БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. 28-декабрь, жума күнү, өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй облусунда +5…+10 градус, Таласта +4…+9, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +5…+10 градус жылуу болсо, Ысык-Көл өрөөнүндө —2…+3 градуска чейин жылып, Нарын жергесинде —10…-15 градуска чейин суук болору айтылды.
Ал эми Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, Ошто +6…+8, борбор калаа Бишкекте +6…+8 градус жылуу болушу болжолдонду.