Абакта бала өлтүргөн аялдарга мамиле башкача... Зумрад Жанабаеванын маеги

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкс-начальник ДПС ГУВД Бишкека Зумрад Джанабаева
Экс-начальник ДПС ГУВД Бишкека Зумрад Джанабаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Балдарды өлтүрүүдөн өткөн коркунучтуу көрүнүш жоктур. Абакта андай кылмышка баргандарга өтө өзгөчө мамиле кылышат", — дейт Зумрад Жанабаева. Бул айым өмүр бою күч органдарында эмгектенип келди.

Зумрад Жанабаева — Кыргызстандын тарыхында борбор калаанын Жол-кайгуул кызматын жетектеген жападан жалгыз айым. Качандыр бир кезде ал аялдар абагында иштеп, кийин кылмышкерлерди колго түшүрүп жүрдү, ал тургай, барымтадагыларды куткаруу операциясына да катышкан.

Төрт жыл мурун Зумрад айымдын иш бөлмөсүнө 12 чакты киши топурап кирип келген. Бир аялды камакка алыш үчүн! Тергөө абагына бараткан жолдо конвоирлер өз милдетин гана аткарып жатышканын айтып актанышкан... Зумрад Жанабаева маекти чанда гана берет, бирок бул ирет баарын төкпөй-чачпай айтып берүүгө макул болду.

— Өмүр жолуңуз абдан кызыктуу экен. Чоң атаңыз менен чоң апаңыз эл артисттери болушуптур. Чыгармачыл адамдардын небереси аялдар абагында кандайча иштеп калды?

— Балалыгым Дзержинкада (азыркы Эркиндик гүлбагы) өттү, ал жерде кыргыздын бүт каймактары: Айтматов, Бейшеналиева, Кулатов жашаган. Мен ошолордун арасында чоңойдум, анан да алардын деңгээлине жете албасымды да түшүндүм. Өз жолумду табууга тийиш элем. Акыркы экзаменди тапшырып, филологдун дипломун колго алганымда ата-энеме билдирбестен, аялдар абагына ишке орноштум. 

© пресс-служба ДПС ГУВД БишкекаЗумрад Жанабаева Кыргызстандын тарыхында борбор калаанын Жол кайгуул кызматын жетектеген жападан жалгыз аял киши
Абакта бала өлтүргөн аялдарга мамиле башкача... Зумрад Жанабаеванын маеги - Sputnik Кыргызстан
Зумрад Жанабаева Кыргызстандын тарыхында борбор калаанын Жол кайгуул кызматын жетектеген жападан жалгыз аял киши

— Абакта таң калтырган нерсе эмне болду?

— Алгачкы жыл мага тозоктой эле сезилди, себеби адамдар кабылган азапка кайра-кайра күбө болосуң.

Мүсүралиева Күлипа Сулаймановна деген абдан акылман устатым бар эле. Ал дароо: "Көз жашыңды да, таарынычыңды да эч качан көрсөтпө. Бир нерсе болдубу? Короого чык да ыйлап ал. Бирок абакта көздөрүңдүн шишигенин эч ким көрбөсүн", — деген.

Ошентип бир жыл бою ыйлап чыктым, бирок кетип калган жокмун. Иштеп кете аларымды далилдешим керек болчу. Аялдар абагында беш жыл эмгектендим.

— Жашоодо нелер гана болбойт. Ал жакка кокустан кабылган аялдар кандай абалда болушат?

— Алар башка айыпкерлерден өздөрүн оолак кармашат. Мисалы, каражатты коромжу кылып алып абакка түшкөн кассир же бухгалтерлер төртүнчү отрядга түшөт. Ал аялдар кадыресе турмуш эмне экенин, азатта жолдошу, балдары күтүп турганын билишет. Баңгизат колдонгон, киши өлтүргөн, талоончу аялдар менен көп сүйлөшпөйт. Абактын да өз иерархиясы бар, алардын орду эң бийик.

— Жаман окуяга кабылбаш үчүн аялдар абагында эмнеге таптакыр аралашпоо керек?

— Кандайдыр бир жоруктун эле эмес, өзгөчө тилдин азабы жаман.

— Башкача айтканда, сөгүнбөй же ороңдобой?..

— Кеп анда эмес. Кээде адамдын мында айтканы тигил жакта башкача жаңырган учурлар болот. Кимдир бирөө бөлөкчө жеткирет, анан "предъявалар" (абактын өз мыйзамдарына жатпаган кылык-жоругу же сөзү үчүн камактагылар ортосундагы дооматтар — ред.) башталат, түрмөдөгүлөр ушинтип атап коюшат. Мындайда доомат даректелген айыпкер чындап кимге эмне айтканын түшүндүрөт.

— Эркектер түрмөсүндө педофилдерге өтө терс мамиле жасалары, ал эми аялдар абагында балдарды өлтүргөндөр жаман кабылданары белгилүү. Абакта алар кандай жүрүшөт?

Президент Сооронбай Жээнбеков принял министра Кашкара Джунушалиева - Sputnik Кыргызстан
Беш эсе! Кашкар Жунушалиев президентке кылмыштар эмнеге көбөйүп кеткенин айтты
— Башка айыпкерлер андай кылмыш менен түшкөндөрдү жок санашат. Бала өлтүргөндөр менен эч ким сүйлөшпөйт, тамагынан бөлүшпөйт, эч ким жардам бербейт. Алардын керебеттери да эң суук жерде жайгашат. Алар элден чыгып калат.

Ар бир айыпкер аял андай кылмышынын азабын ар башкача тартат. Бир айыпкер өгөй баласын шкафка бекитип салган экен. Бала ачкалыктын айынан чарчайт, ошол аял өзүн таптакыр эч нерсе болбогондой алып жүрчү.

Дагы бир аял эсимде. Анын жолдошу башка кызга кетип калат, ызасына чыдабай балдарын сууга чөктүрүп салыптыр. Билишимче, улуусу төрт, кенжеси эки жашта болсо керек эле. Кандай жаман ишке барганын өзү дароо аңдабаса керек. Өз энеси келгенде да ал көрүшүүгө чыкпай койгон, жасаган кылыгынан уялып апасынын көзүнө карай албайм десе керек. Кийинчерээк ал ойго келгис мыкаачылык менен өз жанын кыюуга аракет кылды. Ар жолкусунда аны сактап калууга жетишип калышчу. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЗумрад Жанабаева: 90-жылдары айыпкерге ыкчам кызматкер туура эмес мамиле кылып койсо, бүтүндөй абак түп көтөрүлчү. Азыр андайды уга элекмин.
Абакта бала өлтүргөн аялдарга мамиле башкача... Зумрад Жанабаеванын маеги - Sputnik Кыргызстан
Зумрад Жанабаева: 90-жылдары айыпкерге ыкчам кызматкер туура эмес мамиле кылып койсо, бүтүндөй абак түп көтөрүлчү. Азыр андайды уга элекмин.

— Азыр абакта мурдагыга караганда шарттар жеңилирээк дешет.

— Ооба, азыр айыпкерлер өздөрү бири-бирине жумшак мамиле жасап калышты. Доор алмашты. Мен 90-жылдары иштегем да, анда колонияларда фабрика, заводдор бар эле. Абактагылар мамлекет алдындагы милдетин аткарышчу. Азыр андай тутум жок.

Бирок укук коргоочулар көп, алардын пикиринде, жазаны жумшартып, шарттарды жеңилдетүү керек... Балким, сынга кабылармын, бирок бир собол салгым келет: баласын өлтүрүп кеткен энелердин көз жашын көрдүңөр беле? Алардын азасынын четин гана элестете аласыздарбы? Абакта оор экенин түшүнөм, бирок ал аялдарды киши өлтүрүүгө же уурулук кылууга эч ким зордогон жок да!

Мурдагы принциптер эбак жок болгон. Мисалы, 90-жылдары айыпкерге ыкчам кызматкер туура эмес мамиле кылып койсо, бүтүндөй абак түп көтөрүлчү. Азыр андайды уга элекмин.

— Колониядан кеткенден кийин Балыкчы шаардык милициясында иштепсиз. Ошол тажрыйбаңыздан да кеп салсаңыз.

— Ооба, жолдошум Балыкчыга которулду, мен да анын артынан бардым. Бирге иштешкен жамаатым абдан сонун болчу! 1996-жыл, документтердин баары кыргызчага которула баштаган, өздөштүрүп кетүү мен үчүн абдан кыйынга турган. Балдар мага рапорт же тыштагы операцияны кантип кыргызча каттоону эринбей отуруп үйрөтүшчү.

Милиция унаасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Бишкекти кайрадан Кайгуул милициясы тескейт. Кызматкерлер тандалып алынат
Ал убакта эки балалуу болуп калгам, ошол куракта кылмышкерлердин артынан кубалайм деп түк ойлобоптурмун. Бир жолу аябай кызык окуя болду.

Ал күнү жумушка тим эле жасанып алып, саргылт түстөгү такалуу өтүк кийип келгем. Түн ортосунда ун комбинаттан түстүү металлдар уурдалып жатканы тууралуу кабар түшөт. Кылмыш болгон жерге эч бир каалгасы жабылбаган эски кызыл "Жигули" менен жетип бардык, ал биздин бир кызматкердики эле...

Араба сүйрөгөн үч күрсүйгөн кишини көрдүк. Биз да үч кызматкер, ар бир милиционерге бирден кылмышкер тийди. Мага бөлүнгөн кишинин үстүңкү кийиминен кармап калдым эле, ал бурулуп мени өзөртө бир коюп, буту үзүлгөнчө зуулдай качты. Эми мен аны кандай кылсам да кармашым керек эле.

Анда Балыкчынын көп көчөлөрүнө асфальт төшөлө элек убак. Караңгыда анын артынан ушундай кууп баратам десеңиз, өтүгүмдүн такалары ыргып-ыргып кетти. Тигил киши дубалдан ашып түшөм деп өзү жаман ката кетирди. Куруна чап жармаштым эле, элестетсеңиздер, шымын ич кийими менен кошо шыпырып албадымбы! Кылмышкер жерге чалкасынан кулап түштү, ал эми мен аны кармаштын амалында төшүнө отурдум. Алыша баштадык, ал мени эми эркектердей көрүп эле уруп-согуп жатты! Капыстан арт жактан: "Чоң кыз, жардам керекпи сизге?" – деген үн чыгат. Көрсө, "Кумтөрдүн" кызматкерлери жолдон өтүп бараткан экен. Эми алардын кебетелерин бир көрсөңүз, түн ичинде жарым жылаңач эркек жерде, үстүндө кийимдери жыртылган аял аны сабап жатса...

Эртеси эртең менен кармалган кишини көрүп, муштумум оңой эмес тура деп койдум! Кебетесин айда келиштирипмин. РИИБ башчысы анын жанына келип: "Сени ким мынча токмоктоду?"- деп сураса, тигил "айтпайм" деп тырышты. Жетекчибиз аны жемеге алды, тигил дале унчукпайт. Анан акыры мага карай ээгин кага: "Могу кыз", – деди. Аял кишиден токмок жегенинен намыстанды көрүнөт! 

© Sputnik / Табылды КадырбековЖанабаева: Мени камакка алууга 12 киши келди. Бир аялды кармоого! Ошол нерселердин баары мага карата жасалып жатканына ишене албадым. Мыйзам бузган эмесмин, пара алган жокмун. Хан сарайым же жолтандабастарым болбосо...
Абакта бала өлтүргөн аялдарга мамиле башкача... Зумрад Жанабаеванын маеги - Sputnik Кыргызстан
Жанабаева: Мени камакка алууга 12 киши келди. Бир аялды кармоого! Ошол нерселердин баары мага карата жасалып жатканына ишене албадым. Мыйзам бузган эмесмин, пара алган жокмун. Хан сарайым же жолтандабастарым болбосо...

— Өзгөчө учур экен! Барымтага алынгандарды куткарыпсыз, ошондон кеп салсаңыз.

— 12 жыл мурунку окуя. Министрдин орун басары чакыртып, Астанадан 6 жана 4 жаштагы балдар уурдалганын айтты. Алар үчүн 50бү же 100 миң долларбы, айтор, ата-энесинен акча талап кылышат. Ыкчам маалыматтарга ылайык, Бишкектеги үйлөрдүн биринде кармап турушуптур.

Балдар Чыгыш-5 кичирайонундагы бир тамда деген шек бар экен. Эмне кылсак да, балдар үйдөбү же жокпу, так билишибиз керек болчу. Анан биз бир окуяны ойдон чыгардык, мен балдардын таежеси катары алардын тирүү экендигин ырасташым керек деп бармак болдум.

Бир жаман жери, казакча билбейм. Бирок абысыным мектепте мугалим, казак тилин жакшы билчү. Аны сыр алдырбай үйүнөн алып чыктым, жолду катар коркунучтуу иш эмеспи деп кайра-кайра сурап коет. Анан айла жок, ачыгын айттым, кандай болору чындап белгисиз да. "Макул эми, балдар үчүн да..." – деп улутунат Мира.

Шектүү үйдүн көчөсүндө майда балдар ойноп жүрөт, бирок жоголгон балдар көрүнбөйт. Жепирейген тамдын түз эле короосуна бет алдык, жолубузду бир жаш жигит торой калды. Балдар тирүү экенин көрүп, акчанын жарымын бергени келдик деп аны ынандыруунун аргасын издедик. Даректи кантип таап келгенибизге таң калып эле арсар боло берди.

Политолог Токтогул Какчекеев - Sputnik Кыргызстан
Радио
Милициянын ардагери: Рыспек Акматбаевди унутпаган романтиктер көп
Абысыным казакча тили тишине тийбей сүйлөп жатып, тиги кылмышкердин башын айландырды. Акыры ал: "Балдар бул үйдө жок. Каякта экенин көрсөтөйүн, жүргүлө" – деди. Мен машина айдап баратам, кылмышкер артка отурду, Мира жанымда, тиги жигит өзү ошондой талап кылды бизден. Биз абдан алсыз абалдабыз, өзү автонун эшигин жарым-жартылай ачып баратат. Бир нерсе болсо, качып түшөм дегени окшойт.

Шаарды бир сааттай кыдырдык. Жолду катар биздин жүргүнчү телефон аркылуу бирөө менен урушуп баратты. Бир убакта Мира экөөбүз бир тиктешип, жигиттин кыймылдашына түрткү бербесек болбой калды дедик да, анын алдында артист болдук! Балдарды гана көрсөт, башка эч нерсенин кереги жок деп ыйлап кирдик! Акыры ал чыдабай кетти өңдөнөт: "Мени кайдан алып кетсеңер, ошол жерге жеткирип койгула. Мен силерге өзүм чалам", – деди.

Аны жеткирдик. Албетте, үйдүн айланасы бүт байкоого алынган. Мира экөөбүз кетерибиз менен башка жерге жашыргысы келгенби, же жаман ниеттенгенби, айтор, тиги жигит үйдөн балдарды чыгарат... Ошентип ал колго түшкөн.

Көрсө, ал Астанада заңгыраган тамдарды курчу экен. Буюртмачылардын арасында бардар үй-бүлө болот. Алардын эки уулун уурдап, кагаз кутулар менен тосуп, КамАЗга салып чек арадан өткөрөт. Ага бир тууганы көмөктөшөт, ошентип экөө тең камалып кетти.

Милициянын бөлүмүнө балдардын ата-энеси келди. Эки баланын энесин эстегенде азыркыга чейин жүрөгүм сыздайт... Билесиздерби, ал менин аягыма жыгылды! Кандай санаа тартканын бир Кудай билет, себеби көп учурда уурдалган балдар аман табылчу эмес. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЗумрад Жанабаева: Сот алигече уланып келет, өз атымды актоого алпурушуп келе жатканыма төрт жылдын жүзү болду.
Абакта бала өлтүргөн аялдарга мамиле башкача... Зумрад Жанабаеванын маеги - Sputnik Кыргызстан
Зумрад Жанабаева: Сот алигече уланып келет, өз атымды актоого алпурушуп келе жатканыма төрт жылдын жүзү болду.

— Сиз Бишкек шаардык Жол-кайгуул кызматын төрт жыл башкардыңыз, кийин бир кызматкерди иштен кетиргениңиз үчүн сизди кармашкан. Айтсаңыз, ошондо эмне болду эле?

— Жол кырсыгы болду, эки машина тең жөн гана чийилген экен. Унаалардын биринде, баса белгилейин, рулда эмес, унаанын салонунда биздин кызматкер отуруптур. Ошол окуядан улам аны өтүп кеткен күн менен иштен кетиришкен имиш. Ошол маалда мен эмгек өргүүсүндө элем, арызында орун басарымдын колу коюлган.

Бирок ага айып такпастан, кызматтан кыянаттык менен пайдаланган деп мени күнөөлөштү. Ал тургай, рапортту каттап, жетекчиге жеткирип эле берген кадрлар бөлүмүндөгү кызматкерди да камакка алышты. Элестетиңиздер, болбогон эле бир нерсе үчүн төрт кичинекей баланын байкуш энесин тергөө абагында кармап турушту!

Политолог Токтогул Какчекеев - Sputnik Кыргызстан
Радио
Милициянын ардагери: Рыспек Акматбаевди унутпаган романтиктер көп
Мени камакка алууга 12 киши келди. Бир аялды кармоого! Ошол нерселердин баары мага карата жасалып жатканына ишене албадым. Мыйзам бузган эмесмин, пара алган жокмун. Хан сарайым же жолтандабастарым болбосо...

Коштоп барган конвоирдеги балдар да жол бою: "Эже, биз өзүбүз муну каалаган жокпуз, буйрукту гана аткарып жатабыз", – деп жооткотуп баратышты. Ал тургай, ортодон мага суу сатып берели деп машинаны токтотушту. Бирок менин көңүлүм жай болчу, ыйлабадым, ызы-чуу салганым жок, мени колдоп чыгышарына ишенгем. Ошондой эле болду.

Биринчилерден болуп мени Милиционер айымдардын биримдиги коргоп чыкты. Депутаттар, баарынан да азыркы вице-премьер Алтынай Өмүрбекова чуу көтөрдү. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев колдоду. Бул иш боюнча кармалган кызматкерлерим да мага каршы көрсөтмө беришкен жок. Бул адамдар болбогондо көргүлүктү көрмөкпүз!

— Эмнеге андай жагымсыз окуяга кабылдыңыз? Кызматкерди иштен кетирүү камакка алууга чындап эле себеп эмес экени айдан ачык.

— Балким, ачык айтууга убакыт келгендир... Кадыресе кызматкерлерден жогоркуларга жеткирилген акча агымына бөгөт койдум. Ошол убакта Ички иликтөө кызматын жетектеп турган Скандарбек Көчөрбаев мындай адамдын кереги жок дейт. Аларга кол бала керек болгон го.

Экөөбүздүн ортобузда жаңжал тутанды. Ага каршы күрөшүү татаал болду, себеби анын таасирдүү туугандары бар эле.

Мына ошентип мага каршы ушул кылмыш иши "токулду". Сот алигече уланып келет, өз атымды актоого алпурушуп келе жатканыма төрт жылдын жүзү болду. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЖанабаева: Сот иши уланып келе жаткан ушул төрт жыл аралыгында башка бир жерге орношуп да көрдүм. Жакшы маянасы бар фирмага чакырышты, бир аз иштеген соң мага туура келбестигин түшүндүм. Бир тууган милициям өзүмө, көңүлүмө төп. Кайтар белең дейсизби? Азыр бул менин эркимде эмес.
Абакта бала өлтүргөн аялдарга мамиле башкача... Зумрад Жанабаеванын маеги - Sputnik Кыргызстан
Жанабаева: Сот иши уланып келе жаткан ушул төрт жыл аралыгында башка бир жерге орношуп да көрдүм. Жакшы маянасы бар фирмага чакырышты, бир аз иштеген соң мага туура келбестигин түшүндүм. Бир тууган милициям өзүмө, көңүлүмө төп. Кайтар белең дейсизби? Азыр бул менин эркимде эмес.

— Соңку кезде күч органдарынын кызматкерлери чыр окуялардын чордонунда калчу болду. Мисалы, милиционердин катыштыгы бар жол кырсыгында бир аял жан берди, дагы бир милиция кызматкери зордуктоо боюнча шектелүүдө. Жакында эле ППС кызматкери баланы сүзүп алды…

— Өтө кейиштүү окуялар, бирок бул иштеги балдарымды коргоо иретинде булардын баары бирин-экин учур экенин айткым келет! Кой аксагы менен миң экен, баарын ошол окуялар үчүн айыптай берүүгө болбойт. Эми анте бербеш керек го!

Балдардын басымдуу бөлүгү күнү-түнү эмгектенет. Өмүрүн тобокелге салып, киши өлтүрүп, уурулук кылгандарды кармайт. Балким, андан көрө органга кызматка алууда сынакты катаалыраак кылган оңдур. Арак ичкендерди эч ойлонбостон иштен кетириш керек. Абакта иштегенимден кийин баңги жана аракечтердин оңолуп кетерине дегеле ишенбейм. Не десеңер, ошо дегиле! Канчасын көрдүм мен.

Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жунушалиев былтыр жазаланган ИИМ кызматкерлеринин санын айтты
Социалдык медиада жазылган пикирлерди окуп калам. Милициянын аброюн мынчалык төмөн түшүрүүгө болбойт да! Аларга канат байлагылачы, ишин кандай аткарарын көрөсүңөр! Бул тутумда 30 жыл иштедим, эмне деп жатканымды так билем.

9 жыл мурунку революция маалында эмне болгонун эстегиле. Ал кезде ИИМдин кезмет бөлүмүн жетектечүмүн, бардык маалыматтар мага түшүп турган. Ошол түнү милиция да, элдик кошуунчулар да жок эле. Шаар ичинде адамдардын сөөгү жатты, үрөй учурган көрүнүш болгон.

— Милицияга кайтуу оюңузда барбы?

— Сот иши уланып келе жаткан ушул төрт жыл аралыгында башка бир жерге орношуп да көрдүм. Жакшы маянасы бар фирмага чакырышты, бир аз иштеген соң мага туура келбестигин түшүндүм. Бир тууган милициям өзүмө, көңүлүмө төп. Кайтар белең дейсизби? Азыр бул менин эркимде эмес.

Руслан Умаров менен болгон маекке да сөзсүз бир көз жүгүртүңүз, окурман. Ал дагы Зумрад айым сымал күч органдарында иштеп, бирок ыкка көнбөс көктүгүнүн азабын тарткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0