Новосибирскиден уча албай калган 132 кыргызстандык мейманканага жайгаштырылды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүВолонтеры помогают застрявшим в аэропорту Толмачево в Новосибирске гражданам Киргизии
Волонтеры помогают застрявшим в аэропорту Толмачево в Новосибирске гражданам Киргизии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
31-марттан тарта Новосибирск облусунун аймагында өзүн-өзү изоляцияга алуу тартиби киргизилген. Ага ылайык, жарандардын жүрүшүнө жана уюмдардын ишине тыюу салынган.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Новосибирск облусунун Толмачево эл аралык аэропортунда КРге учуп кетчү 132 кыргызстандыкты жайгаштыруу маселеси чечилди. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Маалыматка ылайык, мекендештердин маселесин башкы консулдук КР Мамлекеттик миграция кызматынын Сибирь федералдык округундагы өкүлчүлүгү менен биргеликте чечкен.

"Учуп кетүүгө камынгандар чартердик каттамды уюштурганга чейин Новосибирск шаарынын мейманканаларына жайгаштырылган. Аларды тамак-аш менен Кыргызстандагы миграция боюнча эл аралык уюмдун миссиясы камсыздаган. Новосибирскидеги кыргыз диаспорасы транспорт жана ысык тамак менен камсыз кылууга көмөк көрсөттү", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Новосибирскинин Толмачево аэропортунан мекенине кете албай жаткан кыргызстандыктар бийликтин көңүлүн бурдуруу үчүн ачкачылык жарыялоону чечишкени айтылган. 

Ага "Манас" аэропорту каттамдардын баарын жаап салганы себеп болгон. Орто жолдо калган кыргызстандыктар өлкөнүн Новосибирскидеги башкы консулдугуна жана Тышкы иштер министрлигине кайрылган.

Эске салсак, 31-марттан тарта Новосибирск облусунун аймагында өзүн-өзү изоляцияга алуу тартиби киргизилген. Ага ылайык, жарандардын жүрүшүнө жана уюмдардын ишине тыюу салынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0