00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:05
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Антикоррупция как навык: в Кыргызстане начали готовить новое поколение чиновников
08:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Өлкө аймагында табигый кооптуу деп эсептелген 11388 тилке бар. Табият кырсыктарын алдын алуу тууралуу маек
09:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Акция «Сады памяти» в Бишкеке превращает деревья в живые символы истории
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуттук баалуулуктарды сактоонун жолу. Бишкекте Салттуу музыка жумалыгы өтүүдө
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстанда экологиялык мониторинг жаңы деңгээлге чыкты — Жаратылыш министрлигинин лабораториялары жаңы стандарттар менен иштейт
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
15:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Санариптик активдердин жанданышы менен Кыргызстанда брокерлике талап күчөйбү?
17:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
«Максатыбыз эненин ыйык экенин көрсөтүү эле». «Куса» моно спектакли тууралуу маек
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
21:04
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жалил Атамбаев деген ким жана элге эмнеси менен таанылды

© AFP / GREG BAKER Мужчина с портфелем в руках
Мужчина с портфелем в руках - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оштогу байлардын сап башында делген Жалил Атамбаев кызуу талкуунун чордонуна түштү. Буга анын салыктан буйтаганы тууралуу видео иликтөө жарыяланганы жана журналистти сотко бергени себеп болду. Ал ишкер делгени менен бир да компаниянын жетекчиси катары расмий катталган эмес.

Журналисты на пресс-конференции - Sputnik Кыргызстан
Орозо айында кечирдим! Жалил Атамбаев журналистке койгон доосунан баш тартты
"Азаттык" радиосунун журналисти Ыдырыс Исаков "Салыктан буйтаган ишкерлер" деген темада иликтөө даярдап, Жалил Атамбаевге тиешелүү делген компаниялар салык төлөбөй жүргөнүн көрсөткөн. Мындан сырткары, аны менен иштешип аягында макулдашылган акчасын ала албай калган адамдар да арызданган. Бул иликтөө чыккандан кийин Атамбаев Ош шаардык сотуна кайрылып, "жалаа жабуу менен ар-намысыма шек келтирди" деген жүйө менен журналистти 50 миллион сомдук доого жыгууну сураган. Бул элдин жана журналисттер коомчулугунун нааразычылыгын жараткан. Түрдүү кол чогултуулар да башталган эле. Бирок Жалил Атамбаев 7-май күнү "Орозо айында кечирдим" деп доосун кайра кайтарып алды. Ал эми Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) бул боюнча текшерүү иштерин баштады.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Ички иштер органдарынан ишкерликке оогон Жалил Атамбаев тууралуу маалыматтарды чогултту.

Жалил Атамбаев 1965-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Чалма айылында туулган. Милициянын отставкадагы полковниги. Ноокат райондук милиция бөлүмүн жетектеген. Эки-үч жылдай "Ош" аэропортунун Аба транспорту бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп, 2016-жылы февралда кызматтан бошоп кеткен. Былтыр Кыргызстандын Грек-рим күрөшү федерациясынын вице-президенти болуп шайланган. Бир тууган агасы Нурпазыл Атамбаев "Ак Жол" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын (2007-2010-жылдары) депутаты болгон. 

© Фото / комитет по физической культуре и спорту ОшаЖалил Атамбаевдин (оң тараптагы) белгилүү мушкер Хабибдин атасы Абдулманап Нурмагомедовду Оштон тосуп алган сүрөтү
Жалил Атамбаев деген ким жана элге эмнеси менен таанылды - Sputnik Кыргызстан
Жалил Атамбаевдин (оң тараптагы) белгилүү мушкер Хабибдин атасы Абдулманап Нурмагомедовду Оштон тосуп алган сүрөтү

Байлыгы билинбеген бай

Айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында Жалил Атамбаев Ошто эң бай адам катары айтылганы менен каяктан, кантип киреше таап жатканы белгисиз. Тагыраак айтканда, Юстиция министрлигинен бир да компаниянын жетекчиси катары каттоодон өткөн эмес. Интернет булактарда ал тууралуу маалымат жокко эсе, бир-эки гана сүрөтүн табууга болот. Жергиликтүү тургундар Атамбаев катардагы милиционер кезинде ишкерликти канистрлеп күйүүчү май сатуу менен баштаган дешет. Учурда ага тиешелүү кафе, ресторандар, курулуш компаниялары бар экени да айтылат.

"Салимбай байбачага" байланышкан видео

Былтыр Жалил Атамбаев, ЖКнын экс-депутаты Нургазы Айдаровдун Өзбекстандагы таасири чоң бизнесмен Салимбай Абдувалиев менен (Салимбай байбача) жүргөн видеосу тараган. Видео интернет айдыңында желдей тарап, Атамбаев менен Айдаров "Кыргызстандын аброюна шек келтирди" деп сынга кабылган.

Диссертация жактаган

Депутат ЖК 6 созыва Искендер Матраимов - Sputnik Кыргызстан
Чуусу көп Матраимовдор. Бир туугандардын таржымакалы жана мал-мүлкү
Жалил Атамбаев 2012-жылы Юридика илимдеринин кандидаты болуу үчүн "Жыныстык кылмыштардын криминологиялык жана кылмыш-жаза-укуктук мүнөздөмөсү" деген темада диссертация жазган. Бул эмгегин Кыргыз-Россия Славян университетинде жактаган.

Анын илимий жетекчиси азыркы ИИМ Академиясынын начальнигинин орун басары Арзыгүл Жоробекова болгон. Ал эми расмий оппоненттери Кыргыз илиминин эмгек сиңирген ишмери, юридика илимдеринин доктору, профессор Карпек Курманов жана учурдагы Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев экени көрсөтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0