Өкмөт улуу муундагы адамдарды иштен толук бошотуу керектигин эскертти

© Sputnik / Михаил Мордасов / Медиабанкка өтүүКомпьютерде иштеп жаткан адам. Архив
Компьютерде иштеп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт коомдук транспорт токтотулгандыктан, ар бир мамлекеттик орган жумушка чыккан кызматкерлерин ташууга милдеттүү экенин да айткан.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзгөчө абал режими учурунда улуу муундагы адамдарды аралыктан иштөөгө которуу же иштен толук бошотуу зарылдыгын эскертти. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, өкмөт сунуштама бергендигине карабай айрым уюмдар улгайган адамдарды иштен толук бошотпой жатканы маалым болгон.

"Абылгазиев өзгөчө абал режимин эске алып, улгайып калган адамдарды иштен толук бошотуу керектигин дагы бир жолу эскертти. Ошондой эле коомдук транспорт токтотулгандыктан, ар бир мамлекеттик орган жумушка чыккан кызматкерлерин ташууга милдеттүү", — деп айтылат билдирмеде.

Өкмөт мүмкүн болсо онлайн-сервистерди колдонууну да сунуштады.

Дом ассоциации в Париже - Sputnik Кыргызстан
Балалуу мамкызматкерлер кандай тартипте иштейт? Өкмөттүн жообу
"Инфекциянын жугуу тобокелдиктерин максималдуу түрдө азайтуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү жасап жатабыз. Аларга мамлекет жана жеке менчик түрүнө карабастан бардык түзүмдөрдүн жетекчилери гана эмес, жалпы жарандарыбыз, алардын туугандары жана жакындары да жардам бериши керек", — деген Абылгазиев.

Эске салсак, өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 44кө жетти. Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына жана өлкөнүн үч районуна өзгөчө абал киргизилди. Коомдук транспорттун баары токтоп, кечки саат 20:00дөн тарта эртең мененки 7.00гө чейин Бишкекте, Ошто, Жалал-Абадда коменданттык саат жарыяланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0