00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Стимул
17:05
51 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
6 мин
Особый акцент
Жара опасна для гипертоников: кардиолог о симптомах, воде и правилах поведения летом
14:08
60 мин
Ачык кеп
Бишкек шаарындагы дарактарды коргоо жана жашылдандыруу иштери
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
«Театр Боотура» в Бишкеке: якутский эпос, три «Золотые маски» и живой диалог со зрителем
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Пассивдүү жашоо образы дүйнөдө өлүмдүн төртүнчү себеби болуп калды — буга эмне кылуу керек?
17:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Тема дня
Утилизационный сбор год спустя: сколько собрали и почему переработка всё ещё буксует
18:08
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Оор жараатка карабай жашоону сүйгөн ардагердин өмүрү
19:06
32 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Кто и как считает климатический ущерб в КР
20:06
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
8 мин
Ачык кеп
Бишкек шаарындагы дарактарды коргоо жана жашылдандыруу иштери
21:10
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бишкекке дагы бир илбирсти алып келишти. Жырткычтын сүрөт, видеосу

© Фото / пресс-служба немецкого Союза охраны природы в Кыргызстане (NABU)Обнаружение снежного барса в Джумгальском районе
Обнаружение снежного барса в Джумгальском районе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ветеринарлар илбирстин үч тишинин жоктугу анын жаратылышта өз алдынча аңчылык кыла албай турганынан кабар берерин айтышты.

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Бишкекке Жумгал районунан дагы бир илбирсти алып келишти. Бул туурасында Германиянын Кыргызстандагы Жаратылышты коргоо союзунун маалымат кызматы (NABU) билдирди.

9-январда кызыл китепке кирген жаныбарды Кашка-Суу кыштоосунан жергиликтүү тургундар көрүп калып "Илбирс тобуна" кабарлашкан. NABU менен Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери жерине барып, жаныбарды сарайдан табышкан. 

© Видео / пресс-служба немецкого Союза охраны природы в Кыргызстане (NABU)Бишкекке Жумгал районунан дагы бир илбирсти алып келишти
Бишкекке дагы бир илбирсти алып келишти. Жырткычтын сүрөт, видеосу - Sputnik Кыргызстан
Бишкекке Жумгал районунан дагы бир илбирсти алып келишти

Сарайдын ээсинин айтымында, жырткыч бул жайдан алыс эмес жердеги кыштоодогу малга кол салганга аракет кылганда ага иттер асылган. Илбирс сарайга качып кирип, чыга албай калган. Жашоочу иттерди кубалап, тийиштүү кызматтарга байланышкан.

Жаныбарды 10-январь күнү кечинде Бишкектеги NABUнун кеңсесине алып келишкен. Ветеринар Бакыт Ажыбеков жаныбарды карап чыккан.

Анын айтымында, жырткыч болжолу менен 11-12 жашта — бул улгайган курак. Үч тишинин жоктугу анын жаратылышта өз алдынча аңчылык кыла албай турганынан кабар берет.

Ветеринар кошумчалагандай, жаныбардын абалы ортодон төмөн, ага жакшы кам көрүү жана дарыгерлердин көмөгү керек. Илбирс айланадагыларга ыркырап, стресс абалында жүрөт.

Зоопарк Чапультепек в Мехико, Мексика - Sputnik Кыргызстан
Таласта эл бактын башынан кармаган бала илбирске операция жасалды. Сүрөт, видео
"Илбирс тобунун" жетекчиси Жыргал Султанов билдиргендей, илбирсти иттер талаганын далилдеген белгилер жок.

Жаныбардын мындан кийинки тагдырын Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги чечет. Бирок адис илбирске дайыма кам көрүү керектигин, антпесе эркиндикте өлүп калышы мүмкүндүгүн белгиледи.

Буга чейин дагы бир илбирсти Таластан Бишкекке алып келишкен. Жаныбар бакка чыгып, бутактарга тыгылып калган. Кийинчерээк ал ок жегени белгилүү болгон. Ага Бишкектен операция жасалып, баш жагынан эле 60ка чукул чачма ок табылган. Бирок анын кареги адамдар кармаганга чейин эле агып калган. Илбирстин сол көзүнүн көрүшү да болжол менен 40 пайызды түзөт. Адистер кармалган илбирс эркек экенин, болжол менен эки жашка чыккандыгын айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0