Пресс-конференция чемпионки UFC Валентины Шевченко в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан

UFC чемпиону Валентина Шевченко Бишкекте. Учурда эмне болууда

Жазылуу
Кыргызстандык UFC мушкери Валентина Шевченко жана машыктыруучусу Павел Федотов борбордогу отелдердин биринде маалымат жыйын курууда.

Алар Бишкекке кечээ, 7-апрелде, кечке жуук учуп келишкен. Конокторду президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Алмаз Кененбаев, вице-премьер Алтынай Өмүрбекова, Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин орун басары Канатбек Арпачиев. Ошондой эле федерация өкүлдөрү, спортчулар, күйөрмандар, уюштуруучулар, жакындары жана журналисттер тосуп алышкан.

Ошондой эле бүгүн 16:00дө "Бишкек парк" соода борборунда күйөрмандары менен жолугат. Эртең Ош шаарына да барат.

Шевченко муай-тай боюнча дүйнөнүн 17 жолку чемпиону. Былтыр 8-декабрда UFC 231 турниринин алкагында польшалык Жоанна Енджейчикти утуп, эң жеңил салмактагы чемпион болгон.

Алгач жаңыларыАлгач эскилери
17:36 08.04.2019

Валентина Шевченко Бишкектеги соода борборлорунун биринде күйөрмандары менен болгон жолугуусу аяктады.

17:33 08.04.2019
Встреча Валентины Шевченко с фанатами в торговом центре Бишкекпарк  - Sputnik Кыргызстан
17:32 08.04.2019

Валентина Шевченконунун көңүлүн бурдуруу үчүн күйөрмандар персонаждардын формасын кийип келишкен.

17:25 08.04.2019

Жолугуу учурунда Валентина Шевченкого калпак кийгизишти.

Встреча Валентины Шевченко с фанатами в торговом центре Бишкекпарк  - Sputnik Кыргызстан
17:23 08.04.2019

Соода борборуна чогулган күйөрмандар "Ва-лен-тина" деп кыйкырып, мушкер кызды сүрөөнгө алышты.

Встреча Валентины Шевченко с фанатами в торговом центре Бишкекпарк  - Sputnik Кыргызстан
17:21 08.04.2019

Айрым күйөрмандар англис тилинде да суроо берүүгө үлгүрүштү.

17:20 08.04.2019

Валентина менен Антонина КРдин эмгек сиңирген спортчу наамын алса, Елена Шевченко менен Павел Федотов КР эмгек синирген машыктыруучу наамына татыды. Аларды Олимпиада оюндарынын чемпиону Каныбек Осмоналиев сыйлады.
Шевченко: чемпиондук курумду 10 ирет коргойун деген максатым бар

17:19 08.04.2019

Валентина Шевченко: Спорт менен машыга баштоо эч качан кеч эмес. Ошентсе да канча эрте баштасаң ошончо эрте жыйынтык болот.

17:17 08.04.2019

Айрым күйөрмандар Валентина Шевченко менен чогуу сүрөткө түшүүнү суранып, ал суранычы орундалды.

17:16 08.04.2019

"Курумду колумдун келишинче коргойм. Минимум 10 жолу", - деди ал.

17:13 08.04.2019

Шевченко анын машыгуулары боло турчу беттештерге жана эс алуу учурларына жараша болорун билдирди. Ошентсе да күнүнө 2 сааттан кем эмес машыгарын айтты.

17:10 08.04.2019

Шевченко күйөрмандарынын 10 суроосуна жооп бере турганын алып баруучу айтты.

Валентина Шевченко ошондой эле Жессика Ай менен боло турчу беттешти болушунча узартууга аракет кыларын билдирди.

 

17:09 08.04.2019
Встреча Валентины Шевченко с фанатами в торговом центре Бишкекпарк - Sputnik Кыргызстан
17:06 08.04.2019
17:05 08.04.2019
17:02 08.04.2019

Учурда Валентина Шевченко "Бишкек парк" соода борборунда күйөрмандары менен жолугууда.

16:02 08.04.2019

Валентина Шевченко журналисттер менен күйөрмандарынын суроолоруна жооп берди.

15:47 08.04.2019

Шевченко: Жай айында беттеше турчу Жессика Ай менден алсыз, татыктуу эмес деген пикирлер туура эмес. Ал рейтинг боюнча биринчи турат. Жөн мушкер октагонго чыкпайт.

15:42 08.04.2019

"Маселен, UFCге кол койгон дагы бир кыргызстандык Рафаэль Физиевди алсак болот. Ал Таиланддга үч жыл мурда эле келген, эми тажрыйба топтоп, тил үйрөнүп, бир топ өстү. Эми дүйнөдөгү белгилүү уюмда күч сынашканы турат", - деди ал.

15:36 08.04.2019

Шевченко: кара жоргону ыңгайы келсе үйрөнүп, бийлегим келет. Кооз бий, мен көрүп жүрөм

15:35 08.04.2019
15:31 08.04.2019

Шевченко: Бала кезден беттешерин сүйүп көргөн мушкер Бенни Уркидес болду

"Машыктыруучум Павел Федотов анын мелдештердеги дисктерин алып келип берчу. Ошондой эле Жон Жонс жана Конор Макгрегорго баа берем", - деди ал

15:27 08.04.2019

UFC мушкери Валентина Шевченко орус, англис жана испан тилдеринде эркин сүйлөй турганын айтты.

15:23 08.04.2019

Валентина Шевченко журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, эмне үчүн жеңиштен кийин лезгинка бийлеп калганын айтып берди. 

Ал өз сөзүндө башында тай боксу боюнча мелдештерге чыгып жүргөндө лезгинканын коштоосунда чыгып келгенин, андыктан UFCге өткөндөн кийин бул адат салт болуп калганын билдирди.

15:16 08.04.2019

Валентина Шевченко учурда убактысынын барын машыгууга арнап жаткандыктан клуб ачуу боюнча пландары жок экенин билдирди.

Ал өз сөзүндө арыз биринчи кезекте спорттогу профессионалдык карьера турарын белгиледи.

 

15:12 08.04.2019

"Эми Кыргызстанга качан келеримди билбейм. Бүгүн президентибиз Сооронбай Жээнбеков менен жолуктук. Ал "каалаган учуруңда Кыргызстанга келсең тосуп алабыз деди". Мен жайында келгим келет. Ал жай качан болорун билбейм", - деди Шевченко.

15:08 08.04.2019

"Кыргызстанда жүргөндө дагы машыгууларымды токтотпойм. Анткени эки айдан кийин беттешим бар. Кыргызстанда жүргөндө кайда машыгарым сыр бойдон калсын, бирок сөзсүз түрдө машыгам", - деди ал.

Ал ошондой эле азыр көп жерге барып, көп киши менен жолуккусу келгенин бирок убакыттын тардыгынан убактысынын көбүн үй-бүлөсүнө арноону чечкенин билдирди.

15:03 08.04.2019

UFC мушкери Валентина Шевченко журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Кыргызстанга бир жумага гана келгенин айтты.

Себеби, 20-апрелде Антонина Шевченкон 20-апрелде Санкт-Петербургда UFC Fight Night 149 турниринде беттеше тургандыктан Кыргызстанда аз гана убакыт болорун билдирди.

 

Пресс-конференция чемпионки UFC Валентины Шевченко в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
15:00 08.04.2019

 

Валентина Шевченко Кыргызстан дегенде анын оюнда дайыма эки жер келерин айтты. Алар Ысык-Көл менен "Ош базары".

Ал өз сөзүндө "Ош базары" Кыргызстандын маданий бир баалуулугу болуп калганын, ал жактан каалаган бардык нерсени тапса болорун билдирди.

"Ош базары" бардыгын кызыктырат. Мен ал жакты аралап баскым келет. Ал жактан бардык нерсени табасың", - деди ал.

 

14:54 08.04.2019
Жаңылыктар түрмөгү
0