14:08 18 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7942
  • EUR76.9027
  • RUB1.0885
Залкар төкмө акын, комузчу, обончу, дастанчы, эл артисти Алымкул Үсөнбаев. Архив

Аялын айтышып жүрүп алган. Акын Алымкул Үсөнбаев тууралуу 7 факты

© Sputnik / И. Гричер
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (298)
887 0 0

Залкар төкмө акын, комузчу, обончу, дастанчы, эл артисти, Токтогул Сатылгановдун окуучусу Алымкул Үсөнбаевдин кыргыз маданиятына, салттуу музыкасына жана оозеки адабиятына кошкон салымы сөз менен айтып жеткис.

Sputnik Кыргызстан агенттиги улуу талант тууралуу фактыларды топтоп, окурмандарга сунуштайт.

Азаптуу турмуш коштогон жаш талант. Алымкул Үсөнбаев Талас өрөөнүндөгү Киров районуна караштуу Кара-Арча айылында 1894-жылы 28-майда кедей үй-бүлөдө төрөлгөн. Ата-энесинен эрте айрылган жеткинчекти оор турмуш, жакыр балалык эрте жетилтет. 20га чыкканга чейин кой багып, отун алып өлбөстүн күнүн көрөт. Бирок азаптуу жашоосуна карабай оозунан ырын, колунан комузун эч качан түшүргөн эмес. Анын ырчылыкка болгон кадамы 13 жашында эле ташталган. Улуулардан уккан уламыш-жомокторун оозеки жатка айтып бергенден ырахат алчу. Шаан-шөкөт, оюн-зоок кечелеринде элге талантын тартуулап, айылдаштарынын сүйүктүү эрмеги болгон.

Улуу акын Токтогулдун шакирти. Ырчылык, төкмөлүк өнөрү жаңыдан калыптанып келе жаткан тажрыйбасы аз жаш акындын шыгын өнүктүрүүгө, чыгармачылыгын жолго салууга Токтогул Сатылгановдун таасири абдан чоң болгон. Алымкул Үсөнбаевдин балалык кыялы орундалып, 14кө чыккан кезинде улуу акын Таласка келип калат. Ал туу туткан инсаны менен жолугуусу тууралуу "Бир жолу Беш-Таш деген бизге жакын жерге Токтогулдун келгенин угуп калып жөнөдүк. "Токтогулду көрсөм" деп тим эле учуп баратам. Айылга жакындаганда анын үнү угулду. Мурун "көрсөм" деп толкунданып бара жаткан жүрөгүм үнүн уккандан кийин бүт денемди тер каптай баштады" деп эскерген. Ошентип, кыргыздын эки алп таланты жолугуп, жаш ырчы устатынан таалим ала баштайт. Токтогул да Алымкулдун талантын жогору баалап, акын катары калыптанышына чоң түрткү берген. Ал өзү да "устатым акындыктан мурун адамдыкты үйрөттү" деп айткан жайы бар. Эки залкар инсан бирге жүрүп чогуу ырдаган чыгармаларынан "Токтогул менен жолугушуу", "Акыйкат жана теңчилик", "Аялдар теңдиги" сыяктуу алым-сабактары белгилүү. Ошондой эле Алымкул Үсөнбаевдин кыргыз маданиятына кошкон эң негизги салымдарынын бири — Токтогулдун күүлөрүн аткарып нотага, Кыргыз радиосунун фонотекасына жаздырып калгандыгында.

Жаңы заманды мактаган. Бүт жашоосу жакырчылык, теңсиздик менен алпрушкан Алымкул Үсөнбаев жаңы орногон Совет бийлигин кубануу менен тосуп алат. Чыгармачылыгында да жаңы өзгөрүүлөрдү, партияны, революцияны даңазалап, калкты адамгерчиликке, адилеттүүлүккө, ак көңүлдүккө жана эмгекчилдикке үндөгөн. Жаңы замандагы жаңылыктар, жер-суу реформалары, тең укуктуулук, маданий төңкөрүштөр акындын эмгектеринин негизги мазмунун түзөт. Муну менен гана тим болбостон 1931-жылы алдыңкылардан болуп колхозго мүчө болот.

Акын Алымкул Усенбаев
© Sputnik / Шоломович
лымкул Үсөнбаев 1936-жылы Кыргыз мамлекеттик филармониясына чакырылып, өмүрүнүн аягына чейин ошол жерде кызмат кылган

Элдик адабиятты кагазга түшүргөн. Алымкул Үсөнбаевдин алгачкы жыйнагы болгон "Ырлар" 1938-жылы жарык көргөн. Жалпысынан "Ырлар жана поэмалар", "Комуз", "Улуу дос", "Тандалган ырлар", "Too булбулу" өңдүү отуздан ашык китептин автору. Ошол эле убакта "Эмгекчи жолборс", "Козолшаа", "Байгабыл абышка", "Жолборс минген киши" өңдүү кыргыз эл жомокторун ырга айландырган. Аны менен бирге оозеки адабияттын айрым үлгүлөрүн басмага даярдоо үчүн да талыкпай эмгек кылган. "Олжобай менен Кишимжан", "Саринжи Бөкөй", "Кожожаш" эпостору биринчи жолу Алымкул Үсөнбаевдин оозунан жазылып, ар бири өзүнчө китеп болуп чыккан. Акын Улуу Ата мекендик согуш учурунда патриоттук ырларды жазып, жоокерлерди жеңишке сүрөп турган. "Баатырдын анты", "Жеңе жүрдүк, жеңебиз", "Чолпонбай", "Өлүмгө өлүм", "Акыркы фашист качканда" сыяктуу чыгармалары кандуу майдан убагында жазылган. Муну менен эле чектелбестен, 1943-жылы Ленинградга Кыргызстандан жиберилген тамак-аш жардамын коштогон делегациянын катарында да болгон.

Эл сүйгөн талант. Алымкул Үсөнбаев 1936-жылы Кыргыз мамлекеттик филармониясына чакырылып, өмүрүнүн аягына чейин ошол жерде кызмат кылат. Анын ырдоо манерасы башкалардан айырмалап турган өзгөчө кайрыгы болгон. Жаңы ишке келгенден кийин эл менен болгон байланышы дагы да күчөйт. Концерттик топ менен чогуу жайдын ысыгы, кыштын суугу дебей өлкөнүн булуң-бурчун кыдырып, жөнөкөй жарандарга шаан-шөөкөт тартуулайт. Эч качан "чарчадым" дебей, карапайым калктын көңүлүн кыйбай, алардын кумарын кандырууну өзүнүн негизги максаты катары көргөн. Жада калса Исхак Раззаков Компартиянын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы болуп турган кезинде өкмөттүк концерттерге Мыскал Өмүрканова менен Алымкул Үсөнбаевди ар дайым коштуруп, аларга атайын унаа жиберип алдырчу экен.

Таланттуу акындардын бүлөсү. Алымкул Үсөнбаев эки жолу үйлөнгөн. Экинчи жолу кыргыздын дагы бир таланттуу акыны Назим Беркимбай кызын алат. Эки талант алгачкы жолу таанышкан кезинде Назим акын 14 гана жашта экен. Акын Замирбек Үсөнбаев ата-энесинин таанышуусун мындайча эскерет. "Апамдын айтуусу боюнча ал убакта атам Таластын баш-аягына таанымал киши экен. Бир күнү окуудан келсе боз үйдүн айланасында жыйырмадай ат байланып туруптур. Агасынын чакыруусу менен апам боз үйгө кирет. Бир чыныдан кымыз ичкенден кийин атам комузун алып ырдап кирет. Апам да өз кезеги келгенде ыр менен жооп берет. Анткени ал да айылда "Беркимбайдын ырчы кызы" деген аты бар таланттуу кыз эле. Той-мааракелерде ырдап калчу жайы бар экен". Экөө бир жарым жылдан кийин, Назим акын 16га чыкканда үйлөнүшүп, үч эркек, төрт кыздуу болушат. Кыргыздын залкар төкмө акындарынын бири болгон Замирбек Үсөнбаев үй-бүлөнүн кичүүсү. Ал комузда кол ойнотконду эң улуу агасынан үйрөнгөн.

Сыйлыктары. Алымкул Үсөнбаевдин маданиятка сиңирген эмгеги эрте эле бааланып, 1939-жылы Кыргыз ССРинин Эл артисти наамын алат. Ошондой эле Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз ордендери, бир нече медалдар жана Ардак грамоталар менен сыйланган. Ал 1938-жылы Кыргызстан жазуучулар союзуна мүчөлүккө кабыл алынган. 1938-жылдан 1963-жылга чейин Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин депутаты болуп, өлкөнүн коомдук жана саясий иштерине активдүү катышып турган. Улуу акындын көзү өткөндөн кийин Бишкекте бир көчөгө, Талас облусуна караштуу Манас районунун Арал айылындагы жана Өзбекстандын Наманган облусундагы Моңол айылындагы мектептерге ысымы берилген.

Дүйнө салышы. Дени сак жүргөн Алымкул Үсөнбаев 1963-жылы капыстан ооруп калат. Эки айдай төшөктө жаткан соң ошол эле жылы жарык дүйнө менен кош айтышкан.

Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (298)

Тема боюнча

Саякбай киши жибертип чакырта албай койгон. Шаабай Азизов тууралуу 9 факты
Ашыгына алоолонуп араң жеткен акын. Жолон Мамытов тууралуу 7 факты
Белгилер:
Алымкул Үсөнбаев, Токтогул Сатылганов, факты, маданият, обончу, ырчы, акын

ЭҢ МААНИЛҮҮ