Атамбаевдин жансакчысы прокуратуранын айыптоосуна жооп берди

© Sputnik / Табылды КадырбековЗдание Генеральной прокуратуры Кыргызской Республики
Здание Генеральной прокуратуры Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Прокуратура Дамир Мусакеевдин туугандарына 20 миллон сомдук үйлөр таандык экенин билдирген.

БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Кыргызстан социал-демократтар партиясы (КСДП) УКМКнын Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Дамир Мусакеевдин билдирүүсүн таратты.

Вручение ключей от новых квартир молодым ученым - Sputnik Кыргызстан
Прокуратура Атамбаевдин экс-жан сакчысы кандай кылмыш жасаганын айтып берди
Ал Башкы прокуратура тарабынан коюлган айыптоолорго макул эместигин айтууда.Көзөмөл органы тараткан маалыматта 2010-2017-жылдары кыймылсыз мүлк сатып алынып, бардыгы тең Мусакеевдин туугандарына (атасы, апасы жана бөлөсү) каттатылганы айтылган. Мүлктүн баасы 20 миллион сомду чапчыйт. Бул Кылмыштар жана жоруктар жөнүндөгү бирдиктүү реестрге Кылмыш жаза кодексинин 323-беренеси ("Мыйзамсыз баюу") менен каттоого алынган. Учурда сотко чейинки териштирүү иштери башталганы белгилүү болду.

“Башкы прокуратура көрсөтүп жаткандай мүлкүм болгондо, 2016-жылга чейин үй-бүлөм менен УКМКнын бир бөлмөлүү жатаканасында жашамак белем. Ооба, мен азыр кызматтык батирде жашап жатам. Жеке өзүмө таандык турак жай жок”, — деп айткан Мусакеев.

Мындан сырткары, ал үй-бүлө мүчөлөрү ээлик кылган турак жайларды өзүлөрү жеке каражатына сатып алганын билдирди.

“Чынында бизде баасы 20 миллион сомдук мүлк жок. Ата-энеме жана жакын туугандарыма таандык мүлк ашып барса 5-6 миллион сомго жетет. Анын ичинен мага жана үй-бүлөмө тиешелүү мүлктү эсептегенде 500-600 миң сом чыгышы мүмкүн”, — деди Мусакеев.

Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынын мүчөлөрү Юстиция министрлигинин алдында митингге чыгып, министр Марат Жаманкуловдун отставкасын талап кылышты - Sputnik Кыргызстан
КСДП мүчөлөрү Юстиция министрлигинин алдына митингге чыкты. Талабы эмне?
Дамир Мусакеев экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы болчу. 2016-жылдын жай айларында ал УКМКнын 9-бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалган. Ал эми өткөн жылдын апрель айында кызматынан бошотулган. Учурда ал дагы деле Атамбаевди кайтарып келет.

Эске салсак, 7-февралда Дамир Мусакеевге Кылмыш жаза кодексинин 320-беренеси ("Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу") менен шектелип жатканы боюнча маалымат берилген. Ал 2016-2017-жылдары кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, 9-бөлүмдө иштеген өзүнүн жакын адамдарына мамлекеттик батирлерди ыйгарган деп айыпталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0