Жээнбеков чек ара чырынан жабыркаган аксайлыктарга эмне убадалады. Баткенге сапар

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков Ак-Сай айылында жергиликтүү тургундар менен жолугушуу учурунда
Президент Сооронбай Жээнбеков Ак-Сай айылында жергиликтүү тургундар менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жээнбеков Ак-Сайга Тажикстандын Исфара шаарына бара жатып токтогон.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. "Баткен облусунун чек ара аймагындагы кырдаал менин жеке көзөмөлүмдө". Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков аталган дубандын Ак-Сай айылында жергиликтүү тургундар менен жолугушуу учурунда айтты.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент КР Сооронбай Жээнбеков во время встречи с жителями села Ак-Сай Баткенской области
Баткен облусунун чек ара аймагындагы кырдаал менин жеке көзөмөлүмдө. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков аталган дубандын Ак-Сай айылында жергиликтүү тургундар менен жолугушуу учурунда айтты - Sputnik Кыргызстан
1/3
"Баткен облусунун чек ара аймагындагы кырдаал менин жеке көзөмөлүмдө". Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков аталган дубандын Ак-Сай айылында жергиликтүү тургундар менен жолугушуу учурунда айтты
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент КР Сооронбай Жээнбеков во время встречи с жителями села Ак-Сай Баткенской области
Өлкө башчынын маалымат кызматынын билдирүүсү боюнча, Жээнбеков Ак-Сайга Тажикстандын Исфара шаарына бара жатып токтогон - Sputnik Кыргызстан
2/3
Өлкө башчынын маалымат кызматынын билдирүүсү боюнча, Жээнбеков Ак-Сайга Тажикстандын Исфара шаарына бара жатып токтогон
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент КР Сооронбай Жээнбеков во время встречи с жителями села Ак-Сай Баткенской области
Ал элдин коопсуздугу жана өлкөнүн кызыкчылыгы биринчи планда экенин эскертип, чек арага жакын айылдардын аймагында аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин саны көбөйтүлгөнүн белгиледи. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Ал элдин коопсуздугу жана өлкөнүн кызыкчылыгы биринчи планда экенин эскертип, чек арага жакын айылдардын аймагында аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин саны көбөйтүлгөнүн белгиледи.
1/3
"Баткен облусунун чек ара аймагындагы кырдаал менин жеке көзөмөлүмдө". Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков аталган дубандын Ак-Сай айылында жергиликтүү тургундар менен жолугушуу учурунда айтты
2/3
Өлкө башчынын маалымат кызматынын билдирүүсү боюнча, Жээнбеков Ак-Сайга Тажикстандын Исфара шаарына бара жатып токтогон
3/3
Ал элдин коопсуздугу жана өлкөнүн кызыкчылыгы биринчи планда экенин эскертип, чек арага жакын айылдардын аймагында аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин саны көбөйтүлгөнүн белгиледи.

Өлкө башчынын маалымат кызматынын билдирүүсү боюнча, Жээнбеков Ак-Сайга Тажикстандын Исфара шаарына бара жатып токтогон.

"Тажик тарап менен биргеликте көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында кырдаал турукташты. Баткен облусунун чек ара аймагына Ички иштер органдарынын жана Мамлекеттик чек ара кызматынын кошумча күчтөрү жиберилди. Өткөндөгү силер менен жолугушуудан кийин бул иш ыкчам түрдө аткарылганын өзүңүздөр көрүп турасыздар. Эми чек ара аймактарын көзөмөлдөгөн патрулдук иш туруктуу негизде жүргүзүлөт. Чек ара толугу менен биздин көзөмөлдө турат", — деди президент.

Ал элдин коопсуздугу жана өлкөнүн кызыкчылыгы биринчи планда экенин эскертип, чек арага жакын айылдардын аймагында аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин саны көбөйтүлгөнүн белгиледи.

Президент аймактагы социалдык маселелер чечилерин кошумчалады. Мындан сырткары, Жогорку Кеңештин төрагасы, премьер-министр жана айрым мамлекеттик орган жетекчилери менен жыйын куруп, жакынкы убакта аймакка социалдык жана инфраструктуралык объектилердин курулушун баштоо боюнча чечим кабыл алынганына токтолду.

Ал ушул жылдын август айында өрт жана куткаруу кызматтарын жайгаштыруу үчүн имараттардын курулушу аяктап, эки адистештирилген транспорт берилерин жана эки жуманын ичинде чек арага жакын жайгашкан аймактардын жашоочулары тез жардамдын жаңы автомашинасы менен камсыз болорун белгиледи.

Өлкө башчынын айтымында, буга чейин талкаланган Ак-Сай айылындагы көпүрө толугу менен калыбына келтирилип, жакын арада таза суу менен камсыз кылуу үчүн жаңы насостук станциянын курулушу башталат. Чек арага жакын  жерлерди сугат суу менен камсыз кылуу үчүн иш-чаралар кабыл алынат. Ошондой эле кээ бир айылдарда жаңы мектептер курулмакчы.

Строительство автодороги Ак-Сай — Тамдык в Баткенском районе - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-тажик чегиндеги айылдардан көчүрүлгөн 700гө жакын киши үйүнө кайтты
"Социалдык маселелер чечилет. Сиздерди провокаторлордун чагымчыл аракеттерине алдырбоого чакырам. Күч органдарынын кызматкерлери менен эриш-аркак аракет кылыңыздар. Биз коңшу өлкө менен жакшы мамилени сактоого, бекемдөөгө умтулушубуз керек. Чыр-чатактын кайсынысы болбосун зыян гана алып келет. Сабыр күтүп, токтоо бололу. Бардык маселени чечебиз, ага убакыт гана керек. Балдарыбыздын келечеги үчүн, өлкөнүн келечеги үчүн тынчтыкты сактоо керек", — деди Жээнбеков.

Президент жолугушууга келген аксакалдар менен жергиликтүү жашоочуларга кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылып жаткандыгына ыраазычылык билдирип, чек ара көйгөйлөрүнө байланыштуу жергиликтүү тургундардын пикирин укту.

Мамлекет башчысы Ак-Сай айылындагы жолугушуудан кийин чектеш Тажикстандын Исфара шаарына өлкө башчысы Эмомали Рахмон менен жолугушууга жөнөп кетти.

Эскерте кетсек, 22-июль күнү Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Ворух айылдарынын жашоочулары ортосунда чыр чыгып, тургундар атышууга чейин барышкан.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0