00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
07:46
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Будь в курсе
Женщины в бизнесе Кыргызстана: равные права или двойные барьеры?
12:08
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Бишкекте тургундарды жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу боюнча кандай иштер жүргүзүлүүдө?
13:04
25 мин
Күн башат
Кызыл-Омполду, Кумтөрдү жана башка кендерди иштетүүдө Кыргызстан эмнеге көңүл бурушу керек?
13:31
24 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда кант диабети “жашарууда”— диабетти алдын алуу иштерине кандай көңүл бурулуп жатат?
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
с Кубатом Рахимовым
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Спорттук экипировкаларды тандоодо эмнеге көңүл буруу кажет?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
20:06
0 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда кант диабети “жашарууда”— диабетти алдын алуу иштерине кандай көңүл бурулуп жатат?
23:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Балдар онкологу Стамбеков: ракка кабылган балдардын көбүнүн ата-энеси мигрант

© Sputnik / Табылды КадырбековДетское отделение Национального центра онкологии и гематологии в Бишкеке
Детское отделение Национального центра онкологии и гематологии в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук онкология жана гематология борборунда балдар онкологу болуп иштеген Султан Стамбеков Sputnik Кыргызстан агенттигине бала эмнеден улам рак илдетине кабыларын, оорунун алдын алуу жолдорун жана анын негизги белгилерин айтып берди.

Дарыгер бул дартка кабылган чоңдорго караганда балдардын сакайып кетүү мүмкүнчүлүгү көбүрөөк дейт. Чүрпөлөрдүн өмүрү үчүн күрөшкөн жайга рак илдети менен кээде бир айлык, он күндүк ымыркайларды алып келишет экен. 

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваСултан Стамбеков: негизи, талап боюнча бир палатада бала жана аны караган адам болуп эки киши эле жатышы керек. Бирок бизде орун аз болгондуктан, бир палатада төрт бала жана аларды караган төрт адам, ошондо сегиз киши бар.
Балдар онкологу Стамбеков: ракка кабылган балдардын көбүнүн ата-энеси мигрант - Sputnik Кыргызстан
Султан Стамбеков: негизи, талап боюнча бир палатада бала жана аны караган адам болуп эки киши эле жатышы керек. Бирок бизде орун аз болгондуктан, бир палатада төрт бала жана аларды караган төрт адам, ошондо сегиз киши бар.

— Жылдан-жылга рак илдетине кабылган адамдардын, анын ичинде балдарын саны көбөйүп жаткандай...

Профессор Эрнст Акрамов - Sputnik Кыргызстан
Уят! Акрамов Кыргызстандын медицинасындагы бетпактыкты ачыктады
— Негизи сан жагынан алганда өсүп жатат. Бирок бул оору көбөйүп жатат дегенди түшүндүрбөйт. Болгону оору аныктала баштады. Анткени мурда ушул эле рак менен ооруган балдар башка диагноз менен каза болуп же үйүнөн чарчап калчу. Айрымдары башка өлкөгө кеткен үчүн билинбей калчу. Маалыматтарга таянсак, бүткүл дүйнөдө рак оорусу бирдей болот. Болгону кээ бир өлкөлөрдө көзөмөлгө алуу жакшы, айрым жерде начар экен. Мисалы, былтыр Тажикстанда 100гө 3,3 пайыз болду. Норма боюнча 100гө 18 болуш керек болчу. Демек, 15 пайызы башка жакта жүрөт же ооруну так аныктай албай жатышат. Алар бизден аз болушу мүмкүн эмес, анткени географиялык абалыбыз окшош.

— Азыркы тапта ооруканада рак оорусу менен канча бала дарыланып жатат?

— Онкология борборунун балдар бөлүмү негизи 35 бейтапка ылайыкташкан. Анын алтоо реанимациялык палата болсо, калганы төрт орундуу жалпы палата. Учурда бөлүм толук. Мындан сырткары, келип-кетип дарылангандар дагы бар. Негизи, талап боюнча бир палатада бала жана аны караган адам болуп эки киши эле жатышы керек. Бирок бизде орун аз болгондуктан, бир палатада төрт бала жана аларды караган төрт адам, ошондо сегиз киши бар. Бул биздин негизги көйгөй десем болот. Анткени балдарга химиотерапия бергенде бирөө чүчкүрсө, экинчисине жугат. Эгер эки киши эле жатса, инфекция дагы көп болмок эмес. Анткени химиотерапия алгандан кийин бейтаптын иммунитети аябай төмөндөп кетет. 

© Sputnik / Табылды КадырбековСултан Стамбеков: аккан оорусунун белгилери: мурун канап, тиштин эти шишийт, баланын дене табы себеби жок 40 градуска чейин көтөрүлүп, моюн, колтукка без чыгат
Балдар онкологу Стамбеков: ракка кабылган балдардын көбүнүн ата-энеси мигрант - Sputnik Кыргызстан
Султан Стамбеков: аккан оорусунун белгилери: мурун канап, тиштин эти шишийт, баланын дене табы себеби жок 40 градуска чейин көтөрүлүп, моюн, колтукка без чыгат

— Жаңы онкология борбору курулуп жатты эле. Ал азыр бүтө элекпи?

— Эки жыл мурун онкология борбору, анын ичинде балдар бөлүмү өзгөчө болуп жасалат деп имарат курула баштаган. Бирок белгилүү бир себептерден улам токтоп калды окшойт. Ошол борбор салынса, бизге да абдан жакшы болот эле. 

— Илдеттин негизги белгилери кандай болот?

— Балдар онкологиясын мен үч негизги түргө бөлөт элем. Биринчиси лейкоз, ак кан оорусу. Анын негизги белгилери: мурун канап, тиштин эти шишийт, баланын дене табы себеби жок 40 градуска чейин көтөрүлүп, моюн, колтукка без чыгат. Экинчиси мээнин рак оорусу. Анда баш ооруп, бала куса берет. Үчүнчүсү, кайсы бир жерде шишиктин пайда болуусу. Мисалы, бутта же бөйрөктө, курсакта дегендей. Бөйрөктө шишик пайда болгонун энеси жуунтуп атканда билсе болот. Бөйрөк туш шишип, бала кан сийип баштайт.

— Кыргызстанда бул үчөөнүн кайсынысы көп?

— Бизде деле дүйнө жүзүндөгүдөй ак кан көп. Экинчи орунда бизде жалпы шишиктер турса, дүйнөдө мээ шишиги экинчи орунда экен. 

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваСултан Стамбеков: Кыргызстан боюнча изилдөө жүргүзгөн жокпуз. Бирок балдар онкологиясына түшкөн чүрпөлөрдүн 60 пайызы түштүк аймактан. Анын ичинен Жалал-Абаддан. Облустун ичинен Аксы, Ноокенден көп келишет.
Балдар онкологу Стамбеков: ракка кабылган балдардын көбүнүн ата-энеси мигрант - Sputnik Кыргызстан
Султан Стамбеков: Кыргызстан боюнча изилдөө жүргүзгөн жокпуз. Бирок балдар онкологиясына түшкөн чүрпөлөрдүн 60 пайызы түштүк аймактан. Анын ичинен Жалал-Абаддан. Облустун ичинен Аксы, Ноокенден көп келишет.

— Бул илдет эмнеден улам келип чыгат?

Детская больница Ла-Маскота в Манагуа - Sputnik Кыргызстан
Дарыга акча таппай акка моюн сунгандар. Ракты жеңүү Кыргызстанда кыйын жана кымбатпы?
— Булардын белгисин азыркы тапта түздөн-түз бир нерсеге байлай албайбыз. Себебин табуу кыйын. Вирус, химиялык заттар, радиация таасирин тийгизиши ыктымал. Кыргызстан боюнча изилдөө жүргүзгөн жокпуз. Бирок балдар онкологиясына түшкөн чүрпөлөрдүн 60 пайызы түштүк аймактан. Анын ичинен Жалал-Абаддан. Облустун ичинен Аксы, Ноокенден көп келишет. Ноокенге жакын Майлы-Сууда кендер иштетилет, радиация чыгат. Бирок бул тастыкталбаган маалымат, жөн гана божомол.

Туура эмес тамактануу да таасирин тийгизиши мүмкүн. Мисалы, химиялык заттар кошулган суусундук, ар кыл таттуулар. Бирок ал баланын өзүнө эмес, апасынын курсагынан таасир бериши мүмкүн. Мисалы, апасы кош бойлуу кезинде зыяндуу суусундукту көп иче берсе, ал энеден балага өтүп клеткалардын мутациясын пайда кылышы толук ыктымал.

— Рак менен ооруган балдардын эң кичинекейи канчада?

— Ар кандай. Мисалы, азыр бизде эки айлык ымыркай жатат. Аны бир айлык кезинде эле алып келишкен. Андан дагы кичинекей, 10 күндүк ымыркай да түшкөн.

— Аларды дарылоо, химиотерапия берүү өтө эле оор болсо керек?

— Оңой эмес, бирок аны жасоого мажбурбуз. Анткени баланын өмүрүн сактап калыш керек. Аны кылбасак, баланы жоготуп коюшубуз мүмкүн. Ата-энесине дагы химиотерапия берилбесе болбой турганын түшүндүрөбүз. Кээ бири туура эмес кабыл алып, министрликке кат жазып, таарынгандар дагы болот. 

© Sputnik / Табылды КадырбековБалдар онкологу: биздин бөлүмүндө бардык нерсени башынан туура кылсаң, чүрпөнү сакайтып алуу мүмкүнчүлүгү аябай жогору. 4-баскыч менен келип толугу менен айыгып кеткендер болот.
Балдар онкологу Стамбеков: ракка кабылган балдардын көбүнүн ата-энеси мигрант - Sputnik Кыргызстан
Балдар онкологу: биздин бөлүмүндө бардык нерсени башынан туура кылсаң, чүрпөнү сакайтып алуу мүмкүнчүлүгү аябай жогору. 4-баскыч менен келип толугу менен айыгып кеткендер болот.

— Балдар менен иштеп баштаганыңызга канча убакыт болду?

— Беш жыл болду. Онкология борборуна негизи 2004-жылы келгем. Башында чоңдор бөлүмүндө иштечүмүн. 2014-жылы реформа болуп, балдардын онкология бөлүмүнө чакыртылдым. Дароо макул болуп, Москвага барып курстардан окуп келип, анан балдарды дарылай баштадым.

— Чоң киши менен баланы дарылоодо айырма барбы?

Өспүрүм. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте ракка чалдыккан бала белектен баш тартып, башкаларга дары сурап жатат
— Айырма чоң. Балдар бөлүмүндө бардык нерсени башынан туура кылсаң, чүрпөнү сакайтып алуу мүмкүнчүлүгү аябай жогору. 4-баскыч менен келип толугу менен айыгып кеткендер болот. Химиотерапияны туура кылып, баарын убагында жасаса жакшы, сөзсүз айыгышат. Ал эми чоңдорго мындай химиотерапия жасалбайт. Себеби аны чоң кишилер көтөрө албайт. Ал эми балдардын каны тез-тез тазаланып, өсүп жаткан организм болгондуктан аларда айыгып кетүү мүмкүнчүлүгү көбүрөөк.

— Көп эле бала айыгып кетеби?

— Толук эсептесек, 60 пайызга чыгабыз. Эгер мээ шишиктерин кошпой турган болсок, анда мындан дагы көп.

Балдар бөлүмүнө жаңы келип иштей баштаганда бир кичинекей баланын өмүрүн сактап калыш үчүн дарысына каражат издеп калдык. Дароо эле Москвада дайыма жардам берип жүргөн Жылдыз Осмонова деген кызыбыз бар болчу, ага чалдым. Ал акча чогултуп салып, баягы дарыбызды алдык. Кийин тиги бала аман-эсен сакайып чыгып кетти. Эки-үч жыл өткөндөн кийин чачы өсүп башкача бала болуп калыптыр, ата-энеси менен келип ыраазычылык айтып кеткенде "бекер иштеген эмес экенмин" деп толкундангам. Бейтапты кичинекей кезинде дарылап айыктырып, кийин алар мектепке барып, башкача болуп келишкенде сүйүнүп калабыз. 

© Фото / предоставлено Султаном СтамбековымСултан Стамбеков: ооруган балдардын көбүн чоң ата, чоң энелери алып келет. Өз ата-энелери Россияда иштеп жүргөн болот.
Балдар онкологу Стамбеков: ракка кабылган балдардын көбүнүн ата-энеси мигрант - Sputnik Кыргызстан
Султан Стамбеков: ооруган балдардын көбүн чоң ата, чоң энелери алып келет. Өз ата-энелери Россияда иштеп жүргөн болот.

— Оор тагдырларды да көп көрсөңүз керек...

— Бизге ар кандай адамдар келет да. Бир жолу улгайып калган киши небересин жетелеп алып келиптир. Текшерип, "лимфома деген ооруга кабылыптыр, дарылаш керек, эртерээк келип жатыңыз" десем жаман көрүп кеткен. Мага нааразы болуп министрликке кат жазыптыр. Бирок кайра эле бизге келип жатты. Анан атадан "эмнеге министрликке кат жаздыңыз?" деп күлүп сурасам, "мээримиң жок экен, неберемдин оорусун бетиме айттың" дейт. Айла жок айтасың да. "Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат" дегендей, аны жашырбай эрте дарылаш керек.

— Сиз айтып жаткан баланын ата-энеси жок бекен?

— Россияда иштешчү экен. Бизде бул боюнча да көйгөй бар. Ооруган балдардын көбүн чоң ата, чоң энелери алып келет. Өз ата-энелери Россияда иштеп жүргөн болот.

— Анан баласын караганы келишеби?

— Көбү келет. Бирок баласынын оорусун угуп үй-бүлөсүн таштап кеткен эркектер дагы болот. Жакында эле бир киши уулунун рак илдетине кабылып калганын угуп, аялы менен баласын таштап Россияга кетип башкага үйлөнүп алыптыр. Бирок ата-эненин баары мындай эмес. Арасында көбү чүрпөсүн аман алып калуу үчүн күрөшөт, болгон күчүн аябайт.

— Жумушуңар оорбу?

— Кичинекейлер менен иштешүү бир четинен оор болсо, бир жагынан жеңил. Бала деген бала экен. Ооруганын беш мүнөттө унутуп калып бири-бири менен ойноп маанайыбызды көтөрөт. Жаңы эле ийне, капельница алганын тез эле унутуп коюшат. Негизи онкология менен ооруган бала акыл жагынан тез чоңоюп, тез жетилет экен. Баарына бат көнүп, түшүнүктүү болот. Андыктан ал жагынан кыйналбайбыз. Оору өтүшүп кетип, каза болуп калган учурлар да болот. Мындай учурда кыйын... 

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваСултан Стамбеков: жакында эле бир киши уулунун рак илдетине кабылып калганын угуп, аялы менен баласын таштап Россияга кетип башкага үйлөнүп алыптыр.
Балдар онкологу Стамбеков: ракка кабылган балдардын көбүнүн ата-энеси мигрант - Sputnik Кыргызстан
Султан Стамбеков: жакында эле бир киши уулунун рак илдетине кабылып калганын угуп, аялы менен баласын таштап Россияга кетип башкага үйлөнүп алыптыр.

— Рак илдетин дарылоо Кыргызстанда кымбат деп айтышат. Бул жаатта балдар онкологиясында абал кандай?

— Чоңдордуку менен салыштырсак, жакшы эле. Дарынын 80 пайызы бар. Аларга акчаны мамлекет бөлөт, кээ бирин фонддор сатып берет. Азырынча колубуздан келбеген деле нерселер бар. Мисалы, сөөк чучугун көчүрүү операциясын азырынча жасай албайбыз. Бирок жаңы борбор салынып калса, ал операция деле эки-үч жылдын ичинде өзүбүздө жасала баштайт деген үмүт бар.

— Рактан алыс болуш үчүн ата-эне эмнелерди билиши керек?

Швейный цех, где трудятся женщины, страдающие онкологическими заболеваниями - Sputnik Кыргызстан
Оорумду укса апамдын көзү көрбөй калат. Ракка чалдыккан беш аялдын тагдыры
— Баланы жакшы карашы керек. Кантип? Ымыркайларды ай сайын, чоңураактарын эки-үч айда бир дарыгерге көрсөтүп, анализ тапшырып турганы жакшы. Кокус ден соолугунан кичинекей эле өзгөрүүлөрдү байкап калса, сөзсүз ооруканага барыш керек. Жөн гана дарыгерге барып кетүүдөн ата-эне эч нерсе жоготпойт. Анткени ооруну канчалык эрте аныктаса, ошончо аны айыктыруу мүмкүнчүлүгү көп болот. Ошондой эле химиялык бир нерсе кошулган тамак-ашты аз жеп, табигый азык-түлүккө басым жасаган жакшы.

Жаңылыктар түрмөгү
0