БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. UFC чемпиону Валентина Шевченкого Ош шаарындагы спорттук клубдун жамааты ак элечек ороп, жашыл чапан кийгизди. Бул туурасында мушкердин сапарын уюштургандар Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине кабарлады.
© Фото / Эмил ТоктогоновUFC чемпиону Валентина Шевченкого Ош шаарындагы спорттук клубдун жамааты ак элечек ороп, жашыл чапан кийгизди
UFC чемпиону Валентина Шевченкого Ош шаарындагы спорттук клубдун жамааты ак элечек ороп, жашыл чапан кийгизди
© Фото / Эмил Токтогонов
Эске салсак, эртең менен Шевченко машыктыруучусу Павел Федотов менен Ош шаарына барган. Аларды бийлик өкүлдөрү салтанат менен тосуп алышкан.
Уюштуруучулардын айтымында, Шевченко сапарынын алкагында журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөргөнгө, мектептеги окуучуларга барганга, спорт клубда мастер-класс тартуулаганга, ошондой эле күйөрмандары менен жолукканга жетишти.
Ага муай-тай боюнча мастер-классынан кийин спорттук клубдун жамааты ак элечек ороп, жашыл чапан кийгизген.
Кечээ Шевченко Бишкекте дагы күйөрмандары менен жолуккан. Анда мушкерге калпак кийгизилип, үстүнө чепкен жабылганы кызуу талкуу жараткан болчу. Кийинчерээк бул боюнча уюштуруучулар түшүндүрмө берген.