Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы 45 жыл бою филармонияда эмгектенип, азыр дагы чыгармачылык менен алпурушуп жүргөн устат менен маек курду.
— Маегибизди сиздин ысымыңыздан баштагым келип турат. Үч ат ыйгарылган экен…
— Өзүмдүн паспорт боюнча жазылган атым Мир. Мен төрөлгөндө тынчтык боюнча конференция өтүп жаткан экен. Атам Алымкул Үсөнбаев жазуучу Аалы Токомбаевге сүйүнчүлөп барып, ошол конференциядан улам мага "Мир" деген ат беришкен экен. Экинчи атым "Тобокел", аны таенем койгон. Үй-бүлөбүздө эркектер чарчап кала берип, анан ырымдап ушул ысымды коюшуптур. Анан кийин филармонияда иштеп жүрүп эле Замирбек болуп калдым. Мындайча айтканда, эл бул атты өзү эле коюп алган.
— Төкмөлүк менен кетишиңизге энем себепчи болгон деген жайыңыз бар…
— Жаштайыңыздан кыргыз маданиятынын каймактарына аралашып калган экенсиз да?
— Филармонияда Ашыраалы Айталиев, Токтосун Тыныбеков, Эстебес Турсуналиевди эрчип жүрүп, алардын мектебинен өттүм. Алар үчүн өнөр биринчи орунда болуп, байлык, айлык, даража роль ойночу эмес. Кичинекей айылдын маданият үйүндө болобу, заңгыраган ак сарайда болобу, баарына бирдей мамиле кылып ырдаган жандар болгон. Жаштайымдан ошондой асыл адамдар менен жүрдүм.
— Устат-шакирт жөнүндө сөз кылсак. Чыгармачылыгыңызда бир топ эле жаштарды тарбияладыңызбы?
— Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм өнөр институтунда 17 жыл сабак бердим. Ошол жакка 1990-жылдардын башында улуттук музыка, фольклор кафедрасын ачып, эл арасынан тың балдарды чогултуп акын, дастанчы, манасчыларды окутканбыз. Азыр өлкө боюнча 50гө жакын шакиртим бар. Алар таалим-тарбия алганы эле, андан башка алыстан устат туткандар көп да.
— Анан алардын ийгилигин көрүп көңүлүңүз толуп, кубанасыз?
— Ооба. Азыр алар заманга жараша ырдап, такшалып калышты. Айрымдары өздөрүнүн окуучуларын таптап жатат. Мурун деле ушундай бири-бирин эрчитип жүрүп үйрөнүшкөн да. Анан ал шакирттердин салмагы, сапаты канчалык болорун мезгил көрсөтөт. Энем айтып калчу эле, заманга жараша ырчы болосуңар деп. Ошондой болууда.
— Төкмөлүк байыртадан элди биримдикке чакырып, коомдогу көйгөйдү айтып келген. Азыр жаштар ошол вазийпаны аткарып келе жатабы?
— Уул-кыздарыңыздын арасында сиздей болуп ата жолун улагандар барбы?
— Балдарымдын арасында жок. Алар башка тармак боюнча кетишкен. Ал эми неберелеримдин арасында бар. Мен алардын чоң устаты жана сынчысымын.
— Сиздин чылым чегип, спирт ичимдигин такыр ичпегениңизди уккан элем. Ушул чынбы?
— Өмүрү арак ичип, тамеки тарткан жокмун. Буга апамдын мага көп жолу айткан акыл-насааты себеп болду. "Спирт ичимдигин ичпе, чылым чекпе деп атаң сага айтып кеткен" деп энем бассам-турсам айтып тураар эле. Анан колума стакан кармоо мен үчүн тимеле чыккынчылык кылгандай сезилчү. Азыр 66 жаштан өтүп калдым, арак ичпей эле аман-эсен жүрөбүз. Жашоодо "100 грамм болсо, сонун ырдап жиберем" деп жашагандарды да көргөнбүз. Бирок алардын жолу кыска болуп калды. Жада калса мыкты таланттарды арак курутуп жок кылып жиберген учурларды көрдүм.