Депутат, мэр, миллиардер... Борбор Азия ажолорунун уул-кыздары эмне иш кылат

Жазылуу
Саясаттын негизги элементтеринин бири — өлкө башчылардын балдары экенин жакшы билебиз.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Өз башыбыздан өткөн мисалга токтолсок, мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттигин башкарып турганда таасири өкмөт башчыныкынан дагы күчтүүрөөк болуп кеткенин адистер айтып эле жүрүшөт.

Мындан улам карапайым калк эл башында тургандардын уул-кыздары эмне иш кылып, кандай күн көрүп жатканына тыкыр көз салып турат.

Бүгүн Sputnik Кыргызстан Борбор Азия лидерлеринин балдары кандай иштер менен алек экенине кызыгып көрдү.

Кыргызстан

© Фото / из личного архива Атабека АбжалиеваКР президенти Сооронбай Жээнбековдун кыз-күйөөсү Бактыгүл менен Атабек
Дочь президента КР Соронбая Жээнбекова Бактыгуль с мужем Атабеком - Sputnik Кыргызстан
КР президенти Сооронбай Жээнбековдун кыз-күйөөсү Бактыгүл менен Атабек
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бир уул, бир кыздын атасы. Уулу — мектеп окуучусу. Кызы Бактыгүл эл алдына көп чыкпайт. Кыргыз-орус славян уиверситетинин студенти. 2016-жылы Жогорку Кеңештин азыркы депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу Атабекке турмушка чыккан. Учурда бир уулдун энеси.

Назарбаевдин кыздары

Казак лидери Нурсултан Назарбаевдин үч кызы тең элге таанымал. Тун кызы Дарига Назарбаева өлкөнүн саясий жашоосуна автивдүү аралашып келет. Жашыраак кезинде кайрымдуулук фондун, бир нече ЖМКларды жетектеп келсе, 2015-жылы өкмөт башчынын орун басары болуп дайындалган. Учурда казак парламентинин депутаты. 55 жашта, үч баланын энеси. Саясий илимдердин доктору, тарых жана экономика илимдеринин кандидаты. 

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүКазак лидеринин үй-бүлөсү
Нурсултан Назарбаев с семьей - Sputnik Кыргызстан
Казак лидеринин үй-бүлөсү

Ал эми экинчи кызы Динара Кулибаева саясаттан алыс. Белгилүү казак ишкери Тимур Кулибаевге турмушка чыккан Динара айымды Forbes журналы 2017-жылы Казакстандагы эң бай аял деп тапкан. Казакстан Элдик банкынын акционери деп эсептелген Кулибаеванын байлыгы 3,2 миллиард доллар деп бааланган. Учурда 51 жашта, бир уул, эки кыздын апасы. 

© Sputnik / Анатолий УстиненкоНурсултан Назарбаевдин тун кызы Дарига Назарбаева
Председатель комитета по международным отношениям, обороне и безопасности сената РК Дарига Назарбаева - Sputnik Кыргызстан
Нурсултан Назарбаевдин тун кызы Дарига Назарбаева

Боордош элдин кичүү канбийкеси Алияны кыргыз эли жакшы тааныйт. Анткени ал 18 жашында Кыргызстандын тунгуч президентине келин болуп, бирок Айдар Акаев экөөнүн үй-бүлөлүк турмушу көпкө созулган эмес. Кийин Алия Назарбаева өзүн бизнестен тапты. Учурда анын фитнес-клубдар түйүнү, "Элитстрой" аттуу курулуш компаниясы жана Alsara зер буюмдар ишканасы бар. 38 жаштагы Назарбаева төрт баланы тарбиялап келет.

Мирзиёевдин эл көзүнөн оолак балдары

© AP Photo / Anvar Ilyasov / PoolӨзбек президенти Шавкат Мирзиёев үй-бүлөсү менен
Президент Узбекистана Шавкат Мирзиёев со своей семьей в Ташкенте - Sputnik Кыргызстан
Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев үй-бүлөсү менен
Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев менен жубайы Зироатхон айымдын эки кыз, бир уулу бар. Алар тууралуу маалыматтар ЖМК беттеринде абдан аз. Мисалы, эки кызы тең турмушта экени белгилүү. Мындан тышкары, кичүүсү Шахноза өлкөнүн Мектепке чейинки билим берүү министрлигиндеги бөлүмдөрдүн биринин жетекчисинин орун басары экени айтылган. 32 жаштагы Мирзиёева аталган кызматка 2017-жылдын ноябрь айында дайындалыптыр. Президенттин үй-бүлөсү тартылган расмий видеолордон уулу Алишер мектеп курагында экенин байкоого болот.

Бердымухамедовдун уулу президенттикке мураскерби?

Гурбангулы Бердымухамедовдун Түркмөнстанды башкарып келе жатканына 12 жылдын жүзү болду. Ал үч кыз менен бир уулду тарбиялады. 

© AFP / Igor SASINТүркмөнстан башчысы Гурбангулы Бердымухамедов президенттик шайлоодо
Выборы президента Туркмении - Sputnik Кыргызстан
Түркмөнстан башчысы Гурбангулы Бердымухамедов президенттик шайлоодо

37 жаштагы уулу Сердар 2003-2008-жылдары Тамак-аш өндүрүшү ассоциациясынын башкы адиси болуп эмгектенген. Андан соң айыл чарба министринин орун басары, парламент депутаты болгон. Ушул жылдын башында тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды. Төрт баланын атасы. Жергиликтүү серепчилер аны атасына мураскер катары даярдап жатышканын божомолдоп келишет. 

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүГурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердар Бердымухамедов
IX Международный экономический саммит Россия — Исламский мир: KazanSummit2017. День второй - Sputnik Кыргызстан
Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердар Бердымухамедов

Кыздары тууралуу кенен маалымат жок. Бир нече жыл мурда тун кызы Гүлжахон жолдошу Иласгельды Аманов менен Лондон шаарында жашары айтылган. Президентин күйөө баласы Түркмөнстандагы Көмүр-суутек ресурстарын колдонуу боюнча мамлекеттик агенттиктин Улуу Британиядагы өкүлү болчу. Кичүү кызы жолдошу менен Парижде жашары айтылат. Үчүнчү кызы тууралуу ЖМКлар жазбайт.

Рахмондун уулу менен кызы

Эмомали Рахмондун Тажикстанды башкарып келе жатканына 24 жыл болду. Азыр аны өз эли бир гана президент дебестен, "тынчтыкты орнотуучу жана улуттук биримдиктин лидери" деп аташат. Рахмон биздин чөлкөмдө гана эмес, дүйнө жүзү боюнча көп балалуу президенттердин бири. Анын тогуз баласы бар. Ичинен экөө кызмат жагынан баш айланткан ийгиликке жетишкен.

Экинчи кызы 40 жаштагы Озода Рахмон президенттик аппараттын жетекчиси. Мурда Тажикстандын АКШдагы элчилигинде иштеген. Андан соң ТИМдин консулдук бөлүмүн жетектеп, 2009-жылы тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалган. Жолдошу Жамолиддин Нуралиев Тажикстандын Улуттук банкынын жетекчисинин биринчи орун басары. Жубайлардын беш баласы бар. 

© Фото / Пресс служба президента РТЭмомали Рахмондун кызы Озода Рахмон президенттик аппараттын жетекчиси
Старшая дочь президента Таджикистана Озода Рахмон - Sputnik Кыргызстан
Эмомали Рахмондун кызы Озода Рахмон президенттик аппараттын жетекчиси

Улуу баласы Рустам Эмомали 30 жашта, мамлекеттик кызматка 2006-жылы кадам таштаган. Бир катар ведомстволордо иштеп, 2013-жылы мамлекеттик бажы кызматынын жетекчиси болгон. Эки жылдан кийин Финансылык көзөмөл жана коррупцияга каршы күрөшүү агенттигине башчы болуп дайындалган. 2017-жылдын 4-апрелинде Душанбе шаарынын мэри болуп шайланган. Сентябрь айында атасынын колунан II даражадагы "Алтын таажы" төш белгиси менен сыйланган. Эки баланын атасы. 

© Фото / пресс-служба Президента Республики ТаджикистанУулу Рустам Эмомали Душанбе шаарынын мэри
Президента Таджикистана Эмомали Рахмон со старшим сыном Рустамом Эмомали  - Sputnik Кыргызстан
Уулу Рустам Эмомали Душанбе шаарынын мэри

Үчүнчү кызы Рухшона Рахмон тажик ТИМинин башкармалыктарынын биринин жетекчисинин орун басары экени айтылып жүрөт.

Ал эми алтынчы кызы Заррина саясаттан алыс. Тажикстандагы мамлекеттик каналдардын биринде диктор болуп жүрүп, Байланыш кызматынын жетекчиси Бег Зухуровдун уулу Сиевушка турмушка чыккан.

Кичүү уулу Сомондун 2012-жылы Румынияда өткөн эл аралык олимпиадада маалыматтык технологиялар боюнча алтын медаль алганы белгилүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0