06:14 24 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR75.5323
  • RUB1.0863
Коом
Кыскача шилтеме алуу
4116 0 0

Кыргызстандык Орозбай Колубаев 1990-жылдардын башындагы армян жана азербайжандардын ортосундагы жаңжалдын кандай кооптуу болгонун эскерет. "Тирешкен тараптардын ортосундагы тирүү калкан болуп турушубуз керек эле. Ал жакта Афганистандагыдан да кыйын болду", — деп моюнга алат ал.

Полковник Орозбай Колубаев колуна нечен ирет курал алып, ок чыгарган. Качандыр бир кезде Афганистанда душмандар менен күрөшкөн. Кийин аны Карабак коогалаңы чыккан аймакка жөнөтүшкөн. Анан, албетте, офицер 1999-2000-жылдары Кыргызстанды Өзбекстан ислам кыймылынын согушкерлери басып киргенде да четте карап турган эмес.

— Жоокердик чыйырыңыз Афганистанда башталган экен. Кандайча ал окуяларга чакырылдыңыз?

— Биздин бөлүктөн бир офицер Афганистанга жөнөтүлөрү жөнүндө буйрук келди. Бирок бара турган киши ал жакка аттануудан баш тартты. Ошондо командир мени менен бирге кызмат өтөгөн жолдош баланы чакырды.

"Афганистан демократиялык республикасына экөөңдүн бирин жөнөтүшүбүз зарыл. Ким барарын чечкиле, беш мүнөтүңөр бар" – деди. Мен дароо эле: "Витя, сенин аялың, үй-бүлөң бар, ал эми мен бойдокмун. Демек, мен барайын" – дедим. Бирок кийинчерээк жетекчилик Афганистанга экөөбүздү тең жиберүүнү чечиптир. Офицердин баш тарткандыгы үчүн ушундай жаза болду окшойт. Кабулга учуп барганыбызда негедир Ош калаасына окшоштурдум. Бар тарабынан тоолор менен курчалган. Боз топурак, ысык тим эле куйкалайт.

Биринчи аптада биз авиабазада болдук, аны моджахеддер улам бомбалашчу. Бир жолкусунда реактивдүү снаряд тик учакка келип түштү. Винттин жазы бир жери учуп келип имараттын чатырына, гезит окуп жаткан прапорщикке тийди. Байкуш согушууга да үлгүргөн жок... 

Ветеран афганской войны, полковник Орозбай Колубаев во время беседы на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Полковник Орозбай Колубаев: Кабулга учуп барганыбызда негедир Ош калаасына окшоштурдум. Бар тарабынан тоолор менен курчалган. Боз топурак, ысык тим эле куйкалайт.

— Афганистан туурасында тартылган көп тасмаларда командирлер жоокерлерди жергиликтүү жашоочулардан өтө этият болууга чакырат. Жөнөкөй эле көрүнгөн абышка советтик солдатка граната ыргытышы толук ыктымал болчу дешет.

— Биздин аскердик бөлүк Шиднандда жайгашкан. Жергиликтүү тургундар менен көп сүйлөшчүбүз, алардан эч кандай коркунуч туулчу эмес. Совет бийлиги көмөктөшүп жатканын алар жакшы билишчү. Биздин адистер Афганистанга канчалаган объектилерди куруп беришкен! Моджахеддер анын баарын талкалашкан. Салыштыруу үчүн ошол эле америкалыктар эч нерсе кылышпайт, алар өз базаларынан да чыгышпайт.

— Афган аялдары менен сүйлөшө алчу белеңиздер?

— Албетте, жок! Алар чоочун эркек кишиге жүзүн көрсөтүүгө да укугу жок болчу! Бир окуяны айтып берейин. Афгандык бир киши келип, орусча таптаза сүйлөп, бизден гезит сурады. Көрсө, ал мурда СССРдин жараны болуп, Беларусь кызына үйлөнүп, Афганистанга туугандарына ал-жай сураганы келет. Капыстан согуш башталып, алар калууга аргасыз болушат... Анын жубайы 11 жыл бою үйдөн чыккандан чочулайт, көчөгө чыгып калса эле аны ташбараңга алышат, себеби ал мусулман эмес да. Байкуш Мекенин ушунчалык сагыныптыр, орус тилиндеги кандай гезит болбосун, аны кубандырчу экен.

— Ал жакта сиз согуштуңузбу?

— Албетте. Кандагарда биз 10 жоокерибизден айрылдык... Бир ирет БМПда бараткам, жолго жакын жерден душмандар снаряд жардырышты. Алар ак фейерверк сымал ушунчалык кооз көрүндү. Ага суктанып туруп калыпмын, бирөө далыга бир коюп, артка тартты: "Жолдош ага лейтенант, сиз эмне жашоодон кечтиңизби?" — деп сурады алдастаган сержант Сотников. Көрсө, моджахеддер снаряддарды ак фосфор менен атышат экен. Бул кийимди күйгүзүп кеткен уулуу зат. Ал тийген адам азаптуу, онтоткон күйүктөн көз жумат. Тирүүлөй күйүп калганды элестетүү эле кишинин үрөйүн учурат.

— Афганистанда жоокерлердин камсыздалышы жакшы беле?

— Ооба, мыкты болчу. Организмди чыңдап туруу үчүн бизге күн сайын сүт кошулган тамак беришчү. Желим баштыкка оролгон батон жечүбүз. Алар 10 жыл мурун жабылып, бирок кечээ бышырылгандай даамдуу болчу.

— Азербайжан менен армяндардын ортосундагы жаңжал учурунда Тоолуу Карабакта да болгонуңуз чынбы? Улуттар аралык кагылыштар абдан коркунучтуу дешет.

— Чабарман бизге жаңжал чыккан аймакка аттанчу офицерлердин тизмегин алып келди. Курамага эки күн беришти. Ал жакка барчу аскерлердин энелери, жубайларынын кыйкырыгы кулагымда калды, алар ыйлап да эмес, кадимкидей боздошкон.

Билесизби, Афганистандагы убак бир дем менен өтүп кеткен, жаш болчумун, быша элек кез… Ал эми Карабак чындап коркунучтуу эле. Афганистанда биз ким өз, ким душман экенин жакшы билчүбүз. Ал жакта армяндар да, азербайжандар да — баары өзүбүздүкүлөр, бирок аркабыздан атып коюшу мүмкүн эле. 

Ветеран афганской войны, полковник Орозбай Колубаев
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Орозбай Колубаев: биринчи аптада биз авиабазада болдук, аны моджахеддер улам бомбалашчу

— Сиз кимдин тарабында согуштуңуз?

— Биз ок чыгарган жокпуз, тек гана согушкан эки тараптын ортосунда калкан болдук. Аябай коркунучтуу. Элестетиңиз, эки жактан тең 700дөн киши, жайнаган өлүк, сен атышкан эки тараптын ортосунда турасың.

Аскердик бөлүктөр талкаланган, үйлөрдүн короосунда танка менен БТРлер турчу. Кызыл кыргын болгон. Ичинде төрт өлүк бар "Жигулини" көрдүк. Алардын баарынын жүзү жок, адегенде аларды автомат менен аткылап, андан соң баштарына такап дробовик менен аткылашкан. Андайды эч унута албайсың...

Кандай болгон күндө да жергиликтүү тургундардын бизге мамилеси жакшы болчу, эч бири атайылап бизге куралын мээлегени болгон жок. Тескерисинче, жардамын аяшчу эмес. Бир жолу биздин унаа ашууда ылайга тыгылып калды, 70 жаштагы аксакалдар күрөк алып келип, машинабызды чыгарууга жардам беришкен.

— Анан, албетте, 1999-жылы да четте карап тура албадыңыз... Ошол жылдын жайында Кыргызстанга Өзбекстан ислам кыймылынын согушкерлери басып кирбеди беле.

— Алардын басып киргени жөнүндө гезиттерден окудум. Ал убакта экстремисттер эбак басып кирип, бир айдан бери жарандарыбызды мазактап жатышкан экен. Дивизиянын командири мени чакырып, чабуулчу батальонду даярдоону буюрду. Биздин армия чабуулдун мизин кайтарууга даярдыксыз эле, командирлер да, катардагы жоокерлер да. Атүгүл афганчы жоокерлер да 10-15 жыл ичинде согушуу эмне экенин унута түшүптүр. Ал эми согушкерлер эмне кылууну жакшы билишкен. Зардалы кыштагын бошотконубузда биз мечиттен бута катары пайдаланылган килемчени тапкам. Ок тийген тешиктерин карап, изилдеп, алар эрежедегидей, эч кынтыксыз атышканын түшүндүм. Биздин саналуу гана офицерлерибиздин колунан келчү андай иш.

2000-жылдын жайында эки ирет чалгынчыларды колго түшүрдүм. Кармалгандарды тийиштүү органдардын кызматкерлери алып кетти, негедир кийин коё беришти. Ал тыңчылар биздин бөлүктөрдү кыдырып, маалымат топтошкон... Анын кесепетинен биз Төрө ашуусунда 20 кишибизден айрылдык.

Дагы кайталайын, душмандын мизин кайтарууга армиябыз даяр эмес эле. Жоокерлер менен иш алып барууга караганда эс алуу көбүрөөк кызыктырган эки командирди таанычумун. Даярдыкты кызуу жүргүзүү керектигин аларга көп кайталачумун. 2000-жылдардагы окуялардын биринчи эле күнү экөө тең набыт болду: бирин мууздап салышты, экинчиси снайпердин огуна учту. 

Ветеран афганской войны, полковник Орозбай Колубаев во время беседы на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Орозбай Колубаев: Карабак чындап коркунучтуу эле. Афганистанда биз ким өз, ким душман экенин жакшы билчүбүз. Ал жакта армяндар да, азербайжандар да — баары өзүбүздүкүлөр, бирок аркабыздан атып коюшу мүмкүн эле.

— Баткен окуясына катышкандардын көпчүлүгү ошол жылдары армиянын камсыздалышы начар болгонун кеп кылышат.

— Тушенка боюнча окуяны айтып берейин. Негизи ал бир нече жыл сакталат, анан жаңысына алмаштырылат. Дал ошол жылы запастагы азыктар жаңыланмак экен, бирок кимдир бирөө ошондон кымтып калгысы келген көрүнөт, жаңы тушенкалар алынбаптыр. Мөөнөтү өткөн азыктарды солдаттарга бере башташкан. Ал кезде мен да ошол тушенкадан уулангам.

Кантсе да жоокерлердин тапкычтыгы дайым жол көрсөтөт. Афганистанда жоокердик тапшырма убагында алтургай биз торт жасаганбыз, дүкөндөн печенье, май, газдалган суу жана коюлтулган сүт сатып алганбыз. Укмуш торт болгон!

Дагы бир көрүнүктүү мисал. 1999-жылы бизге гуманитардык жардам алып келишти, кандайдыр бир жашыл таблеткалар болчу. Менин көзүмчө жоокер медициналык пунктка ичи ооруп келет, врач ага ошол дарыны берет. Башкасы далысы ооруп келет, дагы биринин тиши ооруйт... Алардын баары жанагы жашыл таблетканы алышат. "Укмуш го, кандай керемет дары!" – деп коем өзүмчө. Кийин анын дары эмей эле, витамин экенин билдик. Чыныгы дарыны доктур бир жакка каткан көрүнөт... Бирок, эң кызыгы, жоокерлер ошол дарыдан жакшы болуп калышчу!

— Армияда азыр жагдай кандай?

— Баткен коогалаңынан соңку беш жыл жакшыраак элек. Ал эми азыр ошол тажрыйба унутта калды. Азыркы командалык курамдын даярдыгы өтө төмөн, мен муну сиздерге офицер катары айтып турганым. Мындан тышкары, жогорку окуу жайларда аскер кафедраларын жоюп салышты. Жок дегенде окуу жайда эки жыл бир нерселерди үйрөтүшчү... Ооба, окуу сапаты дайым жакшы өтпөгөндүр, бирок ошентсе да бар болчу!.. Ушул тапта 50 миң сом төлөп, плацта ары-бери басып коюп эле аскердик билет колуна алат. Бир айда эмнени үйрөнөрүн элестете да албайм. 

Ветеран афганской войны, полковник Орозбай Колубаев
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Орозбай Колубаев: 2000-жылдын жайында эки ирет чалгынчыларды колго түшүрдүм. Кармалгандарды тийиштүү органдардын кызматкерлери алып кетти, негедир кийин коё беришти.

— Акыркы кезде жасалма афганчылардын тегерегинде көп жаңжалдар чыгат. Эмнеге мындай нерселер орун алат?

— Совет убагында Афганистандагы согуштук аракеттерге түздөн-түз катышкандарга жеңилдиктер берилчү. Эгемендүү Кыргызстан болгону ал жакка баргандардын баарына төлөнө баштады, аз дагы эмес, 6 миң сомдон берилет.

Өзүн "афганчы" деп атагандар бар экенинен сегиз жыл мурун шектене баштадык. Себеби, афган согушуна 7 миңдей кыргызстандык катышып, 252 жоокер шейит болгон, бир нечеси кабарсыз кеткен. 30 жыл аралыгында афганчылардын саны азаймак. Биздин эсеп боюнча 4,5 миңге чейин кыскармак, ал эми бүгүн алардын саны – 6-7 миң.

2016-жылы бул маселе боюнча Жогорку Кеңештин депутаты, афганчы Кенжебек Бокоевге кайрылганбыз. Ал ошол кездеги премьер-министр Сооронбай Жээнбековго ушул иш боюнча жолуккан. Ошентип, маселе козголуп, 2017-жылдын январь айынан тарта мекеме аралык комиссия ишин баштаган. Ушул тапта 130 жасалма "афганчынын" иши сотко өткөрүлгөн. "Эмгек сиңиргендеринин" бири качып жүрөт. Дагы бири мени менен чогуу кызмат өтөгөнүн айтат, бирок мурда соттолгон экен. Ал эми андай өтмүшү бар адамдарды армияга алышчу эмес.

— Айтсаңыз, азыркы армияда офицердин ар намысы түшүнүгү сакталганбы?

— Тилекке каршы, азыркы офицерлердин айрымдарынын өзүнүн жашай турган үйү жок. Совет бийлигинин тушунда жоокерлердин камын ойлоп баш катырчу да эмеспиз, ал эми азыр офицерлер баарын өтүнүп, суроого аргасыз. Маселен, аскердик даярдыкты өткөрүү үчүн патрон, күйүүчү май, кийимдерди сурап рапорт жазууга тийишпиз...

Куугунтукталган генерал Шейшенбек Байзаковдун баянына сөзсүз бир көз жүгүртүңүз. Ал дагы Баткен апаатынын маалында Мекенди коргогон.

Тема боюнча

Төрт жоокерди моджахеддерден алып чыккан. Генерал-лейтенант Асанкулов жөнүндө 7 факты
Белгилер:
Аскер, Армения, Азербайжан, Афганистан

ЭҢ МААНИЛҮҮ