Россияда Азиз Батукаевдин эжеси суракка алынды

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүРоссиянын полиция кызматы. Архив
Россиянын полиция кызматы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жактоочунун айтымына караганда, Яха Батукаева тергөөдө бир тууганынын Кыргызстандан чыгып кетүүсүнө кандайча жардамдашкандыгын айтып берген.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Россияда криминалдык төбөл Азиз Батукаевдин эжеси суракка алынды. Бул тууралуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Sputnik агенттигине билдирди.

Анын айтымына караганда, Яха Батукаева тергөөдө бир тууганына Кыргызстандан чыгып кетүүсүнө кандайча жардамдашкандыгын айтып берген.

"Көрсөтмө берип жатканда кыргызстандык саясатчылардын ичинен эч кимисинин мыйзамга каршы жасаган иштери боюнча айткан жок. Анын ичинен Алмазбек Атамбаевдин ысымы аталган жок", — деди юрист.

Атамбаевди кримтөбөл Азиз Батукаевдин Кыргызстандан чыгып кетиши боюнча иш менен кармашкан. Учурда мурдагы президент УКМКнын тергөө абагында отурат.
Жакында эле кримтөбөл Батукаевдин иши боюнча соттук отурум болгон. Ага мурдагы президент Алмазбек Атамбаев катышуудан баш тартып, барбай койгон. Атамбаевдин адвокаттары мурдагы президент "азыркы бийликтин оюнуна катышпайм" деп айтканын билдиришкен. Ошентип отурумду ансыз өткөрүү чечими кабыл алынган.

Сот иши жабык эшик артында өтүп, ага бир катар айып тагылгандар келди. Арасында мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева дагы бар.

Исправительная колония в Приморском крае - Sputnik Кыргызстан
Рысбек Акматбаев менен айыгыша тирешкен. Азиз Батукаев тууралуу 8 факты
Батукаев 2006-жылы баңгизатты мыйзамсыз сактоо, жарылуучу заттарды жана курал-жаракты мыйзамсыз алып жүрүү, массалык башаламандык уюштуруу боюнча айыпталып, 16 жылга эркинен ажыратылган. 2008-жылы абак тартибин бузганы үчүн жаза мөөнөтүнө дагы эки жыл кошулуп, Нарындын №24 абагына которулган. Бирок 2013-жылдын 9-апрелинде оор дартка кабылганына байланыштуу делип бошотулуп, Кыргызстандын аймагынан Грозныйга учуп кеткен.

2014-жылдын 20-майында КР Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Батукаевге эл аралык издөө жарыялаган. ИИМдин маалыматы боюнча, учурда Батукаев курал-жарак сактаганы үчүн үч жылга эркинен ажыратылып, Чечен Республикасында жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

2019-жылы апрелде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов ЖК жыйынында криминалдык авторитет Азиз Батукаевдин иши кайра жанданганын билдирген.

Анын бошотулушу боюнча бир катар мурдагы аткаминерлер менен дарыгерлер да суракка чакырылып, кээси камакка алынган. Ал эми мурунку башкы прокурор Аида Салянова, ошол кездеги вице-премьер Шамил Атаханов жана саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, мурунку башкы прокурор Индира Жолдубаева тергөө менен кызматташмай болду деген жүйө менен үй камагына чыгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0