Жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровГосударственный природный парк Ала-Арча
Государственный природный парк Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республика боюнча күн ачык болот.

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. 28-декабрь, жума күнү, өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Парусники на озере Иссык-Куль. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Парламентте Ысык-Көл визасын киргизүү сунушталды
Абанын температурасы Чүй облусунда +5…+10 градус, Таласта +4…+9, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +5…+10 градус жылуу болсо, Ысык-Көл өрөөнүндө —2…+3 градуска чейин жылып, Нарын жергесинде —10…-15 градуска чейин суук болору айтылды.

Ал эми Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, Ошто +6…+8, борбор калаа Бишкекте +6…+8 градус жылуу болушу болжолдонду.

Жаңылыктар түрмөгү
0