (мындан ары — Комендант) дайындалсын.
Өзгөчө абал режимин камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында комендатура түзүлсүн.
Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун комендатурасы жөнүндө жобо бекитилсин.
Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында төмөнкүдөй өзгөчө чаралар, жарандардын укуктарын жана эркиндигин убактылуу чектөөлөр жана алардын кошумча милдеттери аныкталсын.

13:32 14.04.2020
13:22 14.04.2020

Коронавирус пандемиясынын тушунда жасалма дем алдыруу аппараты жетиштүүбү деген маселе бүт өлкөнү ойго сала баштады. Себеби ошол эле Италияда бул жабдыктын жетишсиздигинен адамдар каза болуп жатпайбы... Жаш инженер Санжар Жумабеков кырдаалга бөлөкчө карап, арзан аналогун ойлоп чыгууга эмнеге болбосун деп ой толгогон.

 

Молодой инженер Санжар Жумабеков - Sputnik Кыргызстан
100 эсе арзан! Кыргызстандык жигит жасалма дем алдырчу аппараттын аналогун жасады
13:18 14.04.2020

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондоруна киргизилген өзгөчө абал режиминин мөөнөтүн апрелдин аягына чейин (30-апрель) узартуу боюнча Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.  

Эми акыркы чечимди парламент кабыл алат. Буга чейин Жогорку Кеңеш 15-апрелде жыйынга чогулаары айтылган. 

 

 

10:50 14.04.2020

“Жугуштуу оорулардын козгогучу менен иштеп жаткандан кийин бул лабораторияда катуу тартип сакталышы керек. Биз бардык талаптарды коюп, азыр шаймандар дайындалып жатат. Эмки аптадан баштап ал ишке киришет деген пландар бар”, — деди Үсөнбаев.

 

Тестирование на коронавирус в Забайкалье - Sputnik Кыргызстан
Эмки аптада каалоочулар акы төлөп анализ тапшырчу лаборатория ишин баштайт
10:32 14.04.2020
10:18 14.04.2020

Үсөнбаев: Муну аныктаган адистерден, окумуштуулардан турган атайын топ түзүлгөн. Күн сайын иликтөө, байкоо жүрүп жатат.

Алардын айтымында 20-24-апрелде болушу мүмкүн.

Андыктан, элдин коюлган чектөөлөргө түшүнүү менен карашы абдан маанилүү.

10:14 14.04.2020

Үсөнбаев: COVID-19 жуктуруп алгандар менен байланышта болгондордун саны 7 100. 
Жакын байланыштар – 1 417
Башка байланыштар  – 5 683.

Үсөнбаев бул сандар өзгөрүшү мүмкүндүгүн айтты. 

10:13 14.04.2020
10:11 14.04.2020

Үсөнбаев: Учурда коронавируска каршы күрөшүп жаткан медицина кызматкерлеринин саны 5,5 миңге чукул. 

10:10 14.04.2020

 Жалал-Абад облусунда – 93
Ош облусунда – 128
Ош ш. – 59
Чүй облусунда – 28
Бишкек ш. – 77
Баткен облусунда – 5
Нарын облусунда – 34
Ысык-Көл облусунда – 6.

 

10:10 14.04.2020
10:09 14.04.2020
10:09 14.04.2020
10:06 14.04.2020

Бишкекте – 8
Чүй облусунда – 1
Жалал-Абад облусунда – 2
Жаӊы учурлардын ичинен 6 аял, 5 эркек.

10:03 14.04.2020
10:03 14.04.2020
10:03 14.04.2020
09:55 14.04.2020

Кыргызстандын өзгөчө абал киргизилген аймактарында 13-арель кечинде жана 14-апрелге караган түнү коменданттык сааттын эрежесин 46 адам бузуп, 9 автоунаа айып короого киргизилди. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Коменданттык сааттын эрежеси боюнча Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарлары, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондорунда кечки 8.00дөн эртең мененки саат 7.00гө чейин көчөдө жүрүүгө тыюу салынат.

Билдирүүгө ылайык, Бишкек шаары боюнча 40, Жалал-Абад шаарында алты факты катталды.

Ал эми Ош шаары, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак, райондорунда тартип бузгандар болгон эмес.

 

 

09:39 14.04.2020

10-апрелден медициналык товарлар экспортко чыгып бара жатканда сапатын жана коопсуздугун текшерүү үчүн Башкы бажы кызматы тараптан экспертизадан өткөрүлөт. 

 

Работа аптеки в Новосибирске - Sputnik Кыргызстан
Кытайдан медициналык товар алган ишкерлерге жаңы талаптар коюлат
09:23 14.04.2020

Бишкекте айрымдардын карантиндик-санитардык посттордон өтүүгө уруксат берген кагаздарды башка, коммерциялык максатта пайдаланып жатканы аныкталды. Бул тууралуу комендатурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, шаар ичинде азык-түлүк ташыйм деп уруксат кагаз алгандар кийин такси кызматын көрсөтө башташкан.

 Комендатурадан мындай адамдар жоопко тартыларын айтышты.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0