Опера жана балет театрында өткөн Dota-2 оюну. Тараптардын пикири

© Sputnik / Нурис АлымбаевУлуттук опера жана балет театрында Dota-2 компьютердик оюнунун турнири
Улуттук опера жана балет театрында Dota-2 компьютердик оюнунун турнири - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Театр жетекчиси кибертурнир интеллектуалдык иш-чара экенин билдирди.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Социалдык тармактын колдонуучулары Улуттук опера жана балет театрында Dota-2 компьютердик оюнунун турнири өткөрүлгөнүн сынга алышууда. 

Иш-чаранын уюштуруучусу Sky Mobile (Beeline соода маркасы) компаниясы Beeline Cyber League турниринин финалы бүгүн, 19-январда, өткөнүн маалымдап, 20 катышуучудан түзүлгөн төрт команда жарышканын билдирди. 

© Sputnik / Нурис АлымбаевСоциалдык тармактын колдонуучулары Улуттук опера жана балет театрында Dota-2 компьютердик оюнунун турнири өткөрүлгөнүн сынга алышууда
Социалдык тармактын колдонуучулары Улуттук опера жана балет театрында Dota-2 компьютердик оюнунун турнири өткөрүлгөнүн сынга алышууда - Sputnik Кыргызстан
1/3
Социалдык тармактын колдонуучулары Улуттук опера жана балет театрында Dota-2 компьютердик оюнунун турнири өткөрүлгөнүн сынга алышууда
© Sputnik / Нурис АлымбаевИш-чаранын уюштуруучусу Sky Mobile (Beeline соода маркасы) компаниясы Beeline Cyber League турниринин финалы бүгүн, 19-январда өткөнүн маалымдап, 20 катышуучудан түзүлгөн төрт команда жарышканын билдирди
Иш-чаранын уюштуруучусу Sky Mobile (Beeline соода маркасы) компаниясы Beeline Cyber League турниринин финалы бүгүн, 19-январда өткөнүн маалымдап, 20 катышуучудан түзүлгөн төрт команда жарышканын билдирди - Sputnik Кыргызстан
2/3
Иш-чаранын уюштуруучусу Sky Mobile (Beeline соода маркасы) компаниясы Beeline Cyber League турниринин финалы бүгүн, 19-январда өткөнүн маалымдап, 20 катышуучудан түзүлгөн төрт команда жарышканын билдирди
© Sputnik / Нурис АлымбаевАбдылас Малдыбаев атындагы театрдын башкы директору Болотбек Осмонов залды ижарага берүүдө эч кандай мыйзам бузулбаганын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Абдылас Малдыбаев атындагы театрдын башкы директору Болотбек Осмонов залды ижарага берүүдө эч кандай мыйзам бузулбаганын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Абдылас Малдыбаев атындагы театрдын башкы директору Болотбек Осмонов залды ижарага берүүдө эч кандай мыйзам бузулбаганын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
1/3
Социалдык тармактын колдонуучулары Улуттук опера жана балет театрында Dota-2 компьютердик оюнунун турнири өткөрүлгөнүн сынга алышууда
2/3
Иш-чаранын уюштуруучусу Sky Mobile (Beeline соода маркасы) компаниясы Beeline Cyber League турниринин финалы бүгүн, 19-январда өткөнүн маалымдап, 20 катышуучудан түзүлгөн төрт команда жарышканын билдирди
3/3
Абдылас Малдыбаев атындагы театрдын башкы директору Болотбек Осмонов залды ижарага берүүдө эч кандай мыйзам бузулбаганын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Бардыгы мыйзам чегинде

Абдылас Малдыбаев атындагы театрдын башкы директору Болотбек Осмонов залды ижарага берүүдө эч кандай мыйзам бузулбаганын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"Биз мыйзамды бузган жокпуз. Ошондуктан келишим түздүк. Акчасын төлөп беришти. Саат 11:00дөн 19:00гө чейин ижарага алышкан. Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жатыптыр. Бул жөнөкөй оюн эмес, интеллектуалдык оюндардын катарына кирет экен", — деди ал.

Ал ошондой эле оюн өнүккөн мамлекеттерде кеңири жайылганын жана Европада чоң-чоң белгилүү залдарда өтөрүн кошумчалады.

Dota ойной турчу жер эмес 

Государственный музей литературы и искусства им. Токтогула Сатылганова - Sputnik Кыргызстан
Кыргыздын залкарлары "жашаган" адабият жана искусство музейи
Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов иштин чоо-жайы териштириле турганын жана мындан ары мындай иш-чараларды маданий жайларда өткөрүүгө тыюу салынарын билдирди.

"Жаралган жагдайды териштирем. Dota канчалык маанилүү же керектүү экенине көңүл бурбайм. Жеке пикиримде, маданий жайларда маданияттуу иш-чаралар өтүшү керек. Мындай көрүнүштөргө эми тыюу салам”, — деди министр. 

Ал эми театр жетекчисине чара көрүлөр-көрүлбөсү окуянын чоо-жайы териштирилгенден кийин чечилерин кошумчалады. 

Эмнеге театр тандалган? 

Sky Mobile компаниясынын бренд-менеджери Бакыт Айтбаев иш-чараны өткөрүү үчүн эмнеге Опера жана балет театры тандалганын айтып берди. 

“Турнирди өткөрүү үчүн атайын жайларды издеп жатканда басымды театрга жасаган эмеспиз. Бизге башкысы канча эл чогулта аларыбыз жана көрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт түзүү болду. Натыйжада театрга токтолдук”, — деди ал. 

Айтбаев кибертурнирди спорт ордосунда өткөрүү мүмкүнчүлүгү болгонун, бирок зал толбой калмактыгын белгиледи. Ал ошондой эле киберспортту маданияттын бир бөлүгү катары эсептебегендик жаңылыштык ой экенин кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0