Прокуратура: Атамбаевдин жансакчысынын туугандарына 20 млн. сомдук үйлөр таандык

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЭкс-президент Алмазбек Атамбаев жан сакчысы Дамир Мусакеев менен. Архив
Экс-президент Алмазбек Атамбаев жан сакчысы Дамир Мусакеев менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мусакеевдин кыймылсыз мүлкү анын туугандарына каттатылганы айтылды.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. УКМКнын 9-бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Дамир Мусакеевдин мүлкү текшерилип жатат. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Мусакеев экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы болчу. 2016-жылдын жай айларында ал УКМКнын 9-бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалган. Ал эми өткөн жылдын апрель айында кызматынан бошотулган. Учурда ал дагы деле Атамбаевди кайтарып келет.

Башкы прокуратурадан белгилешкендей, бир катар ЖМКлар Мусакеевдин мүлкү боюнча материалдарды жарыялашкан. Анда Мусакеев кызматта турганда алган кыймылсыз мүлкүнүн так даректери көрсөтүлүп, бирок мыйзамсыз негизде байып жатканын жашыруу үчүн туугандарына каттатканы айтылган.

"Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча 2010-2017-жылдары кыймылсыз мүлк сатып алынып, бардыгы тең Мусакеевдин туугандарына (атасы, апасы жана бөлөсү) каттатылган. Көз карандысыз адистердин эсеби боюнча кыймылсыз мүлктүн рыноктогу баасы 20 миллион сомду чапчыйт", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынын мүчөлөрү Юстиция министрлигинин алдында митингге чыгып, министр Марат Жаманкуловдун отставкасын талап кылышты - Sputnik Кыргызстан
КСДП мүчөлөрү Юстиция министрлигинин алдына митингге чыкты. Талабы эмне?
Башкы прокуратурадан белгилешкендей, 9-бөлүмдүн жана башка документтердин маалыматына ылайык, кыймылсыз мүлктүн баасы Мусакеевдин (2010-2017-жылдары мамлекеттик кызматта турган кезинде) жана анын туугандарынын кирешесинен кыйла эле ашып түшкөн.

Топтолгон материалдар 2019-жылдын 7-майында Кылмыштар жана жоруктар жөнүндөгү бирдиктүү реестрге Кылмыш жаза кодексинин 323-беренеси ("Мыйзамсыз баюу") менен каттоого алынды. Учурда сотко чейинки териштирүү иштери башталды.

"Териштирүү учурунда Мусакеевдин кирешеси жана мүлктү кандайча алганы иликтенип, мыйзамдын чегинде чечим чыгарылат", — дешти Башкы прокуратурадан.

Эске салсак, 7-февралда Дамир Мусакеевге Кылмыш жаза кодексинин 320-беренеси ("Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу") менен шектелип жатканы боюнча маалымат берилген. Ал 2016-2017-жылдары кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, 9-бөлүмдө иштеген өзүнүн жакын адамдарына мамлекеттик батирлерди ыйгарган деп айыпталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0