18:34 20 Теке 2019
Түз эфир
  • USD69.6517
  • EUR78.3651
  • RUB1.1079
20 лет назад Чолпонбек Жээналиев добровольцем отправился в зону боевых действий в Баткенской области.

Террорчулар кыргыз көрүстөнүн тебелеп-тепсеп... Баткенчи жоокердин маеги

© Sputnik / Досхан Нусупбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
854 0 0

20 жыл мурун Чолпонбек Жээналиев Баткен облусундагы согуштук аракеттер жүргөн аймакка ыктыярчы болуп аттанган. "Жергиликтүү тургундар бизди куткаруучулардай тосуп алган. Согушкерлер аларды аябай эзген", — дейт маектешибиз.

Мундиринде орден-медалдары жаркырайт. "Асел, эмнеге Баткенде болгон нерсени окуя деп атайсыз? Окуя, маселен, кайсы бир баатырдын жүз жылдыгынын белгилениши. Ал эми ошол жылы бизде согуш болгон" деп менин сөзүмдү оңдоого ашыкты. Бул маектешибиз үчүн өтө маанилүү.

— Кесибиңиз боюнча мугалимсиз, туурабы? Согуштук аракеттер жүргөн аймакка кандайча аттанып калдыңыз?

— Дайым аскер болууну кыялданчумун. 8-класстан кийин Суворов окуу жайына тапшырдым. Кетем деп кыялдангам, бирок апам алыс деп коё бербеди. Негизи мен интеллигент үй-бүлөдө төрөлгөм, апам мугалим, атам ун комбинаттын директору болчу. Ата-энем менин мугалим болушумду күткөн.

Педагогикалык училищеден аскердик окуу жайына которулуу үчүн бир нече ирет аракет кылдым, бирок апам буга нааразы болмок. Ошентип, орус тили жана адабияты мугалими деген диплом алдым.

Мектептеги жолум абдан шыр болгон: 20 жашымда тарбия боюнча бөлүм башчы, андан соң мектеп директорунун орун басары, 23кө чыкканымда Жалал-Абаддагы Балдар чыгармачыл үйүн жетектегем. Адамдар өмүр бою умтулган нерселердин баарына жеткем.

Апама келип: "Мугалим болушумду кааладыңыз. Сөзүңүздөн чыкпадым, азыр чегине жеттим. Эми мындан ары жылышым керек", – дедим. Ошентип, мектептеги иштен чыгып, милиционер болдум.

Участник баткенских событий Чолпонбек Жээналиев во время беседы на радио Sputnik
© Sputnik / Досхан Нусупбеков
Жээналиев: армиядагы шарттардын жоктугунан улам көптөгөн кадрдык офицерлер жумуштан кетип калышкан.

— Аскер болушуңузга уруксат бербеген ата-энеңиз сизди 1999-жылы согуштук аракеттер аймагына кантип жиберишти?

— Ошондо 27 жашка толгом. Ата-энеме эч нерсе дебестен эле аскердик комитетке келип, мени согушка жиберүүсүн өтүндүм. Ал мага Жалал-Абадда мамлекеттик объектилерди кайтарууну табыштады.

Карамагыма 120 жай жаранды беришкен, биз керээли кечке шаар ичинде маршировка кылчубуз (марш басчубуз). Ал эми алдыңкы отряддагылар ошол маалда окко уча баштаган... Согуштук аракеттер жүргөн аймакка ыктыярдуу түрдө барууга арызымды жаздым.

— Кыргызстандыктар андай кагылышка даяр беле?

— Жок. Ага чейин өлкөнүн тунгуч президенти Аскар Акаев Кыргызстанды экинчи Швейцария атап, аскердик күчтөрдүн зарылдыгы жок экендигин жарыялаган. Армиядагы шарттардын жоктугунан улам көптөгөн кадрдык офицерлер жумуштан кетип калышкан. Өзбекстандын ислам кыймылы уюмунун террористтери биздин жерге кирип келишкенде согуштук операцияларды жетектей турган аскерлер жетишсиз болду.

Жабдуу да абдан начар эле. Патрондорубуздун да мөөнөтү өткөн, отуздун ичинен ону гана жарактуу, калган 20сы атылбайт. 70-жылдары чыккан эт консервалары колубузда, жейли деп ачканыбызда ичтери бүт көгөрүп кеткенин кезиктирген учурлар болду.

Ал эми душмандар, тескерисинче, жакшы куралданган. Ок өткөрбөстөрү, түнкүсүн көз салуу жабдыктары бар. Алар кадимки эле жоокерлердей көрүнчү, бирок баары жапырт сакалчан. Анан да өтүктөрдүн ордуна спорттук бут кийимчен.

— Анда бизден кимдер андай жакшы даярдыктан өткөн душман менен салгылашкан?

— Кадимки адамдар, запастагы офицерлер. Бир учурду сизге айтып берейин. Жоокерлерди күрөш жүргөн ашууга жөнөтөрдүн алдында Ошко даярдыкка алпарышты. Ал жактан биз курал кармаганды эстөөгө тийиш элек.

Кечинде офицерлердин жыйыны өттү. Анда мен старшина гана элем. Бөлмөгө комбат (батальон командири) кирди, баары отурат — себеби адамдар аскердик наамына жараша кандай учурашууну унутушкан.

Ошондо мен турдум да, "Офицер мырзалар, ордубуздан турабыз!", – дедим. Батальон командири, капитан Ниязалиев ошондо: "Карагыла, старшина офицерлерден акылдуу чыкты", – деди. Себеби кабинетте аскерлер гана эмес, мугалимдер, малчылар, инженерлер да отурган. Алар алдыда эмне күтөрүн элестете да алышкан эмес... Комбат мени биринчи мотоаткычтар ротасынын командиринин орун басарлыгына дайындады.

20 лет назад Чолпонбек Жээналиев добровольцем отправился в зону боевых действий в Баткенской области.
© Sputnik / Досхан Нусупбеков
Жээналиев: душмандардын Ок өткөрбөстөрү, түнкүсүн көз салуу жабдыктары бар эле. Биздики болсо патрондорубуздун да мөөнөтү өтүп кеткен болчу.

— Согушкерлер аралаган жерге келгенде эмнени көрдүңүз?

— Бизди Кара-Тейит айылына жиберишти. Ал баягы Өзбекстандын аба күчтөрү тарабынан жаңылыштыкта бомбаланган айыл. Жергиликтүү тургундар бизди куткаруучулардай кабыл алган. Алар террористтерден аябай коркушкан. Анан кантишсин? Тигилер айылды басып алып, айыл башчысын, милиционерлерди өлтүрүп, малды айдап кетишкен…

Айылдагылар бизге азык-түлүк жагынан жардам берип жатышты. Аба соккуларынан кийин мал тоо-ташка качкан, жашоочулар артынан издеп барууга батына алышпаган, себеби капчыгайда террористтер жашынган. Жергиликтүү тургундар: "Эгер уй таап калсаңар, союп салгыла", – дешкен. Бирок биз бодо малды кайра кожоюндарына кайтарганбыз, ал эми кой же козу көрсөк, союп калдык.

Эмне кызык дебейсизби, согушкерлер исламга жамына халифат курууну көздөшкөн. Бирок ошол бандиттер мусулмандардын көрүстөнүн кандай мазактаганын өз көзүм менен көрдүм. Абдан коркунучтуу көрүнүш эле! Алар тосмолорду сындырып, айрымдары заңдашкан. Мусулман киши кантип ушуга барсын? Мусулман киши кантип ошондой пастыкка барсын? Жеткен шүмшүк гана көрүстөнгө кол салар.

— Душман менен алгач качан бет келишкениңиз эстеби?

— Ооба. Түн ортосунан бир топ ооп калган кезде постторду кыдырып чыктым, бир жигит менден: "Командир, сигналдык ракетаны жандырып көрөйүнчү! Аябай көргүм келип жатат" – деп суранып туруп алды. Зарыл учурда гана пайдалануу керек деп көпкө түшүндүрсөм да, акыры болбой жатып бирди алды.

"Карма, бирок кыштак жакты каратып атпа! Чөптү өрттөп албайлы. Капчыгай тарапка ат", — дедим. Ракетанын жарыгы тегерек-четти айдыңдатты эле, биз сөз айта албай катып калдык... Биз тарапка ондогон согушкерлер жакындап келатыптыр!

Айгай салдык, туш-туштан ок жаай баштады. Аткылашуу беш саатка созулду, таңда биз тазалоого бардык. Тандыр нандын сындырымы, оюн карталары, шприцтер жатат. Менимче, бандиттердин арасында баңгилер да жүрсө керек, себеби тоо-ташты аралай алардай чуркоо үчүн супермен болуш керек эле!

Кан тамган жерлерди көрдүк, бирок сөөк таппадык, террористтер өлтүрүлгөндөрүн дайым кошо ала кетишчү. Кудай жалгап, бизден жабыр тарткандар болгон жок. Бирок биз заматта чоңоё түштүк, ал жакка эмнеге барганыбызды аңдадык.

Участник баткенских событий Чолпонбек Жээналиев во время беседы на радио Sputnik
© Sputnik / Досхан Нусупбеков
Жээналиев: согушкерлер исламга жамына халифат курууну көздөшкөн. Бирок ошол бандиттер мусулмандардын көрүстөнүн кандай мазактаганын өз көзүм менен көрдүм.

— Душман менен жеке көрүштүңүз беле?

— Бир учурду айтып берейин. Айылга кайсы бир убакта аябай көп киши келип, бомбаланган үйлөрдүн ордуна фин тамдарын тургуза баштаган. Атчан бир аксакал мага келип: "Айылда бир бейтааныш жүрөт. Биздикилерден эмес", – деп калды.

Комбатка чуркадым. Ал саамга ойлонуп: "Тыңчыны табыш керек", – деди. Айланада жалаң жай жарандар болсо, кантип табарыбызды сурадым. "Бир нерсе ойлоп тап. Таппасаң, жазалайм", — деп буюрду.

Айылдагыларга паспорт текшерүү деп жарыяладым. Бир-эки жоокер менен үймө-үй кыдыра баштадык. Биринде сегиз эркек киши чай ичип отуруптур. Бир жигиттен дароо шектендим.

"Саламатсыздарбы, бизде паспорт текшерүү жүрүүдө. Ар бириңиздер паспортторуңуздарды көрсөтүңүздөр", — деп өтүндүм. Кожоюндун кызы мага жети паспорт алып келди. Бир кишиники жетишсиз экенин айттым. Жанагы шек жараткан жигит чөнтөгүнө кол салды. Тапанчасын алып чыгат деп болжоп, дасторкондон секире аны автоматтын кундагы менен төшкө урдум.

Башаламандык башталды, жоокерлер чуркап келип, шектүүнү байлашты. Сурак учурунда ал паспортун алуу үчүн гана чөнтөгүнө колун салганы, дегеле жай киши экени аныкталды. Биз өтө чоң катачылык кетиргендей туюлган.

Бирок аны тинтигенибизде арабча жазуулары бар кичинекей блокнот чыкты. Анда эмне деп жазылганын түшүнө албадык, анан арабыздан аскерлердин бири медреседе окуганын эстей калды. Аны дароо чакырттык.

Ал: "Жоокерлердин саны мынча, мынча бронетехника, чатыр бар" деп жазылганын которо баштады. Ошондо аны далыга таптай: "А бирок жеңиш биз тарапта!" – дедим. Кечке жуук ал тыңчыны өзгөчө багыттагы отряддагылар алып кетишти.

— Ажал менен бет келишкен учурлар кездештиби?

— Болгон. Комбат бир жолу мага: "Сенин кокардаң (аскердик баш кийимдеги белги) аябай жаркырап турат, өтө айырмаланбаш үчүн бир аз өгөлөп койсоң" – деп калды. Айтканындай аткардым.

Бир нече күн өтпөй жоокерлердин арасынан Акыл Шарипов чоң казан таап келип: "Мен козу сойдум, эт кууруп жейли" – деп калды. Ал баарын дайындап, балдарга таратты. Биз казандан эле жедик.

Капыстан баары токтоду, гранатомет менен бизге карай ок чыгарышты. Ошондо кулагымдан кан аккан. Атышуу башталды. Эстесем, үрөй учат, эгер баягы жаркыган кокарданы согушкерлер көргөндө эмне болмок...

20 лет назад Чолпонбек Жээналиев добровольцем отправился в зону боевых действий в Баткенской области.
© Sputnik / Досхан Нусупбеков
Жээналиев: согушкерлер исламга жамына халифат курууну көздөшкөн. Бирок ошол бандиттер мусулмандардын көрүстөнүн кандай мазактаганын өз көзүм менен көрдүм.

— Кайсы учурду унута албайсыз?

— Бир жолу бизге кол салышты. Алар аябай көп эле, ал эми биз күчүбүздүн келишинче отрядды сактап калышыбыз керек болчу. Кошумча күч зарыл эле, бирок байланыш начар. Айдоочу менен өзгөчө багыттагы отряд турган Карамык кыштагына жөнөдүк.

Штабга кирейин дейм, кароол сыр сөз талап кылып киргизбейт. Ошондо ага өз автоматымды карматтым. Ал аны колго алды да, тайсалдай кала берди, мен далисте чуркап бараттым. Полковниктин кабинетине кирип барып эле бизге кол салышканын билдирдим. "Куралдангыла!" – деп буюрду. Ошентип, биз чабуулдун мизин кайтарганбыз.

— Баары бүткөнүнөн кандайча кабардар болдуңуздар?

— Бизди Боз-Адыр кыштагына топтошту. Түштүк аскердик күчтүн башчысы, генерал-майор Субанов согуш аяктаганын, жакында үйгө кайтарыбызды жар салды. Ошол күнү мен тымызын ичтим. Эртерээк баарын унуткаргым келген...

— Согушкерлерди андан ары өткөрүп эле коюш керек болчу деген пикирлерди угууга болот. Аларга Кыргызстандын кереги жок болчу, Өзбекстанга умтулушкан дешет.

— Муну өзүм да көп ирет уктум. Бирок Кыргызстандын чыныгы уулу башка бирөөнү азапка салып берип коё алабы? Эгер кутурган ит коңшуңдун баласына тиш салуу үчүн сенин корооң аркылуу өтсө, коё берет белең?

Дагы бир эске алчу нерсе, биздин тоолор аркылуу Өзбекстанга 2 миңдей киши ашып кеткен, ал жакта санаалаштары күткөн. Эгер ошондо биз алардын жолун торобогонубузда Сириядан да жаман кырдаал жаралмак.

— Мунун баарын эстен чыгаруу болдубу?

— Унута албайсың. Көпкө чейин түшүмдө кыйкырып, чабуулга тургузуп, көрсөтмөлөрдү берип жүрдүм. Азыркыга чейин ар бир аскер жадымда. Бул туурасында көп кишиге да айтып бере албайсың.

Билесизби, ал жакта болгондор мындан кеп козгой беришпейт. Буту кесилген бир киши карыяга: "Мына мен Баткенде сенин тынчтыгың үчүн согушкам, ал эми сен мага жүз грамм бекер куюп бергенден аянасың!" – деп атырылып жатканын көрүп калдым.

Жанына басып барып: "Урматтуу, сен кайсы багытта элең?" – деп сурадым. Көрсө, ал киши бутунан өндүрүштө айрылыптыр. Ачыгын айтканда, баткенчилер өз эрдиги тууралуу жар салууну жактырышпайт.

20 лет назад Чолпонбек Жээналиев добровольцем отправился в зону боевых действий в Баткенской области.
© Sputnik / Досхан Нусупбеков
Жээналиев: Биздин жоокерлерге караңыз, ток, чымыр. Эки бети албырат, формасы таза, кооз! 90-жылдары мындай түшүбүзгө кирбей калган.

— Көптөгөн кыргызстандыктар армиядан "дедовщинадан" улам качышат.

— Ал болуп келген, бар жана мындан ары да болот. Тажрыйбалуу болуп калган жоокерлер улам жаңы келгендерин чулгоону ороо же аскердик белгини тазалоону үйрөтөт. Алардан башка ким үйрөтөт анан? Ашкере катаал "дедовщина" деле болушу мүмкүн эмес бизде, аскерден үйгө чейин жапжакын.

Болгону көбүнесе койкоңдогон, ачуулуу жаш балдар келет. Мисалы, юридикалык факультетти бүтүргөн киши мамлекеттик органга орношуу үчүн аскердик кызмат өтөөгө тийиш. Ал эми ага орто билимдүү кайдагы кенже сержант көрсөтмө берет! Аскер сержант деген погонду тегин жерден тагынбаганын ал дагы түшүнө элек.

— 90-жылдары армия мышык ыйларлык абалда болчу. Азыр жагдай өзгөрдүбү?

— Биздин жоокерлерге караңыз, ток, чымыр. Эки бети албырат, формасы таза, кооз! 90-жылдары мындай түшүбүзгө кирбей калган.

— Көп жылдан бери бизде куралдуу кагылыштар боло элек. Балким, армиядан баш тартууга убакыт келгендир?..

— Жер тамда жашаган туугандарыңыз барбы?

— Бар.

— Алар ит кармайбы?

— Ооба.

— Мына, биз дагы бөрүбасарбыз. Армияны алып салалы, үйүбүздө жат кишилер пайда боло баштайт. Жок, бизге армиясыз болбойт.

*ИДУ (Өзбекстандын ислам кыймылы). Кыргызстандын аймагында аталган террористтик уюмдун ишмердигине 2003-жылдын 20-августунда КР Жогорку сотунун өкүмү менен тыюу салынган.

Тема боюнча

Согуш ардагери: Атамбаев бизди аябай капа кылган...
Белгилер:
согуш, Баткен, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ